Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 25-октябры № 253-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-июнундагы № 240-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага | А. У. Жапаров |
Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталуучу),
1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын катышуучулары болуу менен,
алардын мамлекеттеринин тиешелүү аймактарынын ортосунда аба катнашын түзүү максатында Макулдашуу түзүүнү каалоо менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
а) "Чикаго конвенциясы" 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияны билдирет жана ага Чикаго конвенциясынын 94 жана 90-беренелерине ылайык Макулдашуучу тараптардын ар бири үчүн күчүнө кирүүчү бардык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду камтыйт;
б) "авиациялык бийлик органдары" Кыргыз Республикасына карата - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигин жана Азербайжан Республикасына карата - Азербайжан Республикасынын Транспорт, байланыш жана жогорку технологиялар министрлигин же эки Макулдашуучу тарапка карата - азыркы убакта аталган Министрликтер тарабынан аткарылуучу функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кайсы болбосун башка органды билдирет;
в) "дайындалган авиакомпания" - ушул Макулдашуунун 4-беренесине ылайык дайындалган жана ыйгарым укук берилген авиакомпанияны билдирет;
г) "аймак" Макулдашуучу тараптарга карата Чикаго конвенциясынын 2-беренесинде аныкталган мааниге ылайык келет;
д) "Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагы" тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын аймагын жана Азербайжан Республикасынын аймагын билдирет;
е) "аба ташуулары", "эл аралык аба ташуулары", "авиакомпания" жана "коммерциялык эмес максаттар менен токтоо" Чикаго конвенциясынын 96-беренесинин a), b), с), d) пункттарында камтылган терминдер билдирген маанилерди түшүндүрөт;
ж) "ушул Макулдашуу" - ушул аталышындагыдай Макулдашууну, ошондой эле тиркемесин жана аны оңдоолорду билдирет;
з) "тариф" төмөнкүлөрдү билдирет:
(1) почтаны кошпогондо, жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү ташуу үчүн белгиленген бааны;
(2) кошумча товар, кызмат көрсөтүүлөр же ушундай ташууларга байланыштуу алынган, же мүмкүн болгон, же алардан келип чыккан башка пайда үчүн белгиленген бааларды жана мындай баалардын колдонулушун жөнгө салуучу шарттарды жана мындай товарды, кызмат көрсөтүүлөрдү же кирешени берүүнү же мүмкүндүктөрүн камтыйт;
(3) дайындалган авиакомпаниялардын агентке билеттерди сатуу же агенттин ырааттама боюнча жүк ташуу үчүн жүк коштомо барактарын толтуруусу үчүн төлөнүүчү комиссиялык акылардын өлчөмүн;
к) "керектөө баалары" тийиштүү Макулдашуучу тарап белгилеген же аэропортторду жана аэронавигациялык каражаттарды, жабдууларды, объекттерди, ошондой эле бул Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында көрсөтүлүүчү аэропорттук жана аэронавигациялык кызматтарды, анын ичинде аба кемесин, анын экипажын, жүргүнчүлөрүн жана жүктөрүн тейлөө боюнча тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу үчүн алар тарабынан уруксат берилген бааларды түшүндүрөт;
л) "сыйымдуулук" төмөнкүлөрдү билдирет:
(1) аба кемесине карата - аба кемесинин ушул макулдашылган маршрут боюнча пайдаланылышы мүмкүн болгон пайдалуу жүктөлүшүн;
(2) макулдашылган маршрутка карата - ушул макулдашылган маршрутта пайдаланылуучу аба кемесинин көрсөтүлгөн мезгилде ушул макулдашылган маршрут боюнча аталган аба кемеси менен аткарылуучу учуулардын жыштыгына көбөйтүлгөн сыйымдуулугуна барабар болгон ташуулардын көлөмүн;
м) "жүргүнчү агымы", "жүк агымы" ушул макулдашылган маршрут боюнча ташылуучу жүргүнчүлөрдүн, жүктөрдүн жана/же почталардын санын жана/же көлөмүн билдирет.
2-берене. Чикаго конвенциясынын колдонулушу
Ушул Макулдашуунун жоболору Чикаго конвенциясынын жоболоруна бул жоболордун эл аралык аба ташууларына карата колдонулган өлчөмүндө баш иет.
3-берене. Укуктарды берүү
1) Макулдашуучу тараптардын ар бири экинчи Макулдашуучу тарапка эл аралык аба ташууларына карата төмөнкү укуктарды беришет:
а) өзүнүн мамлекетинин аймагынын үстүнөн конуусуз учуу укугун;
б) коммерциялык эмес максаттар менен өзүнүн мамлекетинин аймагында кондуруу укугун;
в) жүргүнчүлөрдү кондуруу жана түшүрүү, жүктөрдү, анын ичинде почтаны жүктөө жана түшүрүү максатында ушул Макулдашуунун тиркемесинде көрсөтүлгөн пункттарда өзүнүн мамлекетинин аймагында маршрут боюнча учуу жана конуу укугун (мындан ары - "макулдашылган ташуулар" жана "макулдашылган маршруттар" тиешелүү түрдө).
2) Ушул Макулдашуудагы эч бир нерсе бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү, аным ичинде почтаны жалдоо же төмөнкүлөрдүн ортосунда сый акы боюнча ташууларды жүргүзүүгө укук бербейт:
а) экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагындагы пункттардын ортосунда;
б) эгерде Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийлик органдарынын ортосунда башкача макулдашылбаса, экинчи Макулдашуучу тараптын аралыктык пункттары же чегинен тышкары пункттар менен ушул экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагындагы пункттардын ортосунда.
3) Эгерде куралдуу чыр-чатактар, саясий башаламандыктар же башка ар кандай форс-мажордук жагдайлар болгон учурда бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын макулдашылган маршрут боюнча учууларды аткарууга мүмкүндүгү болбосо, экинчи Макулдашуучу тарап учууну башка ылайыктуу убактылуу маршрут боюнча улантууну камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.
4) Ар бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин авиакомпаниялары ушул Макулдашуунун 4-беренесине ылайык дайындалгандардан башка ушул берененин 1-пунктунун а) жана б) пунктчаларында аныкталган укуктарга ээ болушат.
4-берене. Дайындалган авиакомпанияларга уруксаттарды дайындоо жана берүү
1) Ар бир Макулдашуучу тарап макулдашылган ташууларды макулдашылган маршруттар боюнча ишке ашыруу максатында экинчи Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу бул тууралуу тийиштүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү менен бир же бир нече авиакомпанияны дайындоого укуктуу.
2) Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу тийиштүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү менен өзүнүн дайындоосун чакыртып алууга же алар тарабынан дайындалган авиакомпанияга берген дайындоосунун шарттарын өзгөртүүгө укуктуу.
3) Дайындоо жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин Макулдашуучу тарап ушул берененин 4-пунктунун жоболоруна ылайык экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясына тез арада тийиштүү уруксаттарды берет.
4) Ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлик органдары экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясынан ал авиакомпания эл аралык учууларды жана эл аралык учууларды жана эл аралык аба ташууларын жүргүзүүгө тиешелүү болгон улуттук мыйзамдарынын талаптарын, мындай талаптар Чикаго конвенциясынын жоболоруна шайкеш келген шартта аткарууга жөндөмдүү экендигине далилдерди талап кылууга укуктуу.
5) Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына артыкча ээлик кылуу же анык контролдоо ушул экинчи Макулдашуучу тарапка же ушул экинчи Макулдашуучу тараптын жарандарына таандык экендигине Макулдашуучу тараптын далилдери жок болгон бардык учурларда дайындалган авиакомпания тарабынан ушул берененин 3) пунктунда көрсөтүлгөн укуктарды берүүдөн баш тартууга же ушул Макулдашуунун 3-беренесинин 2) пунктунда көрсөтүлгөн укуктарды колдонууда зарыл деп эсептеген мындай шарттарды аткарууну талап кылууга укуктуу.
6) Ушул берененин 3-пунктуна ылайык берилген уруксатка ээ ар бир дайындалган авиакомпания макулдашылган каттамдар боюнча макулдашылган ташууларды тарифтер ушул Макулдашуунун 7-беренесине ылайык бекитилген шартта жүзөгө ашырууну каалаган убакта ишке ашырууну баштай алат.
