Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 398-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 23-августу № 381-б
"Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары менен тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети конкурсту өткөрүүнүн датасын аныктасын жана "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүлөөрү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-мартындагы № 78-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык конкурстук комиссия белгиленген тартипте "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
"Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары, тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун КРИТЕРИЙЛЕРИ
1. Конкурсту өткөрүүнүн негизи жана максаттары
1. Мамлекеттик маанидеги объект болуп эсептелген "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенинин жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болуу конкурсун өткөрүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун талаптарына ылайык иштелип чыккан "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарына жана тартибине (мындан ары - Шарттар) ылайык өткөрүлөт.
2. "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенинин жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болуу конкурсу "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин иштетүү жана жылуулук электр станциясын куруу боюнча комплекстүү долбоорду (мындан ары - Комплекстүү долбоор) жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасына кыйла пайдалуу шарттарды сунуштаган жеңүүчүнү аныктоо максатында өткөрүлөт.
3. Конкурска "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын жеңүүчү төмөнкү тик бурчтуу координаталар системасындагы бурчтук чекиттер менен лицензиялык шарттарды аткарган учурда көмүрдүн запасы түгөнгөнчө узартуу мүмкүнчүлүгү менен 20 жылга пайдалануу укугуна ээ болуу коюлат.
Чекиттердин № | X | У | Чекиттердин № | X | У |
1 | 12558369 | 4424239 | 5 | 12558469 | 4421454 |
2 | 12561543 | 4424494 | 6 | 12558469 | 4422104 |
3 | 12562049 | 4422517 | 7 | 12558462 | 4423639 |
4 | 12559924 | 4421453 |
|
|
|
Азыркы учурда "Сүлүктү-талаа 11" конкурстук объектинин чегинде аз өлчөмдө көмүр казуу "Сүлүктү шахта курулуш" ачык акционердик коому (мындан ары - "Сүлүктү шахта курулуш" ААК) тарабынан жүргүзүлүп жатат.
Конкурстук объектиден 2010-жылдын 7-декабрында "Сүлүктү шахта курулуш" ААКга иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна СЕ № 2881 лицензия боюнча төмөнкү бурчтук чекиттердин координаталары менен берилген 18 га өлчөмүндөгү лицензиялык аянт алып салынат.
Чекиттердин № | X | У | Чекиттердин № | X | У |
1 | 12558570 | 4421680 | 3 | 12559425 | 4421635 |
2 | 12559375 | 4421875 | 4 | 12558670 | 4421485 |
Конкурстук объектинин аянты "Сүлүктү шахта курулуш" ААКнын лицензиялык аянтын эсептебегенде 876 га түзөт.
2. "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кени тууралуу жалпы маалыматтар
4. "Сүлүктү-талаа 11" кени Түштүк Фергана күрөң көмүр бассейнинин батыш бөлүгүндө, Түркстан тоо кыркасынын тоо этектериндеги Карасуу-Лейлек дарыяларынын аралыгында жайгашкан. Көмүр кенинин узундугу Бели-Сынык тоо кыркасынын түштүк бетин бойлой 30 км түзөт. Административдик жактан көмүр кени Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында жайгашкан.
Сүлүктү күрөң көмүр кени 100 жылдан ашуун мезгилден бери иштетилип келатат. Батыш бөлүгү дээрлик иштетилип бүткөн. Ал № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8 жана 9-шахта талааларын камтыйт. Азыркы учурда көмүр кени № 11 жана № 12 шахта талаалары (көмүр кенинин борбордук бөлүгү) жана Көкүнсай (көмүр кенинин чыгыш бөлүгү) жана Түндүк участоктору менен көрсөтүлгөн.
Көмүр кенинин бети адырлуу жана абсолюттук ченемдери 1175 метрден 1813 метрге чейинки тайыз сайлар менен бөлүнгөн.
Район экономикалык жактан өздөштүрүлгөн. Көмүр кенинин аянтында Сүлүктү шаары жана бир катар айылдык калктуу конуштар жайгашкан. Көмүр кенинин түштүк-чыгышында 18 км аралыкта райондук маанидеги Исфана шаары орун алган.
Кенде Юр доорундагы кум-алевролитий-сланец катмары көмүрлүү болуп саналат. Региондук планы боюнча көмүр кенинин структурасы көмүр кенинин батыш бөлүгүндөгү антиклиналдык жогорулоодон улам татаалдашкан грабен-синклиналдан турат.
Синклиналдын түштүк канаты жантайма (10-15º), түндүгү-басымдуу бөлүгү кайкы, түндүккө карай 70-90º жантаят. Көмүр кени көп катмардуу, бирок иштетүү катмары болуп көмүр кенинин жалпы аянтында орун алган "F" катмары гана саналат. Катмар жөнөкөй түзүлүштө, анын калыңдыгы 1,85ден 12,4 метрге чейин. Тектик катмарчалар сейрек жана алардын калыңдыгы негизинен 5-10 см түзөт. Көмүр кенинин көмүрү күрөң, 3Б топто, витриниттик.
"Сүлүктү-талаа 11" көмүрлөрүнүн сапаттык мүнөздөмөсү:
Шахта талаасы, жер аянтты | Аналитикалык ным, % | Иш чөйрөсүндөгү ным, % | Күлү, % | Учма заттардын чыгышы, % | Күкүрттүн курамы, % | Күйүүнүн салыштырмалуу жылуулугу |
Талаа № 11 | 10,21 | 21,2 | 12,21 | 29,51 | 0,83 | 7239 |
Аналитикалык нымдын курамы 6%-15%дын чегинде өзгөрөт, кыйла мүнөздүү мааниси 8%-12%. Катмарлар боюнча нымдын орточо курамы 9,2%-11%. Кенден алынган сынамыктардын иш чөйрөсүндөгү нымдын курамы 19,4%-24,2%, орточо 21,2%.
"F" катмарынын көмүрүнүн нымдуу күлсүз абалдагы күйүү жылуулугу 20,1 МЖж/кгдан 22,4 МДж/кгга чейин болот жана бул көрсөткүчтөргө ылайык көмүр күрөң көмүргө кирет.
Көмүр кениндеги 30 метр тереңдикке чейинки бургулоо жана жер астындагы кен өткөөлдөрүн казуу иштеринин маалыматтары боюнча кычкылданган көмүрлөрдүн зонасы аныкталган. Бул зонада көмүрлөр учма заттардын чыгышынын (38%дан 53,8%га чейин), аналитикалык нымдын жогору көрсөткүчтөрүнө жана күйүү жылуулугунун төмөнкү (5097 ккал/кг 5713 ккал/кг чейин) көрсөткүчтөрүнө ээ.
Көмүрлөрдүн күлү орточо эрийт жана курамындагы зыяндуу кошундулар боюнча (MgO, SO3) портландцементти өндүрүүдө кошумча зат катары колдонууга-жарабайт.
"Сүлүктү-талаа 11" конкурстук объект боюнча күрөң көмүрдүн баланстык калдык запастары "Сүлүктү шахта курулуш" ААКнын көмүрдүн баланстык запастарын (Пайдалуу казындылардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиянын 2011-жылдагы № 503 протоколуна жана бекитүү датасына карата техникалык долбоорго ылайык А+В+С1 категориялары боюнча = 748,8 миң тонна) эске албаганда 81951,2 миң тоннаны түзөт.
3. Конкурстун катышуучуларына коюлган негизги талаптар
5. Конкурска төмөнкүлөр катыша алышат:
- Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар;
- чет өлкөдө катталган юридикалык жактар (мындан ары - чет өлкөлүк юридикалык жактар);
- жеке жактар - Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар.
6. Бул Шарттардын 5-пунктунда көрсөтүлгөн жактар конкурска катышууга уруксат алуу үчүн төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
- кендерди иштетүү жана/же жылуулук электр станцияларын (мындан ары - ЖЭС) куруу жаатында эки жылдан кем эмес тажрыйбага ээ болуу (жер алдындагы ыкма менен көмүр кендерин иштетүүдөгү иш тажрыйбасына артыкчылык берилет);
- көмүрдү казууда заманбап технологияларды колдонуу тажрыйбасына ээ болуу (Заманбап технологияларды колдонуу деп көмүр кендерин жер алдындагы ыкма менен иштетүүдө механикалаштырылган, бургулоо-жардыруу же гидравликалык ыкма менен көмүрдү казып алуу саналат);
- "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин иштетүү үчүн жеке каражаттары же/жана кошумча каржылоону тартуу мүмкүндүгү болуусу зарыл.
Көрсөтүлгөн жактар өздөрүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасы катышкан өнөр жай жана экологиялык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди сакташы керек.
Жер казынасын пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузган, ошондой эле салыктык төлөмдөрдү же камсыздандыруучу төлөмдөрдү төлөөдөн качкан, экологиялык жана техникалык коопсуздук эрежелеринин ченемдеринин талаптарын аткарбаган юридикалык жана жеке жактарга конкурска катышууга уруксат берилбейт.
7. Конкурстун катышуучулары "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун алууга керектүү кызматчылардын квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кошумча маалыматты жана документтерди конкурстук комиссиянын кароосуна берүүгө укуктуу.
4. Комплекстүү долбоорду жүзөгө ашыруунун негизги шарттары
8. Комплекстүү долбоорду жүзөгө ашыруунун негизги шарттары болуп конкурстун жеңүүчүсү болуп табылган жана "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу жана 200 МВт кубаттуулуктагы ЖЭСти куруу укугуна лицензияны алган тараптын төмөнкү милдеттерди аткаруусу саналат:
1) конкурска катышуу үчүн тиешелүү өтүнмөдө көрсөтүлгөн конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыны төлөө, 564400000 (беш жүз алтымыш төрт миллион төрт жүз миң) сомдон кем эмес (мындан ары - конкурстук объекттин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акы);
2) лицензияны алган күндөн тартып бир жылдан ашпай техникалык-экономикалык негиздемелерди (мындан ары - ТЭН), айлана-чөйрөгө таасирдин баасын (мындан ары - АЧТБ), техникалык долбоорду жана Комплекстүү долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча жумуштардын программасын даярдоо жана аларды Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети (мындан ары - Комитет), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (Токой агенттиги) менен макулдашуу. Комплекстүү долбоор боюнча техникалык долбоорду, ТЭНди, анын ичинде АЧТБны Комитет жана Токой агенттиги менен макулдашуу мөөнөтүн бузган учурда конкурстун жеңүүчүсү макулдашуунун мөөнөтүн бузган ар бир толук ай үчүн 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттүү (70% - республикалык бюджетке, 15% - Баткен облусун өнүктүрүү фондуна жана 15% - Лейлек районун өнүктүрүү фондуна).
3) өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, ошондой эле "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү, камсыздандыруу жөнүндө", "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо;
4) ТЭН, АЧТБ жана ЖЭСтин техникалык долбоору Комитет жана Токой агенттиги менен макулдашылган күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен ЖЭСти курууну баштоо. Курулушту баштоо мөөнөтү бузулган учурда конкурстун жеңүүчүсү "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген форс-мажордук шарттардан башка учурларда, макулдашуу мөөнөтү бузулган ар бир толук ай үчүн 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө штраф төлөөгө милдеттүү (70% - республикалык бюджетке, 15% - Баткен облусун өнүктүрүү фондуна жана 15% - Лейлек районун өнүктүрүү фондуна);
5) Конкурстун жеңүүчүсү билдирген мөөнөттө ЖЭСти эксплуатацияга берүүнү камсыздоо. Эксплуатацияга берүүгө билдирилген мөөнөттү бузган учурда конкурстун жеңүүчүсү "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген форс-мажордук шарттардан башка учурларда, эксплуатацияга берүү мөөнөтү бузулган ар бир толук ай үчүн 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө штраф төлөөгө милдеттүү (70% - республикалык бюджетке, 15% - Баткен облусун өнүктүрүү фондуна жана 15% - Лейлек районун өнүктүрүү фондуна).
6) Комплекстүү долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча жумуштардын программасына ылайык артыкчылыктуу түрдө тике инвестициялардын салынышын камсыздоо;
7) Комплекстүү долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча жумуштардын программасына жергиликтүү коомчулукту социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жыл сайын 30000000 (отуз миллион) сомдон кем эмес суммада инвестиция салуу жөнүндө шартты киргизүү.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун тиешелүү административдик-аймактык бирдигинин аткаруучу органы менен түзүлгөн жана ушул административдик-аймактык бирдикти социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын негизинде иштелип чыккан Макулдашуунун техникалык долбоорун (социалдык пакетти) түзүү стадиясында Комитетке көрсөтүү;
8) өндүрүштүк комплексти куруу учурунда жана аны эксплуатацияга берүүгө чейин подряддык жана субподряддык уюмдарды эске алганда лицензиаттын кызматкерлеринин жалпы санында 30%дан ашпаган чет өлкөлүк жана 70% ата мекендик адистерди, ал эми өндүрүштүк комплексти ишке киргизгенден кийин 10%дан ашпаган чет өлкөлүк жана 90%ы ата мекендик адистерди ишке тартуу;
9) лицензиаттын ишин камсыздоо үчүн зарыл болгон жана Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөндөн, аткарылбагандан жана көрсөтүлбөгөндөн, ошондой эле башка өлкөлөрдүкүнө караганда кымбатыраак тургандардан башка бардык товарларды (товардык-материалдык баалуулуктар, айыл чарба продукциясы), жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алуу. Мында бирдей эле шарттарда Баткен облусунун аймагында өндүрүлгөн товарларды, иштерди, тейлөөлөрдү артыкчылыктуу тартипте сатып алуу;
10) өндүрүштүк комплексти, ошондой эле инфраструктуралык объектилерди техникалык долбоордо көрсөтүлгөн мөөнөттө куруу жана берүү;
11) жерлерди рекультивациялоо боюнча жумуштарды жүргүзүү.
9. Жер казыналарын пайдалануу укугуна ээ болуу шарттары, жогоруда баяндалган негизги шарттар менен кошо, конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензияга лицензиялык макулдашууда бекемделет. Жогоруда аталган жер казыналарын пайдалануу шарттарын аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык административдик, жазыктык жана башка жоопкерчилик чараларын колдонууга негиз болот.
10. Конкурска катышууга өтүнмө берүүсү менен конкурстун катышуучусу жогоруда саналган жер казынасын пайдалануунун негизги шарттарын тааныйт жана алардын конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензиялык макулдашууга киргизилишине макул болот.
5. Конкурска катышуу үчүн акынын, кепилдик төгүмдүн, баалардын жана башка төлөмдөрдүн өлчөмдөрү, аларды төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү
11. Геологиялык маалымат үчүн акы:
1) Комитет ар бир өтүнмө берүүчүгө билүүнүн пайдаланылуучулук деңгээлинде каралган тартипте геологиялык маалыматты берет.
Конкурска катышуу үчүн өтүнмө берүүчүлөр андай геологиялык маалыматты 750850 (жети жүз элүү миң сегиз жүз элүү) сом өлчөмүндөгү акы төлөп алууга милдеттүү;
2) геологиялык маалымат үчүн акы конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыркы баага кошулат жана документтерди кароонун жыйынтыгына жана/же конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыгына карабастан кайра кайтарылбайт.
3) конкурстун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин ага баасы 2040460 (эки миллион кырк миң төрт жүз алтымыш) сомду түзгөн геологиялык маалыматтын толук пакети берилет (билүүнүн пайдалануучулук деңгээлинде каралган геологиялык маалыматтын баасын кошо эсептөө менен). Геологиялык маалыматтын толук пакетинин баасы конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болуунун акыркы баасына кошулат;
4) бул төлөм Комитеттин атайын эсебине түшөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 токтому менен бекитилген Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык пайдаланылат.
Геологиялык маалымат өтүнмө берүүчүгө анын баасын толук төлөгөндөн кийин берилет.
12. Конкурска катышуунун акысы.
1) Конкурстун катышуучулары конкурска катышуу үчүн Комитеттин алыш-бериш эсебине 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө акы төлөөгө милдеттүү. Конкурска катышуунун акысы конкурстук объекттин жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болуунун акыркы баасына кошулбайт жана документтерди кароонун жыйынтыгына жана/же конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыгына карабастан кайра кайтарылбайт.
13. Катышуучунун кепилдик төгүмү.
Конкурстун катышуучулары объекттин минималдуу баасынын 10%ын кепилдик төгүм катары төлөөгө милдеттүү, ал 56440000 (элүү алты миллион төрт жүз кырк миң) сомду түзөт.
Конкурстун жеңүүчүсү бул Шарттардын 14-пунктунда каралган Конкурстук объекттин жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болуунун баасын кийин төлөгөн учурда кепилдик төгүм конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугунун баасына кириштелет.
Эгерде конкурстун жеңүүчүсү лицензиялык макулдашууга кол коюудан баш тартса, бул Шарттардын 14-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыны мөөнөтүндө төлөбөсө же толук төлөбөсө кепилдик төгүм конкурстун жеңүүчүсүнө кайтарылбайт жана республикалык бюджетке которулат.
Эгерде конкурска катышкан тарап жеңүүчү болбой калса кепилдик төгүм ага кайра берилет.
14. Конкурстун объектиси болгон жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акы.
1) Конкурстун объектиси болгон жер казынасын колдонуу укугуна баа 564400000 (беш жүз алтымыш төрт миллион төрт жүз миң) сомду түзгөн минималдык чектен төмөн болбошу керек. Баага бонустун суммасын (жер казынасын колдонуу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын толук пакети үчүн бааны да камтыйт. Жыйынтык сумма бонусту жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын толук пакети үчүн бааны чыгарып салгандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык бөлүштүрүлөт. Конкурстун объектиси болгон жер казынасын пайдалануу укугуна баа бир жолу төлөнүүчү жана кайтарылбаган төлөм болуп эсептелет;
2) конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо боюнча конкурстук комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Комитеттин расмий веб-сайттарында жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) жумушчу күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсү конкурстун объектиси болгон жер казынасын пайдалануу укугу үчүн өзү сунуштаган бааны төлөөгө милдеттүү.
15. Төлөө үчүн реквизиттер.
1) Геологиялык маалымат үчүн акы, конкурска катышуу үчүн акы, кепилдик салым, ошондой эле конкурстун объектиси болгон жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа тиешелүү арналышын көрсөтүү менен Комитеттин төмөндөгү алыш-бериш эсебине төлөнүүгө тийиш:
Алуучу: Бишкек шаары Октябрь райондук РОК
Банк: "РСК-Банк" ААКнын Октябрь райондук филиалы
БИК 129053
Алыш-бериш эсеби: 1290534132810077
Алыш-бериш эсеби: 4402032100002327
Төлөөнүн багыты: [Комитеттин алыш-бериш эсебине, геологиялык кыскача маалымат топтому үчүн акы]/[Комитеттин алыш-бериш эсебине конкурска катышуу үчүн акы]/Комитеттин алыш-бериш эсебине конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик салымы]/[Комитеттин алыш-бериш эсебине жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акы (конкурстун объектиси болгон жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа)].
16. Конкурстун жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензиялык төлөмдөрдү, салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү, чегерүүлөрдү жана акыларды төлөөгө милдеттүү.
6. Конкурстун этаптары жана конкурстун катышуучулары тапшыруучу документтер
17. Конкурс эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта документтер кабыл алынат жана текшерилет. Экинчи этапта программалар, сунуштар, уюмдун экономикалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү жана комиссия аныктоочу башка шарттар каралат.
18. Конкурстун биринчи этабы.
Биринчи этапта конкурстун катышуучулары конкурс тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндөн тартып 45 (кырк беш) календардык күндөн кечикпей Комитетке: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, № 210 кабинет дареги боюнча конкурска катышуу жөнүндө билдирмени эки нускада, колмо-кол тапшырышат. Билдирмени почта аркылуу жиберүүгө болбойт. Документтердин көчүрмөлөрү тапшырылганда документтердин оригиналы көрсөтүлөт. Документтерди ишеним кат боюнча тапшырууга уруксат берилет.
Билдирме Комитет аныктаган формага ылайык берилет. Анда арыз берүүчү жөнүндө, пайдалана турган жер казынасынын орду жана түрү тууралуу маалыматтар камтылышы керек. Билдирмеге төмөндөгү документтер кошо тиркелет:
- уюштуруу документтеринин жана юридикалык жактын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
- жарандын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- уюмдун аткаруу органын дайындоо жөнүндө документтин көчүрмөсү;
- эгерде ишкер өзүнүн өкүлү аркылуу аракет кылса, анда өкүлдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген ишеним каты;
- кепилдик салым жана геологиялык маалыматтын пакетин сатып алганы үчүн акы төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер;
- салык кызматынан бюджетке салыктык карызы жоктугун тастыктаган маалымкат;
- чет өлкөлүк юридикалык жак үчүн - мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмө же анын өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык учурда иштеп жаткан юридикалык жак экенин күбөлөндүргөн башка документ;
- жеке жак үчүн - паспорттун көчүрмөсү жана жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк;
- чет өлкөлүк жеке жак үчүн - паспорттун көчүрмөсү жана анын мамлекеттик же расмий тилде нотариуста күбөлөндүрүлгөн котормосу;
- түпкү ээлери жана/же конкурстун катышуучуларынын бенефицарийлери болгон жактарды ачыктаган маалымат.
Чет өлкөлүк юридикалык жак (уюм) тапшыруучу уюштуруу жана башка документтерине апостиль коюлуп жана нотариуста күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен берилүүгө тийиш.
19. Конкурстун катышуучусу конкурстун катышуучусунун толук аталышы жана дареги, конкурстун биринчи этабынын алкагында катышуу жөнүндө көрсөтмөнү, тапшырылган документтердин толук тизмесин бир конвертте берүүгө тийиш. Тапшырылган документтер көктөлүп, бөлгүчтөр менен бөлүнүп, конверттеги бардык барактарга номер коюлууга тийиш. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилде тапшырылат. Эгерде документтер чет тилде тапшырылса, анда алардын нотариуста күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормолору кошо тиркелиши керек.
Конкурстук комиссия мамлекеттик же расмий тилде берилген документтерди карайт.
Конкурстун катышуучулары тарабынан документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү документтерди тапшыруу мөөнөтү аяктагандан кийин кабыл алынбайт. Конкурстун катышуучулары тапшырган документтерге редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга эки жумушчу күн калганга чейин конкурстук комиссиянын төрагасынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен киргизилиши мүмкүн. Тапшырылган документтер кайра кайтарылбайт жана Комитетте сакталат.
