Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 24-декабры № 404-б
Кыргыз Республикасынын референдумуна даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү уюштурууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү, "Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 373-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү уюштурууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө" токтомун көңүлгө алып:";
2) 1 жана 4-пункттары "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын референдумуна" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 2, 3 жана 5-пункттарынын экинчи жана үчүнчү абзацтары "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын референдумуна" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 7-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтары "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын референдумуна" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 11, 15-17-пункттары "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын референдумуна" деген сөздөр менен толукталсын;
6) жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын курамында:
- аталышы "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын референдумуна" деген сөздөр менен толукталсын;
- курамга төмөнкүлөр киргизилсин:
Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; |
Джаныкулов Кылычбек Акылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Исаев Санжар Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Джанузаков Адилет Канатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
- курамдан У.Э.Маматканов, А.М.Араев, Д.Т.Конокбаев чыгарылсын.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |