Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 8-июну № 205-б
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-февралындагы № 49-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри өзүнүн буйругу менен каралып жаткан маселелерди жана өзбек делегациясынын курамын эске алуу менен делегациянын курамына өзгөртүү киргизүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жыйындарды жана жолугушууларды өткөрүү жөнүндө жана өкмөттүк делегациянын мүчөлөрүн өзбекстан Республикасына командировкага жиберүү тууралуу чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
Комиссиянын иш планы жана алдыдагы жолугушууларды уюштуруу дипломатиялык каналдар боюнча келип түшкөн жана жиберилген расмий ноталарга ылайык тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча жүзөгө-ашырылат.»;
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 347-6 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.,
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А Боронов |
Тиркеме
Тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын
курамы
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (чек ара маселелерин тейлеген), делегациянын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчисинин орун басары.
Өкмөттүк делегациянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринпн орун басары:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
бөлүм башчынын орун басары - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринпн кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тобунун кызматкери;
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик ишканасынын директорунун биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын улук офицери;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын (Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик ишканасынын Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча туштук региондук бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кадамжай филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аксы филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын директору.