Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 100-б, 2020-жылдын 10-августундагы № 269-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2020-жылдын 13-январы № 3-б
Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнү киргизүүнүн бирдиктүү саясатын координациялоо жана ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте 2020-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө 2020-жылга салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнү киргизүү боюнча иш-чаралар планын (мындан ары - Иш-чаралар планы) иштеп чыксын жана Координациялык кеңештин кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты сектору Координациялык кеңештин катчылыгы болуп аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги бекитилген Иш-чаралар планына ылайык жүргүзүлгөн иштердин статусу жөнүндө Координациялык кеңештин катчылыгына жума сайын маалымдап турсун.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңештин курамы
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 100-б, 2020-жылдын 10-августундагы № 269-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Боронов Кубатбек Айылчыевич | - | Премьер-министр Кыргызской Республики, председатель Координационного совета; |
Асрандиев Эркин Шамшудинович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри; Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; |
|
|
|
Координациялык кеңештин мүчөлөрү: | ||
Темиралиев Таалайбек Асанбекович | - | Руководитель Аппарата Правительства - министр Кыргызской Республики; |
Сазбаков Алмаз Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча атайын өкүлү; |
Жээнбаева Бактыгуль Жаныбековна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Джаманкулов Марат Тургунбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; |
Бейшенов Жанат Саматович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри; |
Чолпонбаев Космосбек Сариевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; |
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Исмаилов Алтынбек Джапарович | - | председатель Государственного комитета информационных технологий и связи Кыргызской Республики; |
Тургунбеков Мирлан Эрмекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары - Антитеррордук борбордун директору; |
Абдалиев Кабыл Кушбакович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; |
Торутаев Алтынбек Элимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; |
Шатемиров Кубаныч Таалайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Сыдыков Марс Мелисович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Тюменбаев Баккельди Рахимович | - | заведующий сектором налоговой и таможенной политики отдела финансовой и кредитной политики Аппарата Правительства Кыргызской Республики; |
Дубанаев Адилет Садырбекович |
| эксперт сектора налоговой и таможенной политики отдела финансовой и кредитной политики Аппарата Правительства Кыргызской Республики; |
Кыдыргычов Исламбек Намызбекович | - | эксперт сектора налоговой и таможенной политики отдела финансовой и кредитной политики Аппарата Правительства Кыргызской Республики. |
2-тиркеме
Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңеш (мындан ары Координациялык кеңеш) мамлекеттик органдардын салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүну киргизүүнүн бирдиктүү саясатын ишке ашырууга багытталган иш-аракеттерин координациялоону камсыз кылуучу туруктуу иштеген орган болуп саналат.
2. Координациялык кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
3. Координациялык кеңеш төмөнкүдөй принциптердин негизинде иштейт:
- ишинин ачык-айкындуулугу;
- теңдик жана коллегиалдуулук;
- кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо.
2. Координациялык кеңештин максаттары, милдеттери жана функциялары
4. Координациялык кеңешти түзүүнүн максаты салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнү киргизүүнүн бирдиктүү саясатын жүзөгө ашыруу болуп саналат.
5. Координациялык кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча артыкчылыктуу милдеттерди координациялоо жана аныктоо;
- Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүну киргизүү боюнча иш-чаралар планын (мындан ары - Иш-чаралар планы) жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берүү;
- максаттарга жетүүгө багытталган башкаруучулук чечимдер боюнча сунуштарды даярдоо.
6. Координациялык кеңештин негизги функциялары төмөнкүлөр: салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү
чөйрөсүндөгү мамлекеттин саясатын ишке ашыруу боюнча негизги багыттарды иштеп чыгуу;
салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды, ченемдик жана методикалык документтерди аткарууну камсыз кылуу;
Иш-чаралар планын аткарууга жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
коюлган милдеттерге жетүү максатында башка функцияларды аткаруу.
