Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы N 609-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 30-декабры № 412-б
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишине байланыштуу маселелерди тартипке келтирүү максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |
|
| Тиркеме |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин экономикалык саясат башкы башкармалыгынын кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү саясатын координациялоо бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасымын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
жекече (макулдашуу боюнча):
Мусаева Айжан Эркиновна | - | Регионалистика жана өнүктүрүү борборунун директору; |
Капарова Айнура Акимжановна | - | көз карандысыз эксперт; |
Третьяков Александр Викторович | - | көз карандысыз эксперт; |
Балтагулов Джалалбек Тюрегельдиевич | - | көз карандысыз эксперт; |
Коак Александр Николаевич | - | "Коомдук технологиялар борбору" мекемесинин эксперти; |
Слепченко Наталья Сергеевна | - | көз карандысыз эксперт; |
Чекиров Асылбек Асаналиевич | - | көз карандысыз эксперт; |
Мурзакматов Бекжан Мукаевич | - | "Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоорунун техникалык эксперти; |
Алдакулова Бубусара Турдалиевна | - | көз карандысыз эксперт; |
Ускенбаева Гульнара Тураровна | - | Жеткирүүчүлөр, өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын президенти; |
Булатова Юлия Нарыновна | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын юристи. |
Эскертүү. Кызмат орду боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамына киргизилген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечимине же ошол мамлекеттик органдын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык аныкталат. тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилет.".