Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
2020-жылдын 28-февралы № 61-б
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-мартындагы № 72-б, 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (2019-nCoV) киришин алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" жана "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
2. Коронавирустук инфекциянын (2019-nCoV) көбөйүшү жана жайылышы байкалып жаткан чет мамлекеттердин тизмеги эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук акты менен бекитиле тургандыгы белгиленсин.
3. Маанилүү жагдайлар жана негиздер болгондо, чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок жакты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүү/өткөрбөө жөнүндө чечимди ведомстволор аралык комиссия кабыл ала тургандыгы белгиленсин, биргелешкен буйрук менен түзүлгөн анын курамына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызмат адамдары кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-мартындагы № 72-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-мартындагы № 72-б буйругунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул буйрукту ишке ашырууда кызыкчылыктары козголушу мүмкүн болгон чет мамлекеттерди форс-мажордук жагдай жана убактылуу мүнөздөгү көрүлгөн чаралар жөнүндө кабарласын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |