Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 7-декабры № 575
(Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 27-июнундагы № 343, 2016-жылдын 30-декабрындагы № 725, 2018-жылдын 12-мартындагы № 150, 2018-жылдын 4-майындагы № 320, 2018-жылдын 18-декабрындагы № 743, 2020-жылдын 10-мартындагы № 151 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 232 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө жобону ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 25-декабрындагы № 547 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 24-мартындагы № 69 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 28-июлундагы № 346 буйругу.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин КУРАМЫ
(Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 27-июнундагы № 343, 2016-жылдын 30-декабрындагы № 725, 2018-жылдын 12-мартындагы № 150, 2018-жылдын 4-майындагы № 320, 2018-жылдын 18-декабрындагы № 743, 2020-жылдын 10-мартындагы № 151 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Омурбекова Алтынай Сейитбековна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин төрагасы; |
Маматканов Улан Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; |
Араев Азамат Муратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; |
Баялиева Кундуз Искендербековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин катчысы; |
Мамидинова Чинара Кудайбердиевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; |
Ведомстволор аралык координациялык кеңештин мүчөлөрү: | ||
Сыдыков Аскат Шаршекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы (макулдашуу боюнча); |
Дүйшөмбиев Нурлан Касымбекович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
(Абзац Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 12-мартындагы № 150 буйругуна ылайык күчүн жоготту) | ||
Эгембердиев Асхат Раимжанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Солтонбекова Ализа Карыпбековна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Каратаев Мадемин Мусаевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Калбеков Акжол Сабырович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун директору; |
Парханов Мирлан Абдивалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Асанов Уланбек Жалалович | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; |
Жусупбекова Надира Сынташевна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Молдокул уулу Данияр | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директорунун орун басары; |
Кузнецова Татьяна Анатольевна | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Кадыров Нурбек Суйунович | - | Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Зайченко Елена Семеновна | - | БУУнун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунун Балдарды коргоо боюнча программасынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Шейшекеева Гульнара Санташевна | - | "Укук борбору" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
Бекембаева Гульжан Тургазиевна | - | "Инсан мууну" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча). |
Райымкулов Билим Сардалбекович |
| Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |