Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 21-октябрындагы N 688 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 5-июну № 228
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачык-айкындыгын жана максаттуу пайдаланууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 -жылдын 27-июлундагы № 416 токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жобонун 4-пунктуна ылайык:
1. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен Байкоочу кеңештин жаны курамынын биринчи жыйынын даярдап. өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 8-декабрындагы № 651 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Тиркеме
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Каракол башкармалыгынын начальниги;
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Ысык-Көл облусунун Жети-өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Каракол шаардык кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердикти келдоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Балыкчы шаардык кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердикти колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун "Ак-Суу Арашан" коомдук бирикмесинин окулу (макулдашуу боюнча);
Ысык-Көл облусунун Жети-өгүз райондук аялдар кеңешинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун "Этномаданий Туристтик Ысык-Көл Тескей Жээк Дестинация" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча).
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице премьер-министр |
К.А Боронов |