Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 28-февралы № 60-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 189 "Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-декабрындагы № 461-б буйругуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-декабрындагы № 461-б буйругуна киргизилүүчү ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасында:
- 10 жана 11-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
10 | Жер-жерлерде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн талдоо | Элге эксаймактуулук принциби боюнча кызмат көрсөтүү мүмкүндүгүн талдоо | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча иштелип чыккан сунуштар | 2020-жылдын 20-апрели | ЭМ, МТБМК, Мамкаттоо, ЖӨБ жана этностор агенттиги, Стратегиялык изилдөөлөр институту, КРӨ өкүлдөрү, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) |
Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды региондук деңгээлде этап-этабы менен киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды этап-этабы менен киргизүү боюнча иштелип чыккан механизмдер | 2020-жылдын 20-апрели | |||
11 | Мамлекеттик органдарды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын функциялык талдоо, ошондой эле алардын кадрлык потенциалын талдоо | Аймактык деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларын жана түзүмдөрүн талдоо, анын ичинде бири-бирин кайталоолорду талдоо | Мамлекеттик органдын ишинин тармактык жана укуктук контексти, анын мамлекеттик башкаруу системасындагы орду боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2020-жылдын 20-апрели | КРӨА, Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЭМ, Стратегиялык изилдөөлөр институту, КРӨ өкүлдөрү |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана функцияларын талдоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери жана функциялары талданып, компакттуураак жана натыйжалуу башкаруу системасын түзүү максатында түзүмдү жана функцияларды мүмкүн болгон өркүндөтүү үчүн функциялардын милдеттерге шайкештиги аныкталды | 2020-жылдын 20-апрели | КРӨА, ЭМ, Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), ЖӨБ жана этностор агенттиги, Стратегиялык изилдөөлөр институту, КРӨ өкүлдөрү | ||
Мамлекеттик органдардын жетекчилерин угуу | Бийлик органынын иши жөнүндө түшүнүк калыптанып, иштин багыттарынын жана мыйзам менен белгиленген базалык компетенциялардын тизмеги түзүлгөн, ошондой эле милдеттер жана функциялар талданган, функциялардын милдеттерге шайкештиги аныкталган | График боюнча | КРӨА, ЭМ |
";
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
13 | Административдик-аймактык бирдиктерди оптималдаштыруунун негизги критерийлерин аныктоо | Административдик-аймактык бирдиктерди оптималдаштыруунун критерийлери жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу үчүн экономикалык жана демографиялык факторлорду изилдөө | Критерийлер иштелип чыкты | 2020-жылдын 20-апрели | ЭМ, УИА, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ММТМ, АЧТММ, ӨЭЖМК, Стратегиялык изилдөөлөр институту, КРӨ өкүлдөрү, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) |
";
- 14-пунктунун "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2019" деген цифралар "2020" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 15-пунктунун "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2019-жылдын 10-сентябры" деген сөздөр "2020-жылдын 30-июлу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пунктунун "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2019-жылдын 1-декабры" деген сөздөр "Административдик-аймактык түзүлүштүн моделдерин даярдоонун жыйынтыгы боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 18-пунктунун "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2019-жылдын 1-сентябры" деген сөздөр "2020-жылдын 30-июлу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пунктунун "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2019-жылдын III-IV кварталдары" деген сөздөр "2020-жылдын 30-июлу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пунктунун "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2019-жылдын III-IV кварталдары" деген сөздөр "2020-жылдын III-IV кварталдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пунктунун "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2020-жылдын I жарымы" деген сөздөр "2020-жылы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пунктунун "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2020-жылдын I жарымы" деген сөздөр "2020-жылдын IV кварталы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 27-30-пункттар менен толукталсын:
"
27 | Райондордун социалдык-экономикалык ресурстарынын карталарын даярдоо | Райондордун табигый-ресурстук, демографиялык потенциалына талдоо жүргүзүү жана райондордун ресурстарынын карталарын даярдоо | Жаңы райондордун чек араларын түзүү үчүн негиз болуучу табигый, экономикалык, социалдык ресурстардын, демографиялык көрсөткүчтөрдүн жайгашуусунун карталары иштелип чыкты | 2020-жылдын 30-апрели | ЭМ, УИА, Стратегиялык изилдөөлөр институту, ӨЭЖМК, АЧТММ, ТЖМ, ММТМ, ЭСӨМ,ССМ, БИМ, СРМА, ЖРМА |
28 | Райондук деңгээлде мамлекеттик башкаруунун деталдуу схемасын даярдоо | Башкаруунун жаңы моделинин алкагында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана аймактык мамлекеттик органдардын милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, түзүмүн иштеп чыгуу | Райондук деңгээлдеги жаңы башкаруу системасы үчүн даярдоо иштери жүргүзүлдү | 2020-жылдын 30-июлу | ЭМ, ФМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ИИМ, АЧТММ, ТЖМ, БИМ, ССМ, ММТМ, ЭСӨМ, Коргоо комитети, Курулуш агенттиги, МСК, Социалдык фонд, Улутстатком (макулдашуу боюнча), ЖРМА, Жаштар жана спорт агенттиги, Мамкаттоо |
29 | Райондук деңгээлде электрондук башкарууну киргизүү үчүн милдеттердин тизмегин иштеп чыгуу | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин электрондук башкарууга өткөрүү боюнча тапшырмалардын тизмеги менен сунуштарды даярдоо | Мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүндө чыгымдарды оптималдаштыруу камсыз кылынды | 2020-жылдын 20-августу | КРӨ өкүлдөрү, МТБМК, ЖӨБ жана этностор агенттиги |
30 | Административдик-аймактык түзүлүштүн жаңы моделине жана мамлекеттик башкаруу системасына ылайык райондордун чек араларын түзүү | Райондорго административдик-аймактык бөлүштүрүүнүн долбоорун даярдоо | Мамлекеттик башкаруунун оптималдуу системасы менен Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жаңы системасы түзүлдү | 2021-жылы | КРӨА, Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), ЭМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ФМ, ИИМ, АЧТММ, ТЖМ, БИМ, ССМ, ММТМ, ЭСӨМ, Курулуш агенттиги, Коргоо комитети, МСК, Социалдык фонд, Улутстатком (макулдашуу боюнча), ЖРМА, Жаштар жана спорт агенттиги, Мамкаттоо |
";
- Глоссарий төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү - отуз төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Коргоо комитети | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ТЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
Социалдык фонд | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
Жаштар жана спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
СРМА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги |
ЖРМА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик.". |