КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 17-июну № 44-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2021-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2016-жылдын 5-октябрындагы "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын, "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн Европа Бирлигинин инвестициялык механизми линиясы боюнча (European Union’s Investment Facility for Central Asia, ИФКА) Европа комиссиясынан инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашууга, 2017-жылдын 7-декабрындагы Кыргыз Республикасынын, "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен "Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууга жана 2016-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу каттарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | У. А. Марипов |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-июнундагы № 44 тескемеси менен жактырылган |
2021-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2016-жылдын 5-октябрындагы "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын, "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн Европа Бирлигинин инвестициялык механизми линиясы боюнча (European Union’s Investment Facility for Central Asia, ИФКА) Европа комиссиясынан инвестициялык грант боюнча Граттык макулдашууга, 2017-жылдын 7-декабрындагы Кыргыз Республикасынын, "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен "Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууга жана 2016-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу каттарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2021-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2016-жылдын 5-октябрындагы "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын, "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн Европа Бирлигинин инвестициялык механизми линиясы боюнча (European Union’s Investment Facility for Central Asia, ИФКА) Европа комиссиясынан инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашууга, 2017-жылдын 7-декабрындагы Кыргыз Республикасынын, "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен "Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууга жана 2016-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу каттар жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жогоруда аталган макулдашуу каттар милдеттүү түрдө ратификацияланууга тийиш. Ушуга байланыштуу макулдашуу каттардын долбоорлоруна кол коюлганга чейин, алар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Бюджет жана финансы боюнча комитет - 2020-жылдын 22-июнундагы чечими, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет - 2020-жылдын 23-июнундагы чечими, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет - 2020-жылдын 23-июнундагы чечими) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-мартындагы № 59-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашуу каттарга 2021-жылдын 23-мартында, "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбооруна, финансылык каражаттарды ЭКЭАТнын көп сандаган эсептегичтерин сатып алууга жумшоо максатында оптималдаштыруу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн 1-тиркеменин 2-пунктунун (С) (подстанциялар жана трансформаторлор) компонентин жокко чыгаруу боюнча жана 2016-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуунун 1-тиркемесинин 2-пунктунун (D) (консультациялык кызмат көрсөтүүлөр) бөлүгүн жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында кол коюлган, анткени Долбоорду ишке ашыруу жана корпоративдик өнүктүрүүнү колдоо программалары боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөр Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун ортосунда буга чейин кол коюлган тиешелүү документ аркылуу, ошондой эле "Ошэлектр" ачык акционердик коомуна жана "Чыгышэлектр" ачык акционердик коомуна гранттык каражаттарды акысыз негизде берүү жолу менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын техникалык жардамынын эсебинен ишке ашырылат.
Макулдашуу каттарды ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
Макулдашуу каттарды ратификациялоо кандайдыр бир терс финансы-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.