20. Документтер салынган конверттерди ачуу конкурстук комиссия тарабынан документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктаган күндүн эртеси жүргүзүлөт жана конкурстун катышуучуларынын аталыштары жана даректери, алар тапшырган документтердин барактарынын саны көрсөтүлгөн протокол түзүлөт.
Конкурстук комиссия конверттер ачылган күндөн тартып 5 (беш) жумушчу күндүн аралыгында тапшырылган документтерди карап жана катышуучуларды конкурстун экинчи этабына өткөрүү же баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат. Конкурстун катышуучуларынын экинчи этапка тапшырган документтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана ушул Шарттарда аныкталган талаптарга туура келген шартта өткөрүлөт.
Эгерде тапшырылуучу документтердин тизмеси, түрү жана формасы боюнча маселелер пайда болсо конкурстук комиссия протокол түрүндө чыгарылуучу кошумча түшүндүрмө берүүгө укуктуу.
21. Конкурстук комиссиянын катышуучуларды экинчи этапка өткөрүү же баш тартуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Комитеттин расмий веб-сайттарында, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Конкурстук комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана конкурстук комиссиянын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн колу коюлат.
Экинчи этапка катышууга уруксат берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот:
1) билдирменин мазмуну өткөрүлүп жаткан конкурстун шарттарына туура келбесе (жер казынасынын башка объекти жана конкурс өткөрүүнүн башка убактысы көрсөтүлгөн);
2) билдирме берүүчү тизмедеги тиешелүү документтерди толук тапшырбаса же берилген документтер ушул Шарттарда аныкталган талаптарга туура келбесе;
Конкурстун экинчи этабына өткөн же өтпөй калган билдирме берүүчүлөргө конкурстук комиссиянын катчысы тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде маалымат берилет.
22. Конкурстун экинчи этабы.
Экинчи этапка өткөн конкурстун катышуучулары конкурстук комиссия аныктаган мөөнөттө конвертке чапталган түрдө Комитетке төмөндөгү дарек боюнча: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, № 210 кабинетке төмөндөгү документтерди тапшырышат:
- Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу боюнча иштердин программасы, капиталдык салымдар, эксплуатациялык чыгымдар жана рентабелдүүлүк боюнча ирилештирилген техникалык-экономикалык эсептөөлөр менен;
- Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу үчүн финансылык мүмкүнчүлүктүн тастыктамасы;
- кен иштетүү жана/же ТЭС куруу жаатындагы эки жылдан кем эмес иш тажрыйбаны тастыктаган документ;
- "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны алгандан кийинки көмүр казуучу ишкананы жана ТЭСти ишке киргизүү мөөнөтү тууралуу сунуш;
- конкурстун объектисинде көмүр казуунун заманбап технологияларын колдонуу жөнүндө сунуштар;
- өндүрүштүк жана экологиялык коопсуздукту сактоо, жер казынасын коруу жана пайдалуу казындыларды сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо боюнча иш-чаралардын комплексин колдонуу жөнүндө сунуш;
- бузулган жерлерди рекультивациялоо тууралуу сунуштар;
- иштегендердин жалпы санынын ичинен ишке тартылган жергиликтүү адистер менен жумушчулардын сандык катышы жөнүндө сунуш (конкурска чет өлкөлүк юридикалык же физикалык жактар катышкан шартта);
- социалдык пакет боюнча сунуш;
- конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн ушул Шарттардын 14-пунктунун 1-пунктчасында белгиленген минимум чектен аз эмес сунушталган акы.
23. Конкурстун экинчи этабына өткөн катышуучу конкурстун катышуучусунун толук аталышы жана дареги, документтер конкурстун экинчи этабына катышуунун алкагында берилип жаткан, тапшырылган документтердин толук тизмеси көрсөтүлгөн документтерди бир конвертте берүүгө тийиш. Тапшырылган документтер көктөлүп, бөлгүчтөр менен бөлүнүп, конверттеги бардык барактарга номер коюлууга тийиш. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилде тапшырылат. Эгерде документтер чет тилдерде тапшырылса, анда анын нотариуста күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу кошо тиркелүүгө тийиш. Конкурстун катышуучулары тарабынан документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү документтерди тапшыруу мөөнөтү аяктагандан кийин кабыл алынбайт.
Конкурстун катышуучуларына тапшырган документтерине редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга эки жумушчу күн калганга чейин конкурстук комиссиянын төрагасынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен уруксат берилет. Тапшырылган документтер кайра кайтарылбайт жана Комитетте сакталат.
24. Документтер салынган конверттерди ачуу конкурстук комиссия тарабынан документтерди кабыл алуу үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндүн эртеси жүргүзүлөт жана конкурстун катышуучуларынын аталыштары жана даректери, тапшырылган документтердин барактарынын саны жана конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунушталган баалар көрсөтүлгөн протокол түзүлөт. Конкурстун катышуучулары конверттерди ачууга катышууга укуктуу.
25. Конкурстук комиссиянын конверттерди ачуу тууралуу протоколу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Комитеттин расмий веб-сайттарында жарыяланат.
7. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоонун критерийлери
26. Конкурстук комиссия конверттер ачылган күндөн тартып 5 (беш) иш күндүн аралыгында конкурстун катышуучуларынын сунуштарын карап чыгат, конкурстун экинчи этабын өткөрүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколду тариздейт жана ал протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү тууралуу чечим чыгарат. Конкурстун катышуучулары тапшырган документтерди кароодо конкурстук комиссия ал документтердин алкагында кошумча түшүндүрмө бериши үчүн конкурстун катышуучусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырууга укуктуу.
27. Конкурстун жеңүүчүсү берилген документтерди жана маалыматтарды баалоо жолу менен аныкталат. Документтерди баалоо конкурстук комиссия тарабынан төмөндөгү критерийлер боюнча баллдык система аркылуу жүргүзүлөт:
№ | Критерийдин аталышы | Балл |
1 | "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин иштетүү боюнча сунушталган программалардын сапаты, анын ичинде көмүр казуучу ишкананы ишке киргизүү жана ЖЭС куруу, алардын ушул Шарттардын 6-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга туура келүүсү боюнча | 5 баллга чейин |
2 | ЖЭСте заманбап технологияларды колдонуу боюнча сунуштар: - негизги жабдууларда; - көмөкчү технологиялык системалардын схемасында | 5 баллга чейин |
3 | Экологиялык коопсуздукту камсыздоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштар | 5 баллга чейин |
4 | Комплекстүү долбоордун финансылык натыйжалуулугу: - инвестиция тартуунун баасы (пайыздык чени жана төлөө мөөнөтү); - каржылоонун булактары; - Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүрдүн кенин комплекстүү иштетүү жана ЖЭС куруу боюнча финансылык-экономикалык моделдердин варианттары | 7 баллга чейин |
5 | Жергиликтүү коомчулукту жана аймакты өнүктүрүү программасын, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестиция салуунун программасын, жумуштардын регионунда жашаган калк үчүн жумушчу орундарды уюштурууну, кенди иштетүүдө жана ЖЭС курууда жергиликтүү эмгек ресурстарын максимум пайдаланууну, тургундарды кенди өздөштүрүүгө жана ЖЭС курууга байланышкан жумуштарга тартуу үчүн кесиптик даярдоону уюштурууну, Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына байланышкан башка маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү камтыган сунушталган социалдык пакеттин сапаты | 10 баллга чейин |
6 | Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн эң төмөнкү бааны жогорулатуу | Конкурстун объектисин пайдалануу укугу үчүн эң төмөнкү баадан ашкан ар бир 13600000 (он үч миллион алты жүз миң) сом үчүн 1 балл берилет, бирок 10 баллдан ашпайт |
7 | Көмүр казуучу ишкана, ЖЭС, ошондой эле башка инфраструктуралык объекттерди куруу жана ишке киргизүү убактысы (мөөнөттөр боюнча) | 18 айга чейин -10 балл; 3 жылга чейин -5 балл; 5 жылга чейин - 1 балл |
8 | Бузулган жерлерди рекультивациялоо тууралуу сунуштар | 5 баллга чейин |
9 | Юридикалык жактын - болочок лицензиаттын уставдык капиталына катышуу үлүшүн Кыргыз Республикасына акысыз берүү | Ар бир 5 пайыз үчүн - 1 балл |
Эскертүү. Конкурска 100% мамлекеттик менчиктеги юридикалык жак катышкан учурда 8-критерий боюнча балл чет өлкөлүк инвестор менен биргелешип иштөө жөнүндө макулдашууга ылайык аныкталат.
28. Конкурстук комиссия ар бир катышуучуга ар бир критерий боюнча алган баллын көрсөтүү менен жалпы баллы эсептелген протокол түзөт.
29. Конкурстук комиссиянын чечими комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, добуш берүү ачык жүргүзүлөт. Добуштар тең болуп калган учурда конкурстук комиссиянын жыйынына төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет. Мында комиссиянын чечимине макул болбогон конкурстук комиссиянын мүчөлөрү протоколго өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча өзгөчө пикирлерин кошо тиркеп коё алышат.
