Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ
2019-жылдын 27-ноябры № 678
(КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 5-июлундагы № 326 тескемесинин редакциясына ылайык)
Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментин түзүүдө, иштешин камсыз кылууда жана өнүктүрүүдө колдонулган уюштуруучулук чечимдерди бирдейлештирүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 332 "Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 14-апрелиндеги № 29 чечимине ылайык:
1. Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинде жалпы процесстерди (мындан ары - жалпы процесстер) ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалпы процесстерди ишке ашырууга жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору:
- жалпы процесстерди ишке ашыруу үчүн ведомствонун жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес деңгээлдеги жооптуу адамды аныкташсын;
- ушул буйруктун тиркемесине ылайык жалпы процесстерди ишке ашырууну камсыз кылышсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине жалпы процесстерди ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.
(КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 5-июлундагы № 326 тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментин техникалык колдоонун иштешин камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 5-июлундагы № 326 тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 5-июлундагы № 326 тескемесинин редакциясына ылайык)
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 5-июлундагы № 326 тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинде жалпы процесстерди ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдардын тизмеси
(КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 5-июлундагы № 326 тескемесинин редакциясына ылайык)
ЕАЭБдин алкагындагы жалпы процесс | Улуттук сегментте жалпы процессти ишке ашырууну координациялоочу ыйгарым укуктуу орган | Улуттук сегментте жалпы процессти ишке ашырууга жооптуу орган (жооптуу уюм) |
1. Тышкы жана өз ара сооданы жөнгө салууда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан таризделүүчү, анын ичинде тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоону ырастоо максаттары үчүн бажы операцияларын жүргүзүүдө берилүүчү документтердин маалыматтар базасын пайдалануу | ЭКМ | ЭКМ; КАБ; Стандартташтыруу жана метрология борбору; "Бирдиктүү терезе" МИ |
2. ЕАЭБдин тышкы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын маалыматтык-маалымдама тизмесин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | УКМК ЧК | УКМК ЧК |
3. ЕАЭБдин тышкы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын паспортторунун маалыматтар базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | МБК | МБК |
4. Эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналардын резиденттеринин (катышуучуларынын) жалпы реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | ИУА | ИУА |
5. ЕАЭБдин бажы аймагына товарлар келген жерлердин жана мындай аймактан товарлар чыккан жерлердин жалпы реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | МБК | МБК |
6. Бажы өкүлдөрүнүн жалпы реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | МБК | МБК |
7. Бажылык ташуучулардын жалпы реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | МБК | МБК |
8. Бош кампалардын ээлеринин жалпы реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | МБК | МБК |
9. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин жалпы реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | МБК | МБК |
10. Бажы кампаларынын ээлеринин жалпы реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | МБК | МБК |
11. Бажы декларацияларын толтуруу үчүн пайдаланылуучу классификаторлорду түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | МБК | МБК |
12. Товарлардын келип чыгышы жөнүндө сертификаттарды күбөлөндүрүүгө ыйгарым укуктуу компетенттүү органдардын аталыштарынын, даректеринин жана мөөрлөрүнүн оттискаларынын үлгүлөрүнүн маалыматтар базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | СӨП | ЕЭКтин Коллегиясынын 27.07.2022-ж. № 91 чечими менен алып салынган |
12.1. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун жалпы реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | МБК | МБК |
13. Бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууну контролдоо процессинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда электрондук документтерди жана (же) маалыматтарды алмашууну камсыз кылуу | МБК | МБК |
14. ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен тышкары товарларды иш жүзүндө ташып кетүүнү контролдоо жана ырастоо процессинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылуу | МБК | МБК |
15. ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аймагына убактылуу ташып келинген жана мындай аймактан убактылуу ташылып кеткен эл аралык ташуунун транспорт каражаттарын эсепке алуу жана контролдоо процессинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылуу | МБК | МБК |
16. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан ЕАЭБдин бажы аймагына убактылуу ташып киргизилген транспорт каражаттары боюнча маалымат алмашууну камсыз кылуу | МБК | МБК |
17. ЕАЭБдин бажы аймагына ташып киргизилген жана ички керектөө үчүн чыгарылган автомобилдер боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылуу | МБК | МБК |
18. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда товарларга декларациялардын электрондук көчүрмөлөрүнүн маалымат базасынан маалымат алмашууну камсыз кылуу | МБК | МБК |
19. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда бажылык кириштөө ордерлеринин электрондук көчүрмөлөрүнүн маалымат базасынан маалымат алмашууну камсыз кылуу | МБК | МБК |
20. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы органдары кабыл алуучу алдын ала чечимдердин электрондук көчүрмөлөрүнүн маалымат базасынан маалымат алмашууну камсыз кылуу | МБК | МБК |
21. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | МБК | МБК |
22. ЕАЭБдин товардык белгилерин жана тейлөө белгилерин каттоо, укуктук коргоо жана пайдалануу | Кыргызпатент | Кыргызпатент |
23. ЕАЭБдин товарларынын келип чыккан орундарынын аталыштарын каттоо, укуктук коргоо жана пайдалануу | Кыргызпатент | Кыргызпатент |
24. ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасын жана ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифтик, алардын кошумча маалыматтык (маалымдама) материалдарын электрондук түрдө түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу, ошондой эле ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасынын жана ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин эл аралык негиздерин электрондук түрдө жүргүзүү жана пайдалануу | ЭКМ | МБК |
25. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын товарларды классификациялоо боюнча кабыл алынган алдын ала чечимдеринин жыйнагын түзүү | МБК | МБК |
26. ЕАЭБдин катталган дары-дармек каражаттарынын бирдиктүү реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | CM | ДКжМБД |
27. ЕАЭБдин дары-дармек каражаттарын өндүрүүчүлөрүнүн ыйгарым укуктуу жактарынын бирдиктүү реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | CM | ДКжМБД |
28. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймактарында аныкталган сапаты боюнча талаптарга шайкеш келбеген, ошондой эле жасалмаланган жана (же) контрафакттык дары-дармек каражаттары боюнча бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | CM | ДКжМБД |
29. Дары-дармек каражаттарына карата аныкталган жагымсыз реакциялар (аракеттер), анын ичинде дары-дармек каражаттарынын натыйжасыздыгы жөнүндө билдирүүнү камтыган бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | CM | ДКжМБД |
30. Медициналык колдонуу убактылуу токтотулган, кайра сурап алынган жана тыюу салынган дары-дармек каражаттары боюнча бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | CM | ДКжМБД |
31. ЕАЭБдин фармацевттик инспекторлорунун бирдиктүү реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | CM | ДКжМБД |
32. ЕАЭБдин алкагында катталган медициналык буюмдардын бирдиктүү реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | CM | ДКжМБД |
33. Медициналык буюмдарды каттоо максатында аларга изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзгөн ЕАЭБдин ыйгарым укуктуу уюмдарынын бирдиктүү реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | CM | ДКжМБД |
34. Медициналык буюмдардын коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | CM | ДКжМБД |
34.1. Медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн салат менеджментинин системаларын инспекциялоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат алмашуу | CM | ДКжМБД |
34.2. Евразия экономикалык бирлигинин Талаптагыдай өндүрүштүк практикасынын эрежелеринин талаптарына ылайык дары каражаттарын өндүрүүчүлөрдүн өндүрүштүк аянтчаларын инспекциялоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат алмашуу | CM | ДКжМБД |
34.3. Клиникалык изилдөөлөр жөнүндө бирдиктүү маалымат базасын түзүү, киргизүү жана колдонуу | CM | ДКжМБД |
35. ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин (Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин) талаптарына шайкештикти баалоо жөнүндө берилген же кабыл алынган документтердин бирдиктүү реестрлерин түзүү жана жүргүзүү | ЭКМ | ЭКМ; "Бирдиктүү терезе" МИ |
36. ЕАЭБдин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын (анын ичинде сертификаттоо боюнча органдардын, сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестрлерин түзүү жана жүргүзүү | ЭКМ | ЭКМ; КАБ |
37. Коркунучтуу продукция жөнүндө маалымдоо системасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | CM; АЧМ | CM; АЧМ ӨКД; АЧМ ВК |
38. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин маалымат фонддорунда камтылган өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатында маалымат алмашууну камсыз кылуу | МЭК | Стандартташтыруу жана метрология борбору |
39. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын (уюмдарынын) жана транспорт каражаттарын (транспорт каражаттарынын шассисин), өзү жүрүүчү машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн чыгарган, транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисин), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортторун (электрондук паспортторун) тариздөөчү уюмдардын бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү | ИИМ | "Унаа" ММ |
