Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 13-ноябры № 373-б
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-декабрындагы № 404-б буйругунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү уюштурууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө" токтомун көңүлгө алып:";
1. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча):
- шайлоочулардын тизмелерин түзүү жана тактоо, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тийиштүү штабдарды түзүшсүн;
- шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды автотранспорт, материалдык-техникалык каражаттар жана байланыш каражаттары менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечишсин;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- агитациялык материалдарды илүүгө атайын жерлерди бөлүп беришсин жана аларды жайгаштыруу үчүн бирдей шарттарды камсыздашсын.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүшсүн:
- шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө зарыл болгон финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына республикалык бюджеттен өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү камсыздоо боюнча чараларды көрсүн:
- Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин, коомдук тартипти сактоону, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү учурунда шайлоо участокторун кайтарууну, шайлоо участокторуна шайлоо бюллетендерин коопсуз ташууну жана жеткирүүнү;
- шайлоочулардын добушун сатып алууга жана административдик ресурсту колдонууга, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдардын башка бузууларына каршы өз убагында жана натыйжалуу аракеттерди көрүүнү жана көрүлгөн чаралар жөнүндө коомчулукка маалымдоону;
- добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдууларды коопсуз сактоону.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топторунун ишинин алкагында укук коргоо органдарынын бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча активдүү иштөөсүн камсыз кылышсын.
7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын арасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шайлоо укуктарын ишке ашыруу шарттары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган жана жүргөн шайлоочулар жөнүндө маалыматты даярдасын жана шайлоочулардын такталган тизмелерин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берсин;
- санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук жана жарандардын ден соолугун коргоо талаптарын сактоо менен Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна катышуу үчүн республиканын чегинен сырткары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына зарыл болгон шарттарды түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын референдуму боюнча документтерди жана тиешелүү жабдууларды Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өз убагында жана ыкчам жеткирүүнү уюштурсун.
8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн:
- Кыргыз Республикасынын тийиштүү органдарында, аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде кызмат өтөп жаткандардын;
- шектүү жана айыпталуучу катары камакка алуу жайларында жүргөндөрдүн;
- стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелеринде жүргөндөрдүн.
9. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети шайлоо процессинде колдонулуучу маалымат системасынын киберкоопсуздугун, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну камсыздоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жөнүндө мыйзамдарында белгиленген маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдары менен камсыздоого, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүүгө жана аны актуалдаштырууга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтүшсүн.
10. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте шайлоо процессинин этаптарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу үчүн иш-аракеттер алгоритмин иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын.
11. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү менен байланышкан жүктөрдү шайлоо комиссияларына биринчи кезекте жеткирүүнү камсыз кылсын.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция шайлоо комиссияларына бөлүнүп берилген бардык жайлардын өрт жана энергетикалык коопсуздук талаптарына шайкештигин текшерсин.
13. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому менен бирдикте үзгүлтүксүз электр менен жабдууну камсыз кылсын.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын такталган тизмесин түзүү жана аны ишенимдүү түрдө актуалдаштыруу боюнча маалыматтык системалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздасын.
15. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги социалдык роликтерди, маалымат материалдарын жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштыруу жана прокатка коюу жолу менен Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү менен байланышкан маселелер боюнча шайлоочуларга маалымат берүүгө көмөк көрсөтсүн.
16. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин сактоону камсыз кылуу сунушталсын.
17. Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.
18. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С.Н.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-декабрындагы № 404-б буйругунун редакциясына ылайык)
Мамытканов Максат Суйуналиевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Республикалык штабдын төрагасы; |
Шайлдабекова Нуржан Кармабековна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, Республикалык штабдын тең төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Аманбаев Бактыбек Абдилашимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары. |
Республикалык штабдын мүчөлөрү: | ||
Мукашев Кыялбек Белекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Ниязбеков Улан Омоканович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; |
Казакбаев Руслан Айтбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; |
Ажикеев Бообек Эргешович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; |
Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; |
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри; |
Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович
|
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри |
Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Исмаилов Алтынбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Тердикбаев Эрлис Жекшенович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Шаршеев Уларбек Зарлыкович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы; |
Эгембердиев Аскат Раимбердиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Каймазаров Таштанбек Турарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы; |
Мамбеталиев Акын Мирович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; |
Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Орозалиев Акылбек Атабекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Джаныкулов Кылычбек Акылбекович
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
|
Аттокуров Эльдар Эртабылдыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Абдралиева Гулмира Курманбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Рысалиев Бактыбек Каржубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Муканов Канат Аскерович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Исаев Санжар Эркинович
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
|
Джанузаков Адилет Канатович
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
|
Чолпонкулов Маратбек Абжалбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; |
Тулобаев Балбак Зарлыкович | - | Бишкек шаарынын мээринин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Сарыбашов Таалайбек Насирбекович | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Жалалов Жаныбек Махматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сыргабаев Абсаттар Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Ашимбаев Сабыркул Абасович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Абдураимов Жарасул Осмоналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Мияров Мирбек Ибаратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жантаев Эльчибек Нуржадыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. |