Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 9-декабры № 696
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-октябрындагы № 3296-VI "2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү боюнча тиешелүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишине талдоо жүргүзсүн жана 2020-жылдын 25-январына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке мыйзамдардын тийиштүү долбоорлорун киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте 2020-жылдын 15-февралына чейинки мөөнөттө ведомстволор аралык жумушчу топ иштеп чыккан ченемдик укуктук актылардын тийиштүү долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ өзүнүн ишин камсыздоо үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн ишке тартууга, ошондой эле мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана эксперттик коомчулуктан зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчылары ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты беришсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
7. Ушул буйруктун аткарылышына жеке жоопкерчилик ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына киргизилген мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү боюнча тиешелүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Боронов Кубатбек Айылчиевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Салиев Бахтияр Усманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Джаманкулов Марат Тургунбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; |
Жеенбаева Бактыгүл Жаныбековна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри; |
Чодуев Эркинбек Урайымович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри; |
Исаков Каныбек Абдуваситович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; |
Чолпонбаев Космосбек Сариевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; |
Жаманкулов Азамат Капарович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; |
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри; |
Тердикбаев Эрлис Жекшенович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Осмонбетов Эмиль Кубатович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Султанов Акылбек Шакирович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Аманкулов Канат Маратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Аманкулов Мирслав Акалович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; |
Сабиров Шухрат Маматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору; |
Ботобаев Каныбек Калбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору; |
Абдалиев Кабыл Кушбакович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; |
Мамбетов Алмаз Ишенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; |
Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы; |
Жумаканов Калысбек Туратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Джунушев Джолдошбек Маликович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Бакиров Жетиген Жокинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Алыкулов Рамис Муратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу секторунун башчысы; |
Бекиев Бекболот Жапарович | - | "Жарандардын үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттуулугу: бюджеттик процесс" долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Алманбетов Омурбек Бадыевич | - | "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу" юридикалык жактар бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча). |