39.1. Транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системаларынын улуттук операторлорунун жана транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системаларынын администраторунун ортосунда маалыматтык алмашууну камсыз кылуу | ИИМ СӨМ | "Унаа" ММ; "Инфоком" МИ |
40. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймактарында жаныбарлардын жугуштуу оорулары, анын ичинде ветеринардык-санитардык жактан коркунучтуу болгон адам менен жаныбарлар үчүн аныкталган жалпы оорулар жана (же) жаныбарлардан алынган товарлар (продукция) тараган учурлары жөнүндө, ошондой эле көрүлгөн ветеринардык-санитардык чаралар тууралуу маалымат базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | АЧМ | АЧМ ВК |
41. Электрондук түрдө берилген ветеринардык коштоочу документтерди (ветеринардык сертификаттарды) алмашууну камсыздоо | АЧМ | АЧМ ВК |
42. ЕАЭБдин бажы аймагына алып келинген, ветеринардык-санитардык көзөмөлдө (контролдо) турган товарларды өндүргөн, кайра иштеткен жана (же) сактаган уюмдардын жана жактардын реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | АЧМ | АЧМ ВК |
43. ЕАЭБге мүчө бир мамлекеттин аймагынан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагына ташуучу товарларды өндүргөн, кайра иштеткен жана (же) сактаган уюмдардын жана жактардын реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | АЧМ | АЧМ ВК |
44. Катталган ветеринардык дары-дармектердин, жаныбарлар үчүн тоют кошумчаларынын жана жаныбарлар менен түздөн-түз контакт болбогон ветеринардык багыттагы ЕАЭБдин диагностикалык, дезинфекциялык, дезинсекциялык жана дезакаризациялык каражаттардын бирдиктүү реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | АЧМ | ВДКТККСД |
44.1. Сапаттуу жана сапатсыз ветеринардык дары-дармектердин, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоонун жана көзөмөлдүн алкагында аныкталган жасалма жана (же) контрафакттык ветеринардык дары-дармек препараттарынын бирдиктүү маалымат базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | АЧМ | ВДКТККСД |
44.2. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагындагы ветеринардык дары препараттарын колдонууда жаныбарлардагы аныкталган жагымсыз реакциялар боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | АЧМ | ВДКТККСД |
44.3. Өндүрүшү ЕАЭБдин талаптагыдай өндүрүштүк практикасынын эрежелеринин талаптарына ылайык деп таанылган ветеринардык дары каражаттарынын өндүрүүчүлөрүнүн бирдиктүү реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | АЧМ | ВДКТККСД |
44.4. Ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ЕАЭБдин фармацевттик инспекторлорунун бирдиктүү реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | АЧМ | ВДКТККСД |
45. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары берген, ветеринардык кызматтын контролунда турган жүктөрдү алып келүүгө (алып чыгууга, транзитине) уруксаттардын бирдиктүү маалымат базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | АЧМ | АЧМ ВК |
46. ЕАЭБдин тышкы чек арасында транспорттук (автомобилдик) контролду маалыматтык камсыз кылуу | МТК | Транспорт департаменти |
47. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун бирдиктүү реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | АЧМ | АЧӨЭД |
47.1. Асыл тукум жаныбарлар жана асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы селекциялык жетишкендиктер жөнүндө маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү | АЧМ | ЖАМД |
48. Айыл чарбасындагы малды жана жаныбарлардан алынган продукцияны идентификациялоодо, каттоодо жана көз салууда макулдашылган ыкмалардын алкагында жалпы маалымат базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | АЧМ | АЧМ ВК |
49. Эсепке киргизилген жана бөлүштүрүлгөн алып келүүдөгү бажы алымдарынын суммалары жөнүндө маалымат алмашууну камсыз кылуу, ошондой эле ушундай маалыматтарды камтыган маалымат базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | ФМ | Борбордук казыналык |
50. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чет өлкөлүк валютадагы эсептерине түшкөн акча каражаттарын сатуунун (сатып алуунун) көлөмү жөнүндө маалымат базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | КР УБ | ЕЭКтин Коллегиясынын 13.07.2022-ж. № 91 чечими менен алып салынган |
51. Алып келүү үчүн бажы алымдарын төлөөгө байланыштуу маалымат менен алмашууну камсыз кылуу, ошондой эле ушундай маалыматтарды камтыган маалымат базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | МБК | МБК |
52. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде финансы уюмдарына берилген, банк ишин, камсыздандыруу ишин жана баалуу кагаздар рыногундагы ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензиялар жөнүндө маалымат базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | Мамфинкөзөмөл | ЕЭКтин Коллегиясынын 15.11.2022-ж. № 175 чечими менен алып салынган |
53. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмитенттери жана биржалары жөнүндө маалымат алмашууну камсыз кылуу, ошондой эле ушундай маалыматтарды камтыган маалымат базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | Мамфинкөзөмөл | ЕЭКтин Коллегиясынын 15.11.2022-ж. № 175 чечими менен алып салынган |
54. ЕАЭБдин өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы үчүн зарыл болгон маалыматты беришин жана ЕЭКтин суроо-талаптарды түзүшүн жана жөнөтүшүн камсыз кылуу | ЭКМ | ЕЭКтин Коллегиясынын 27.07.2022-ж. № 91 чечими менен алып салынган |
55. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана ЕЭКтин ортосунда электрондук документ жүгүртүүнү камсыз кылуу (анын ичинде ишенимдүү үчүнчү тараптын сервистерин пайдалануу менен) | СӨМ | "Инфоком" МИ |
56. Продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бирдиктүү реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | CM | ЭСБ; КР CM ОАМСЭКД; "БТ борбору" МИ |
57. ЕАЭБдин бажы аймагында жугуштуу жана кеңири тараган жугуштуу эмес ооруларды (ууланууларды) аныктоо жана адамдын өмүрү, ден соолугу жана ал жашаган чөйрө үчүн коркунучтуу продукциянын жайылып кетүү учурлары жөнүндө, ошондой эле көрүлгөн санитардык чаралар тууралуу маалымат базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | CM | КР CM ОАМСЭКД |
58. Убактылуу санитардык чаралардын киргизилиши жөнүндө маалымат алмашууну камсыз кылуу | CM | КР CM ОАМСЭКД |
59. ЕАЭБдин бажы аймагында карантиндик объекттер аныкталган жана жайылган учурлар жөнүндө, ошондой эле көрүлгөн карантиндик фитосанитардык чаралар тууралуу маалымат базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | АЧМ | ӨХККД |
60. Берилген фитосанитардык сертификаттар жөнүндө маалыматты ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда алмашууну камсыздоо | АЧМ | ӨХККД |
61. Убактылуу карантиндик фитосанитардык чараларды киргизүү жөнүндө маалыматты ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда алмашууну камсыздоо | АЧМ | ӨХККД |
62. Чек ара аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелеринин жана атаандаштык (монополияга каршы) мыйзамдарынын сакталышын контролдоодо, ошондой эле бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүдө жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аны киргизүү жөнүндө чечимдерин талашууда ЕЭК менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда документтерди жана (же) маалыматтарды алмашууну камсыздоо | ЭКМ | МЖК |
63. Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар чөйрөсүндөгү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара катышуусу үчүн зарыл болгон электрондук документтерди жана (же) маалыматтарды алмашууну, анын ичинде ишенимдүү үчүнчү тараптын сервистерин пайдалануу менен электрондук санариптик колтамганы (электрондук колтамганы) өз ара таануу механизмдеринин жардамы менен алмашууну камсыздоо | ФМ | ЕЭКтин Коллегиясынын 27.07.2022-ж. № 91 чечими менен алып салынган |
64. ЕАЭБдин бажы аймагы боюнча кызматтык жана жарандык куралды ташууда жана ички транзитте ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалымат алмашууну камсыздоо | ИИМ | ИИМ |
65. Радиоэлектрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн, анын ичинде ЕАЭБдин бажы аймагына алып келүүгө уруксат берилген башка товарларга орнотулган же алардын курамына кирген түзүлүштөрдүн бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү | СӨМ | БТЖКК |
66. Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегин түзүү, жүргүзүү жана жарыялоо | ЭКМ | ЕЭКтин Коллегиясынын 13.07.2022-ж. № 102 чечими менен алып салынган |
67. Нотификациялардын бирдиктүү реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | УКМК | УКМК |
68. Товарларды тышкы соодалоо чөйрөсүндө берилген лицензиялар, уруксаттар жана корутундулар (уруксат берүүчү документтер) жөнүндө маалыматтар базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | ЭКМ | ЕЭКтин Коллегиясынын 13.07.2022-ж. № 102 чечими менен алып салынган |
69. ЕАЭБдин бажы аймагы боюнча баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун чек ара аркылуу ташууда (ички транзитте) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалымат алмашууну камсыздоо | CM | ЕЭКтин Коллегиясынын 13.07.2022-ж. № 102 чечими менен алып салынган |
70. ЕАЭБдин алкагында өз ара сооданы жүзөгө ашырууда озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны ташууда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалымат алмашууну камсыздоо | ЖРЭТКМ | ЕЭКтин Коллегиясынын 11.04.2023-ж. № 48 чечими менен алып салынган |
71. ЕАЭБдин бажы аймагы боюнча коркунучтуу калдыктарды чек ара аралык ташууда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалымат алмашууну камсыздоо | ЭКМ | ЕЭКтин Коллегиясынын 27.07.2021-ж. № 91 чечими менен алып салынган |
72. ЕАЭБдин бажы аймагы боюнча баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп саналбаган уулуу заттарды ташууда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалымат алмашууну камсыздоо | ЭМ | ЕЭКтин Коллегиясынын 27.07.2021-ж. № 91 чечими менен алып салынган |
72.1. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ишинин артыкчылыктуу түрлөрүнө (экономиканын секторлоруна) ылайык келүүчү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында алып келинген товарларга карата тарифтик жеңилдиктерди колдонуу максатында инвестициялык долбоорлордун бирдиктүү реестрин, технологиялык жабдуулардын жана алардын комплекттөөчү, запастык бөлүктөрүнүн бирдиктүү тизмегин, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин сунуштарынын бирдиктүү тизмегин, сырьёлордун жана материалдардын бирдиктүү тизмегин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | ИУА | ИУА МБК |
73. ЕАЭБдин бажы аймагында өндүрүлгөн же ага алып келинген, контролдук (идентификациялоо) белгилери менен маркаланууга тийиш болгон товарлар жөнүндө, анын ичинде мындай товарларды ЕАЭБдин бажы аймагында трансчек аралык жүгүртүүдө маалыматтарды алмашууну камсыздоо | МСК | МСК |
73.1. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон товарлар жана мындай товарларды жүгүртүү менен байланышкан операциялар жөнүндө маалыматтарды алмашууну камсыз кылуу | МСК | МСК |
74. Контролдук (идентификациялык) белгилердин эмитенттеринин жалпы реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | МСК | ЕЭКтин Коллегиясынын 27.07.2021-ж. № 91 чечими менен алып салынган |
74.1. Евразия экономикалык бирлигинде товарларды маркалоо үчүн пайдаланылуучу идентификациялоо каражаттарынын бирдиктүү реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | МСК | ЕЭКтин Коллегиясынын 27.07.2021-ж. № 91 чечими менен алып салынган |
75. Эсепке алынган жана бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммалары жөнүндө маалыматтарды алмашууну камсыздоо, ошондой эле мындай маалыматтарды камтыган маалымат базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу | ФМ | Борбордук казыналык |
76. Товарлардын чыгарылгандыгын сертификациялоо жана верификациялоо электрондук системасынын алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен үчүнчү өлкөлөрдүн ортосундагы электрондук маалымат алмашууну камсыздоо | СӨП | СӨП |
76.1. Үчүнчү өлкөлөр менен бажы маалыматын алмашуу максатында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда электрондук маалыматтык өз ара иштешүүнүн жүзөгө ашырылышын камсыздоо | МБК | МБК |
77. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда эмгекчилерге (алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө) пенсияларды белгилөө жана төлөө үчүн зарыл болгон электрондук документтер жана (же) маалыматтар менен алмашууну камсыздоо) | Социалдык фонд | Социалдык фонд |
78. Эмгекчилерге (алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө) пенсияларды төлөө максатында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда электрондук документтерди жана (же) маалыматтарды алмашууну камсыздоо | Социалдык фонд | Социалдык фонд |
79. ЕАЭБдин алкагында өнөр жай кызматташтыгын санариптик трансформациялоо жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өнөр жайын санариптик трансформациялоо үчүн шарттарды түзүү максатында субконтрактация жана технологиялардын трансфери евразиялык тармактын катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашууну камсыздоо | ЭМ | ЕЭКтин Коллегиясынын 27.07.2021-ж. № 91 чечими менен алып салынган |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги; |
УКМК ЧК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы; |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик; |
СӨП | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы; |
ДКжМБД | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти; |
КАБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору; |
Стандартташтыруу жана метрология борбору | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору; |
"Бирдиктүү терезе" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" мамлекеттик ишканасы; |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги; |
CM | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги; |
АЧМ ӨКД | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти; |
АЧМ ВК | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат; |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
"Унаа" ММ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемеси; |
ВДКТККСД | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошумчаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча департамент; |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; |
Транспорт департаменти | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти; |
АЧӨЭД | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти; |
ЖАМД | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти; |
ЭСБ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Электрондук саламаттык сактоо борбору; |
CM ОАМСЭКД | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти; |
ӨХККД | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти; |
МЖК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы; |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги; |
"Инфоком" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы; |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети; |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
Социалдык фонд | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду; |
ЕЭК | - | Евразия экономикалык комиссиясы; |
КР УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; |
Мамфинкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги; |
БТЖКК | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат; |
Кыргызпатент | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги; |
Борбордук казыналык | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы. |