30. Конкурстук комиссиянын чечими протокол түрүндө таризделет, конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү тарабынан кол коюлат, ал чечим конкурстун катышуучулары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган конкурстук комиссиянын жыйынында жарыяланат. Конкурстук комиссиянын жеңүүчүнү аныктаган чечими жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Комитеттин расмий веб-сайтарында жарыяланат.
31. Конкурстук комиссиянын протоколу ага конкурстук комиссиянын жыйында катышкан бардык мүчөлөрү кол коюшса жарактуу болуп эсептелет.
32. Конкурстук комиссиянын протоколу жеңүүчүгө "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенинин жер казынасын иштетүү укугуна лицензияны берүүгө, жана (же) жаңы конкурсту өткөрүүгө, жана (же) объектини аукционго өткөрүп берүүгө негиз болот.
33. Чет өлкөлүк юридикалык жак конкурстун жеңүүчүсү катары таанылган учурда лицензия Кыргыз Республикасынын аймагында, "Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кени турган жерде конкурстун жеңүүчүсү - чет өлкөлүк юридикалык жак түзгөн жана каттаткан туундуу компанияга берилет. Чет өлкөлүк компания түзүүчү туунду компания чет өлкөлүк юридикалык жак жеңүүчү деп жарыяланган күндөн бир айдан кеч эмес мөөнөттө каттоодон өтүшү керек. Юридикалык жакка - лицензиатка катышуу үлүшү Кыргыз Республикасына акысыз берилгенден башка учурларда туунду компания 100% чет өлкөлүк юридикалык жакка - конкурстун жеңүүчүсүнө таандык болууга тийиш.
34. Жеңүүчүгө лицензия конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн өзү сунуштаган бааны төлөгөндөн кийин 5 (беш) жумуш күндүн аралыгында берилет. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү катары чет өлкөлүк юридикалык жак таанылса, анда лицензия төмөндөгү талаптар аткарылгандан кийин 5 (беш) жумуш күндүн аралыгында берилет:
а) конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн өзү сунуштаган бааны төлөгөндөн кийин;
б) чет өлкөлүк юридикалык жактын туунду компаниясынын каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн түп нускасы же анын нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тапшырылганда, көрсөтүлгөн даталардын кайсынысы кечирээк болгонуна жараша.
35. Конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюудан баш тартса, же конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн өзү сунуштаган бааны төлөбөсө жеңүүчү лицензия алуу укугун жоготот жана эгерде конкурстук комиссия тарабынан башка чечим кабыл алынбаса анда баш тарткан жеңүүчүдөн кийин башка катышуучуларга салыштырмалуу көбүрөөк балл алган жана кошумча добуш берүүдө баарынан көп добуш алган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү катары таанылат.
8. Конкурсту жокко чыгаруу, өткөн жок же жараксыз деп таануу
36. Конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо боюнча чечим чыгарганга чейин конкурс форс-мажордук кырдаал болгон учурда гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн. Конкурсту өткөрүү жокко чыгарылган шартта конкурска катышуучунун 56440000 (элүү алты миллион төрт жүз кырк миң) сомдук кепилдик салымы кайра берилет.
37. Конкурска катышууга билдирмелер түшпөсө же бир эле катышуучудан билдирүү түшсө, жана эгерде конкурстун баардык катышуучулары беришкен документтер конкурстун шарттарына жана катышуучуларга коюлган негизги шарттарга жана талаптарга жооп бербесе, анда конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде конкурс өткөн жок деп таанылат, ал чечим протокол менен таризделет, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Комитеттин расмий веб-сайттарында жарыяланат.
38. Конкурс эгерде ушул Шарттарды бузуу менен өткөрүлгөн болсо, кызыкдар тараптын арызы боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы жана жыйынтыгы жокко чыгарылышы мүмкүн. Конкурс жараксыз деп таанылган учурда конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн жеңүүчү төлөгөн акы кайта берилет.
39. Конкурстун катышуучусу конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо боюнча чечим чыгарганга чейин өзүнүн конкурска катышууга берген билдирмесин кайра алууга укуктуу. Мында кыскача геологиялык маалыматтын пакети үчүн 750850 (жети жүз элүү миң сегиз жүз элүү) сомдук акы, конкурска катышуу үчүн 1000000 (бир миллион) сом өлчөмдөгү акысы жана конкурска катышуучунун 56440000 (элүү алты миллион төрт жүз кырк миң) сомдук кепилдик салымы кайтарылып берилбейт.
Маалыматтар менен Комитеттин www.geology.kg расмий сайтынан жана төмөндөгү телефон номерлери аркылуу таанышууга болот: (+996 312) 30-03-71, 30-02-46.