3. Координациялык кеңештин укуктары
7. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- тиешелүү жылга Иш-чаралардын планын бекитүүгө;
- Иш-чаралар планын аткаруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалыматты угууга;
- салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнү киргизүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун концепцияларын угууга, аларды андан ары илгерилетүү боюнча сунуштарды берүүгө жана чечим кабыл алууга;
- салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүгө байланышкан маалыматтык системаларды иштеп чыгуунун жана киргизүүнүн статусу жөнүндө маалыматты угууга;
- мамлекеттик органдардан, уюмдардан Координациялык кеңештин ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын Координациялык кеңештин жыйындарына чакырууга жана алардын баяндамаларын жана сунуштарын, салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча алардын иштери жөнүндө маалыматтарын угууга;
салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын, уюмдардын адистерин тартууга;
- Координациялык кеңештин жыйындарында салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча сунуштарды кароого.
4. Координациялык кеңештин уюштуруучулук иши
8. Координациялык кеңештин иши зарылчылыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес чакырылуучу жыйындарды өткөрүү формасында жүзөгө ашырылат. Координациялык кеңештин жыйыны, эгерде, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укуктуу болуп эсептелет.
9. Координациялык кеңештин кезектеги жыйынынын күн тартибин Координациялык кеңештин төрагасы аныктайт.
10. Координациялык кеңештин чечимдери ачык добуш берүү жолу менен жыйынга катышып жаткан Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу аркылуу кабыл алынат. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн добуштары бирдей болуп калган учурда, жыйынга төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
11. Координациялык кеңештин төрагасы:
- Координациялык кеңештин ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Координациялык кеңештин жыйындарын жетектейт;
- кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын сунуштары боюнча Координациялык кецештин эксперттик топторунун курамдарын бекитет;
- Координациялык кеңештин жыйындарынын күн тартибин, Иш-чаралар планын, жыйындардын протоколдорун бекитет.
12. Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
- Иш-чаралар планынын долбооруна, Координациялык кеңештин жыйындарынын күн тартибине жана Координациялык кеңештин жыйындарында маселелерди талкуулоо тартибине карата сунуштарды Координациялык кеңештин төрагасына киргизет;
Координациялык кеңештин жыйындарына материалдарды, Координациялык кеңештин чечимдеринин долбоорлорун даярдоого катышат;
- Координациялык кеңештин жыйындарына катышат жана каралып жаткан маселелерди талкуулоого жана чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- Координациялык кеңештин жыйынына катышуу мүмкүн болбогон учурда, жыйын боло турган күндөн бир күн мурда бул тууралуу Координациялык кеңештин төрагасына кабарлашат.
13. Кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын демилгеси жана Координациялык кеңештин төрагасынын чечими боюнча Координациялык кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
14. Координациялык кеңештин төрагасы жок болгон учурда, анын милдеттерин Координациялык кеңештин төрагасынын орун басарларынын бири аткарат.
15. Координациялык кеңештин чечимдери протокол менен таризделет, ага Координациялык кеңештин төрагасы, ал жок болгон учурда анын орун басары кол коёт.
16. Координациялык кеңештин жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү аткаруу жана контролдоо үчүн Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө, кызыкдар болгон мамлекеттик органдарга, уюмдарга жиберилет.
17. Координациялык кеңештин жыйынын өткөрүү күнү, орду жана убактысы, Координациялык кеңештин жыйынынын күн тартибине киргизилген маселелер тууралуу маалымат (жазуу жүзүндө Координациялык кеңештин төрагасынын орун басарынын колу коюлуп) Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жана тиешелүү кызыкдар болгон мамлекеттик органдарга жыйын өткөрүлгөнгө чейин бир күн мурда кабарланат.
5. Координациялык кеңештин катчылыгы
18. Координациялык кеңештин катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты сектору эсептелет (мындан ары - катчылык).
19. Катчылыктын негизги милдеттери Координациялык кеңештин жыйынына материалдарды даярдоо, Координациялык кеңештин жыйындарынын протоколдорун жүргүзүү, Координациялык кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу болуп саналат.