Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 21-октябры № 688
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачыктыгын жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жобонун 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин жыйналышын өткөрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 22-мартындагы № 139 буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 5-июнундагы № 228 буйругу.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин КУРАМЫ
Далиев У.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы. |
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү: | ||
Толумбекова К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Каракол шаардык башкармалыгынын начальниги; |
Кожобаев Р.К. | - | "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Жекшен уулу А. | - | Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Кулова М.Э. | - | Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Шаршеев Р.А. | - | Түп районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Орозобекова А.К. | - | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Камалов К.Р. | - | Каракол шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Чыныбаева Г.А. | - | Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Урмолдоев Д.Б. | - | Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Калмакиев А.Т. | - | Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун "Ак-Суу Арашан" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча). |