КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 29-марты, № 104-б
Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-декабрындагы № 558-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "-"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна 41 700 000 (кырк бир миллион жети жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндө зайым каражаттары берилсин";
2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |