Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 28-декабры № 461-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 189 "Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасы (мындан ары - Жол картасы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Жол картасын белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашыруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасы
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы № 60-б буйругунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/Иш-аракеттер | Күтүлгөн натыйжа | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
2019 год | |||||
1 | Административдик-аймактык реформаны даярдоо жана жүргүзүү боюнча Координациялык кеңеш түзүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоорун даярдоо | Координациялык кеңеш Жол картасын аткарууну контролдоого укуктуу | 2019-жылдын 20-февралы | ЭМ (уюштуруу), ЖӨБ жана этностор агенттиги, Стратегиялык изилдөөлөр институту, министрликтер жана ведомстволор |
2 | Кыргыз Республикасынын азыркы этаптагы жана совет мезгилиндеги административдик-аймактык түзүлүшүнө байланышкан реформаларга тарыхый талдоо | Тарыхый тажрыйбаны изилдөө жана реформаларды жүргүзүүнүн улуттук жана учурдагы контексттерин аныктоочу негизги факторлорду аныктоо | Кыскача аналитикалык рекомендациялар | 2019-жылдын 15-марты | ЖӨБ жана этностор агенттиги (уюштуруу), ЭМ, Стратегиялык изилдөөлөр институту, УИА (макулдашуу боюнча) |
3 | Административдик-аймактык реформа боюнча кызыкдар тараптардан түшкөн сунуштарды топтоо жана социалдык-экономикалык райондоштурууну эске алуу менен талдоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын сунуштарын киргизүү | Административдик-аймактык реформа боюнча оптималдуу сунуштарды иштеп чыгуу | 2019-жылдын 15-апрели | ЭМ (уюштуруу), ЖӨБ жана этностор агенттиги, Стратегиялык изилдөөлөр институту, КРӨ өкүлдөрү, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча) |
4 | Чектеш өлкөлөрдүн чек арага жакын аймактарындагы административдик-аймактык реформалардын эл аралык тажрыйбасын ар түрдүү ыкмаларды максимум эске алуу менен салыштырып талдоо жана реформа жасоодо принциптүү позицияларды системалаштыруу | Эл аралык тажрыйбаны изилдөө жана Кыргыз Республикасы үчүн сунуштарды иштеп чыгуу | Реформанын алдыдагы этабына рекомендациялар | 2019-жылдын 1-марты | ЖӨБ жана этностор агенттиги (уюштуруу), ЭМ, Стратегиялык изилдөөлөр институту |
Чектеш мамлекеттердин тажрыйбаларын жана пландарын изилдөө | ЖӨБ жана этностор агенттиги (уюштуруу), ЭМ, ТИМ, Стратегиялык изилдөөлөр институту | ||||
5 | Тармактык жана сектордук стратегиялык документтердин аймактарды өнүктүрүүдөгү натыйжалуулугун жана релеванттуулугун талдоо | Баардык сектордук жана тармактык документтерди изилдөө жана алардын административдик-аймактык түзүлүшкө таасирин баалоо | Оптималдаштыруу жана аймактык өнүктүрүүгө байлаштыруу боюнча сунуштар | 2019-жылдын 20-марты | ЭМ (уюштуруу), Стратегиялык изилдөөлөр институту, ФМ, ЮМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, министрликтер жана ведомстволор, коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) |
6 | Аймактар боюнча демографиялык талдоо | Стратегиялык изилдөөлөр институту даярдаган демографиялык талдоонун жана болжолдун жыйынтыктарын системага салуу | Жыйынтыктар жана сунуштар | 2019-жылдын 15-апрели | Стратегиялык изилдөөлөр институту (уюштуруу), Улутстатком (макулдашуу боюнча), КРӨ өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБ жана этностор агенттиги |
7 | Кыргыз Республикасындагы бюджеттер аралык мамилелердин учурдагы абалын жана тарыхын талдоо, бюджеттер аралык мамилелердеги прогрессти талдоо жана колдонулуп жаткан концепциянын чараларын инвентаризациялоо | Бюджеттер аралык мамилелердин негизги проблемаларын изилдөө | Жыйынтыктар жана сунуштар | 2019-жылдын 1-апрели | ФМ (уюштуруу), ЖӨБ жана этностор агенттиги |
8 | Региондорду өнүктүрүүнү пландоонун учурдагы системасын жана анын башка деңгээлдердеги процесстер менен өз ара байланышын методологиялык талдоо | Макулдашуу, пландоо проблемаларын изилдөө жана сунуштарды иштеп чыгуу | Жыйынтыктар жана сунуштар | 2019-жылдын 10-майы | ЭМ (уюштуруу), ЖӨБ жана этностор агенттиги |
9 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация | Ченемдик укуктук базага инвентаризация: - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө; - министрликтердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн ишинин маселеси боюнча; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери, анын ичинде өткөрүп берилген мамлекеттик функциялар маселеси боюнча | Маселени мыйзамдуу түрдө жөнгө салуунун толуктугун аныктоо, маселени мыйзамда ашыкча жөнгө салууларды, карама-каршылыктар жана коллизиялардын жоктугун аныктоо | 2019-жылдын I жарымы | ЭМ (уюштуруу), ЮМ, Мамкаттоо, ЖӨБ жана этностор агенттиги, Стратегиялык изилдөөлөр институту, министрликтер жана ведомстволор, КРӨ өкүлдөрү, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) |
10 | Жер-жерлерде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн талдоо | Элге эксаймактуулук принциби боюнча кызмат көрсөтүү мүмкүндүгүн талдоо | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча иштелип чыккан сунуштар | 2020-жылдын 20-апрели | ЭМ, МТБМК, Мамкаттоо, ЖӨБ жана этностор агенттиги, Стратегиялык изилдөөлөр институту, КРӨ өкүлдөрү, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) |
Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды региондук деңгээлде этап-этабы менен киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды этап-этабы менен киргизүү боюнча иштелип чыккан механизмдер | 2020-жылдын 20-апрели | |||
11 | Мамлекеттик органдарды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын функциялык талдоо, ошондой эле алардын кадрлык потенциалын талдоо | Аймактык деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларын жана түзүмдөрүн талдоо, анын ичинде бири-бирин кайталоолорду талдоо | Мамлекеттик органдын ишинин тармактык жана укуктук контексти, анын мамлекеттик башкаруу системасындагы орду боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2020-жылдын 20-апрели | КРӨА, Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЭМ, Стратегиялык изилдөөлөр институту, КРӨ өкүлдөрү |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана функцияларын талдоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери жана функциялары талданып, компакттуураак жана натыйжалуу башкаруу системасын түзүү максатында түзүмдү жана функцияларды мүмкүн болгон өркүндөтүү үчүн функциялардын милдеттерге шайкештиги аныкталды | 2020-жылдын 20-апрели | КРӨА, ЭМ, Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), ЖӨБ жана этностор агенттиги, Стратегиялык изилдөөлөр институту, КРӨ өкүлдөрү | ||
Мамлекеттик органдардын жетекчилерин угуу | Бийлик органынын иши жөнүндө түшүнүк калыптанып, иштин багыттарынын жана мыйзам менен белгиленген базалык компетенциялардын тизмеги түзүлгөн, ошондой эле милдеттер жана функциялар талданган, функциялардын милдеттерге шайкештиги аныкталган | График боюнча | КРӨА, ЭМ | ||
12 | Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык реформанын проблемаларын жана келечектерин изилдөө | Административдик-аймактык реформадагы жакшы жактарды, ресурстук потенциалды жана мүмкүн болуучу тоскоолдуктарды кылдат талкуулоо | Административдик-аймактык реформа жасоодогу артыкчылыктарды жана проблемалуу зоналарды аныктоо | 2019-жылдын 1-апрели | ЖӨБ жана этностор агенттиги (уюштуруу), КРӨА, ЭМ, Стратегиялык изилдөөлөр институту, КРӨ өкүлдөрү, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) |
13 | Административдик-аймактык бирдиктерди оптималдаштыруунун негизги критерийлерин аныктоо | Административдик-аймактык бирдиктерди оптималдаштыруунун критерийлери жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу үчүн экономикалык жана демографиялык факторлорду изилдөө | Критерийлер иштелип чыкты | 2020-жылдын 20-апрели | ЭМ, УИА, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ММТМ, АЧТММ, ӨЭЖМК, Стратегиялык изилдөөлөр институту, КРӨ өкүлдөрү, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) |
14 | Алдыдагы административдик-аймактык түзүлүштүн реформасы жөнүндө эл арасында кеңири түшүндүрүү өнөктүгүн жүргүзүү | Административдик-аймактык түзүлүштүн моделдери жөнүндө маселени жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу | Теледе, радиодо жана башка ЖМКларда берүүлөрдүн циклдери даярдалган | 2020-жылдын биринчи жарымы бүткөнчө | КРӨА (уюштуруу), ЭМ, ЮМ, Стратегиялык изилдөөлөр институту, УИА (макулдашуу боюнча), ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨ өкүлдөрү, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча), КТРК (макулдашуу боюнча) |
15 | Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн моделдерин иштеп чыгуу | Реформанын долбоордук, косметикалык жана радикал курамдарына жараша административдик-аймактык түзүлүштүн моделдери жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу | Административдик-аймактык түзүлүштүн конкреттүү моделдери жана аны ишке ашыруу механизмдери жөнүндө сунуштар даярдалган | 2020-жылдын 30-июлу | КРӨА (уюштуруу), ЭМ, УИА (макулдашуу боюнча), Стратегиялык изилдөөлөр институту, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨ өкүлдөрү, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) |
16 | (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы № 60-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
| ||||
17 | Административдик-аймактык түзүлүштүн моделдери жөнүндө сунуштарды Координациялык кеңештин кароосуна киргизүү | Түшкөн сунуштар менен пикирлерди эске алып моделдерди толуктап иштеп чыгуу | Административдик-аймактык түзүлүштүн моделин жана концепциялык ыкмаларын жактыруу | "Административдик-аймактык түзүлүштүн моделдерин даярдоонун жыйынтыгы боюнча" | ЭМ (уюштуруу), ЮМ, УИА (макулдашуу боюнча), Стратегиялык изилдөөлөр институту, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨ өкүлдөрү, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) |
18 | Финансыдагы бюджет аралык мамилелердин жана аймактарды өнүктүрүүнү бюджеттик эмес финансылык камсыздоонун деталдуу схемасын даярдоо | Башкарууда бюджет аралык жана башка финансылык өз ара мамилелердин жаңыланган схемасын иштеп чыгуу | Бюджет аралык жана финансылык мамилелердин жаңы схемасы | 2020-жылдын 30-июлу | ФМ (уюштуруу), ЖӨБ жана этностор агенттиги |
19 | Реформага алдын ала даярдануу үчүн мамлекеттик, муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун улуттук программасынын деталдуу схемасын иштеп чыгуу | Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча пландарды иштеп чыгуу | Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча пландар | 2020-жылдын 30-июлу | Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), ЖӨБ жана этностор агенттиги, Башкаруу академиясы (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор |
20 | Реформанын мазмунуна, ошондой эле аны жүргүзүүгө байланыштуу ресурстук керектөөнүн долбоорун даярдоо | Реформа жүргүзүүнүн баасын эсептеп чыгуу | Реформа жүргүзүүгө байланыштуу жалпы чыгымдардын сметасы | 2020-жылдын III-IV кварталдары | ФМ (уюштуруу), ЖӨБ жана этностор агенттиги, министрликтер жана ведомстволор |
2020-жыл | |||||
21 | Административдик-аймактык түзүлүштү мыйзам менен бекитүү | Административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо | Тийиштүү мыйзамдардын долбоорлору даярдалган | 2020-жылы | ЖӨБ жана этностор агенттиги (уюштуруу), ЭМ, ЮМ, УИА (макулдашуу боюнча), Стратегиялык изилдөөлөр институту, КРӨ өкүлдөрү, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) |
Кабыл алынган мыйзамдарды ишке ашыруу үчүн мыйзамдан келип чыгуучу актыларды иштеп чыгуу | Мыйзамдан келип чыгуучу тийиштүү актылардын долбоорлору даярдалган | 2020-жылдын II жарымы | |||
22 | Ресурстардын баардык типтерин издөө жана реформага колдоо көрсөтүү үчүн эл аралык институттарды тартуу | Реформа үчүн ресурстардын баардык типтерин топтоштуруу | Ресурстардын болушу | 2020-жылдын IV кварталы | КРӨА (уюштуруу), ТИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, министрликтер жана ведомстволор |
23 | Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу | Административдик-аймактык түзүлүштүн төмөнкүдөй шарттардагы оптималдуу түзүмү жана системасы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу: - министрликтер менен ведомстволордун аймактык бөлүмдөрү боюнча; - жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча; - финансылык децентрализация боюнча | Жаңы административдик-аймактык түзүлүш шартында мамлекеттик башкаруунун түзүмү жана системасы боюнча сунуштар иштелип чыккан | 2020-жыл | КРӨА (уюштуруу), ЭМ, ФМ, УИА (макулдашуу боюнча), Стратегиялык изилдөөлөр институту, Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), Башкаруу академиясы (макулдашуу боюнча), ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨ өкүлдөрү, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) |
2021-2023-жылдар | |||||
