Редакцияот 22.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 22-марты № 95-б

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) андан ары жайылуусуна жол бербөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 3-пунктунун экинчи абзацы "Кыргыз Республикасына келүүнү пландаган" деген сөздөргө чейин "Ушул буйруктун 1-пунктунда каралган чектөөлөр жайылтылбаган адамдардан тышкары" деген сөздөр менен толукталсын.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев