Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 10-марты № 151
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 7-декабрындагы № 575 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Баялиева Кундуз Искендербековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин катчысы; |
Эгембердиев Асхат Раимжанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Молдокул уулу Данияр | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директорунун орун басары; |
Кузнецова Татьяна Анатольевна | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
- Ведомстволор аралык координациялык кеңештин курамынан Курманбеков Н.К., Дуйшембиев Ж.А., Ташкулов Т.Д., Кулумбаева А.М. чыгарылсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |