Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-августу № 26/6
Осоавиахим айылындага “Асфальт жолдун жээги” көчөгө Сыдыков Асанбек Сапарбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Осоавиахим айылындагы асфальт жолдун жээгинде эл отурукташып, жаңы түшүп жаткан көчөгө Сыдыков Асанбек Сапарбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү көчө тургундарынын жалпы чогулушунун 2019-жылдын 2-августундагы №3 протоколу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II- бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осоавиахим айылынын тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, “Асфальт жолдун жээги” жаңы көчөгө Сапарбек уулу Асанбектин ысымы ыйгарылып, “Сапарбек уулу Асанбек” атындагы көчө деп аталсын.
Төрага |
Т. Токтомушов
|