Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 23-апрөли, № 148-б
Кувейт Мамлекетинин Эль-Кувейт шаарында 2018-жылдын 24-26-апрелинде боло турган Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-кувейт комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) биринчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2018-жылдын 23-27-апрелинде Кувейт Мамлекетинин Эль-Кувейт шаарына жиберилсин.
3. Комиссиянын жыйынга катышуусу менен байланышкан командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Тиркеме
Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен
өкмөттөр аралык кыргыз-кувейт комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн
курамы
Кармышаков Улугбек Тойчуевич
| Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
|
Абдрахманов Нурлан Асейинович
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
|
Шаршеев Айдин Омуралиевич
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;
|
Мурзалиев Амангельди Джолдошбекович
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
|
Ногойбаев Женишбек Ашимкулович
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
|
Орозбеков Алымбек Асылбекович
| Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Карыбаев Мирбек Бакытович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык жана интеграция бөлүмүнүн эксперти;
|
Садыков Бакыт Толомушевич
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;
|
Кудайбердиева Айзада Бердибековна
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардам башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси, комиссиянын жооптуу катчысы.
|