РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-апрөлиндеги № 148-б (Комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө) буйругу

Редакция23.04.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 23-апрөли, № 148-б

Кувейт Мамлекетинин Эль-Кувейт шаарында 2018-жылдын 24-26-апрелинде боло турган Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-кувейт комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) биринчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2018-жылдын 23-27-апрелинде Кувейт Мамлекетинин Эль-Кувейт шаарына жиберилсин.

3. Комиссиянын жыйынга катышуусу менен байланышкан командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев

 

Тиркеме

Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен

өкмөттөр аралык кыргыз-кувейт комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн

 курамы

Кармышаков Улугбек Тойчуевич

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

 

Абдрахманов Нурлан Асейинович

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

 

Шаршеев Айдин Омуралиевич

 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;

 

Мурзалиев Амангельди Джолдошбекович

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;

 

Ногойбаев Женишбек Ашимкулович

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;

 

Орозбеков Алымбек Асылбекович

 

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

 

Карыбаев Мирбек Бакытович

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык жана интеграция бөлүмүнүн эксперти;

 

Садыков Бакыт Толомушевич

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;

 

Кудайбердиева Айзада Бердибековна

 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардам башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси, комиссиянын жооптуу катчысы.