Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5 –августу № 26/7
Ара-Көл айылындага “Күйгөн-Суу” участкасына Карагулов Токтомуштун
ысымын ыйгаруу жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл айылындагы “Күйгөн -Суу” участкасына эл отурукташып жаңы түшүп жаткан көчөгө Согуштун катышуучусу Карагулов Токтомуштун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү көчө тургундарынын жалпы чогулушунун 2019-жылдын 1-августундагы№1 протоколу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II- бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ара-Көл айылынын тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, “Күйгөн-Суу” участкасындагы жаңы көчөгө согуштун катышуучусу Карагулов Токтомуштун ысымы ыйгарылып, “Карагулов Токтомуш” атындагы көчө деп аталсын.
Төрага |
Т. Токтомушов
|