24 | Сынамык административдик-аймактык бирдикте административдик-аймактык түзүлүштүн моделин ишке ашыруу | Тийиштүү облустарда административдик-аймактык бирдиктерди оптималдаштыруунун негизинде административдик-аймактык түзүлүштүн сынамык долбоорлорун ишке ашыруу | Кызмат көрсөтүүнүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө багытталган натыйжалуу башкаруу моделине жетишилди | 2021-жыл | КРӨА (уюштуруу), КРӨ өкүлдөрү, ЖМА |
25 | Жалпы өлкө боюнча административдик-аймактык түзүлүштүн жаңы моделин системалуу киргизүү | Реформаны бүткүл өлкө боюнча масштабдоо | Өлкөнү толук камтуу | 2022-2023-жылдар | КРӨА |
26 | Административдик-аймактык түзүлүштөгү реформаларды такай мониторингдөө жана натыйжалуулугун баалоо | Реформаны мониторингдөө жана баалоо системасын түзүү | Улуттук мониторингдөө жана баалоо системасы | 2021-2023-жылдар | ЭМ (уюштуруу), ЖӨБ жана этностор агенттиги, ФМ, ЮМ, Стратегиялык изилдөөлөр институту |
27 | Райондордун социалдык-экономикалык ресурстарынын карталарын даярдоо | Райондордун табигый-ресурстук, демографиялык потенциалына талдоо жүргүзүү жана райондордун ресурстарынын карталарын даярдоо | Жаңы райондордун чек араларын түзүү үчүн негиз болуучу табигый, экономикалык, социалдык ресурстардын, демографиялык көрсөткүчтөрдүн жайгашуусунун карталары иштелип чыкты | 2020-жылдын 30-апрели | ЭМ, УИА, Стратегиялык изилдөөлөр институту, ӨЭЖМК, АЧТММ, ТЖМ, ММТМ, ЭСӨМ,ССМ, БИМ, СРМА, ЖРМА |
28 | Райондук деңгээлде мамлекеттик башкаруунун деталдуу схемасын даярдоо | Башкаруунун жаңы моделинин алкагында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана аймактык мамлекеттик органдардын милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, түзүмүн иштеп чыгуу | Райондук деңгээлдеги жаңы башкаруу системасы үчүн даярдоо иштери жүргүзүлдү | 2020-жылдын 30-июлу | ЭМ, ФМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ИИМ, АЧТММ, ТЖМ, БИМ, ССМ, ММТМ, ЭСӨМ, Коргоо комитети, Курулуш агенттиги, МСК, Социалдык фонд, Улутстатком (макулдашуу боюнча), ЖРМА, Жаштар жана спорт агенттиги, Мамкаттоо |
29 | Райондук деңгээлде электрондук башкарууну киргизүү үчүн милдеттердин тизмегин иштеп чыгуу | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин электрондук башкарууга өткөрүү боюнча тапшырмалардын тизмеги менен сунуштарды даярдоо | Мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүндө чыгымдарды оптималдаштыруу камсыз кылынды | 2020-жылдын 20-августу | КРӨ өкүлдөрү, МТБМК, ЖӨБ жана этностор агенттиги |
30 | Административдик-аймактык түзүлүштүн жаңы моделине жана мамлекеттик башкаруу системасына ылайык райондордун чек араларын түзүү | Райондорго административдик-аймактык бөлүштүрүүнүн долбоорун даярдоо | Мамлекеттик башкаруунун оптималдуу системасы менен Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жаңы системасы түзүлдү | 2021-жылы | КРӨА, Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), ЭМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ФМ, ИИМ, АЧТММ, ТЖМ, БИМ, ССМ, ММТМ, ЭСӨМ, Курулуш агенттиги, Коргоо комитети, МСК, Социалдык фонд, Улутстатком (макулдашуу боюнча), ЖРМА, Жаштар жана спорт агенттиги, Мамкаттоо |
Глоссарий:
КРӨА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
АЧТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
МТБМК | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
ӨЭЖМК | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
Улутстатком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
Кадр кызматы | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
Стратегиялык изилдөөлөр институту | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
Башкаруу академиясы | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы |
КРӨ өкүлдөрү | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖМА | - | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБ бирлиги | - | "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар бирлиги" юридикалык жактардын бирикмеси |
Коммерциялык эмес уюмдар | - | Коммерциялык эмес уюмдар |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясы |
ЖМК | - | Жалпыга маалымдоо каражаттары |
Коргоо комитети | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ТЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
Социалдык фонд | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
Жаштар жана спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
СРМА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги |
ЖРМА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик. |