5-берене. Эксплуатациялык уруксаттарды жокко чыгаруу же токтото туруу
1) Ар бир Макулдашуучу тарап ушул Макулдашуунун 3-беренесинин 1) пунктунда көрсөтүлгөн жана экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясына берилген эксплуатациялык уруксаттарды жана укуктарды жокко чыгарууга же токтото турууга же бул уруксаттарды жана укуктарды кандай болгон учурда да колдонууда зарыл деп эсептеген мындай шарттарды аткарууну талап кылууга укуктуу, эгерде:
а) экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясынын үстүнөн артыкча ээлик кылуу же анык контролдоо ушул экинчи Макулдашуучу тарапка тиешелүү болбосо;
б) экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясы эксплуатациялык уруксаттарды жана укуктарды берүүчү Макулдашуучу тараптын мыйзамдарын жана эрежелерин сактабаса;
в) дайындалган авиакомпания ушул Макулдашуунун кандайдыр бир шарттарын сактабаса.
2) Эгерде ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарды тез арада жокко чыгаруу, токтото туруу же аткарууну талап кылуу кийинки мыйзам жана эреже бузууларды алдын алуу үчүн зарыл болбосо, анда 1) пунктта айтылган укук экинчи Макулдашуучу тарап менен консультациялардан кийин гана колдонулат. Эки Макулдашуучу тараптын тең авиациялык бийлик органдарынын ортосундагы мындай консультациялар экинчи Макулдашуучу тараптын жазуу жүзүндө жиберген суроо-талабын алган күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде башталат.
6-берене. Макулдашылган маршруттар боюнча макулдашылган ташууларды ишке ашыруунун шарттары
1) Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин дайындалган авиакомпанияларына макулдашылган маршруттарды эксплуатациялоонун калыс жана бирдей шарттары берилет.
2) Макулдашылган маршруттар боюнча макулдашылган ташууларды ишке ашырууда ар бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниялары ошол макулдашылган маршрут боюнча ташууларга муктаждыктарды эске алышат жана ушундай сыйымдуулуктагы аба кемелерин пайдаланышат же экономикалык ыңгайлуу жүктөө коэффициентинде жана учуулардын жыштыгында жүргүнчү агымынын жана жүк агымынын болгон жана негиздүү болжолдонгон көлөмүнө жооп берген пайдаланылуучу аба кемелеринин ушундай сыйымдуулугун пайдаланышат.
7-берене. Тарифтер
1) Эки Макулдашуучу тараптын тең аймактарынын ортосундагы ташуулар үчүн мамлекеттердин дайындалган авиакомпаниялары колдонуучу тарифтер бардык тийиштүү факторлорду, анын ичинде аба транспортун керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын, эксплуатациялык чыгымдарды, жөндүү пайданы жана рынок шарттарын эске алуу менен экономикалык ыңгайлуу деңгээлде аныкталат.
2) Ар бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясы же анын атынан тиешелүү Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлик органдары кеминде 30 (отуз) күндүн ичинде же эки Макулдашуучу тараптын тең авиациялык бийлик органдары тарабынан макулдашылган андан аз мөөнөттө мындай тариф күчүнө киргенге чейин экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлик органдарына макулдашылган эксплуатациялануучу каттам(дар) боюнча макулдашылган ташууларды ишке ашырууда колдонулууга тийиш болгон тарифтерди беришет.
3) Кароого сунушталган тариф эгерде тарифти кароочу Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлик органдары алар тарифтерди кароого алгандан кийин жыйырма (20) күндүн ичинде экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлик органдарына сунуш кылынган тарифти бекитүүдөн баш тартуусу жөнүндө жазуу жүзүндө билдиришпесе, тариф сунушталган күндөн жыйырма бир (21) күн өткөндөн кийин бекитилди деп эсептелет.
4) Ушул Макулдашууда эч бир нерсе бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлик органдарына экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясы кароого сунуштаган тарифти эгерде сунушталган тариф өтө эле чектен ашкан болуп саналса же бул тарифти колдонуу ошол Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясына же ушул макулдашылган каттам боюнча эл аралык аба ташууларын ишке ашыруучу бардык башка авиакомпанияларга зыян алып келиши мүмкүн болгон учурда гана мындай аракет колдонулган шартта аны бир тараптуу тартипте четке кагууга тоскоол болбойт.
5) Бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлик органдары тарифтерди кароого алган күндөн тартып жыйырма (20) күндүн ичинде эгерде алар экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиациялык бийлик органы колдонгон тариф өтө эле чектен ашкан болуп саналса же бул тарифти колдонуу ошол Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясына же ушул макулдашылган каттам боюнча эл аралык аба ташууларын ишке ашыруучу бардык башка авиакомпанияларга олуттуу зыян алып келиши мүмкүн деп эсептесе, экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин авиациялык бийлик органдары менен консультацияларды жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу. Мындай консультациялар консультациянын суроо-талабынан кийин жыйырма бир (21) күндүн ичинде аяктайт жана эки Макулдашуучу тараптын тең авиациялык бийлик органдары тарабынан башкача макулдашылбаса, тариф бул мезгилдин аягында күчүнө кирет.
6) Бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы тарабынан экинчи Макулдашуучу тарап менен үчүнчү мамлекеттин аймактарынын ортосундагы ташуулар үчүн белгиленген тарифтер ушул Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлик органдары тарабынан бекитилүүгө тийиш. Ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлик органдары эгерде мындай бекитилген тариф жокко чыгарылса же мындай бекитүүнүн шарттары өзгөрүлсө, тарифтерди бекитүүсүн чакыртып алууга укуктуу.
7) Ушул беренеге ылайык белгиленген тарифтер ушул берененин шарттарына ылайык белгиленген жаңы тарифтерге алмаштырылмайынча күчүндө калат. Эгерде Макулдашуучу тараптардын ортосунда башкача макулдашылбаса, тарифтин колдонулуу мөөнөтү анын колдонулуу мөөнөтү бүткөн күндөн кийин он эки (12) айдан ашык мезгилге узартылбайт.
8-берене. Салыктардан, алымдардан жана башка ушул сыяктуу жыйымдардан бошотуу
1) Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясынын эл аралык ташууларына тартылган аба кемеси, ошондой эле анын жабдуулары, күйүүчү жана майлоочу материалдарынын запастары жана борттогу запастар, анын ичинде бул аба кемесинин бортундагы тамак-аш азыктары, суусундуктарды жана тамекини кошкондо бир Макулдашуучу тараптын аймагына келгенде бул жабдуулар жана запастык тетиктер аба кемесинин бортунда аларды кайра алып чыгып кеткен учурга чейин же ошол аймактардын үстүндө учуу убагында аба кемесин пайдаланганга чейин калуу шарты менен салыктардан, алымдардан жана башка ушул сыяктуу жыйымдардан бошотулат.
2) Төмөнкү предметтер көрсөтүлгөн кызматтардын наркына негизделген жыйымдардан башка алымдардан жана салыктардан бошотулат:
а) бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында аталган Макулдашуучу тараптын бийликтери белгилеген жөндүү чектердеги бортко алынган жана экинчи Макулдашуучу тараптын эл аралык аба катнаштарына тартылган учуп чыгуучу аба кемесинин бортунда пайдаланууга арналган борт запастары;
б) бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясынын эл аралык аба катнаштарына тартылган аба кемелерин техникалык тейлөөнү же оңдоону ишке ашыруу максатында ташып барылган запастык бөлүктөр;
в) бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясынын эл аралык аба катнаштарына тартылган макулдашылган ташууларда иштетилген аба кемесинин бортунда пайдалануу үчүн берилген күйүүчү май, майлоочу материалдар, эгерде мындай запастар бортко алынган жердеги Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагынын үстүндө өтүүчү маршруттун участогунда пайдаланууга арналса да.
3) Ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн материалдар талап боюнча бажы көзөмөлүнө жана контролуна алынышы мүмкүн.
4) Кадимки борт жабдуусу бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясынын аба кемесинин бортунда сакталуучу материалдар жана запастар сыяктуу эле экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына аталган аймактын бажы бийлигинин жактыруусу менен гана экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына түшүрүлүшү мүмкүн. Мындай учурда алар бажы эрежелерине ылайык ташып чыкканга же пайдаланылганга чейин көрсөтүлгөн бийликтин байкоосуна жайгаштырылат.
5) Макулдашуучу тараптын биринин мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясынын зарыл болгон документтери, анын ичинде бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин авиакомпаниясы тарабынан өзүнүн эксплуатациялык керектөөлөрү үчүн экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына ташып келинген же ташып чыгарылган авиабилеттер, жүк коштомо барактары, ошондой эле жарнама материалдары, ташуу документтери аларды ташып келүүдө, ташып чыгууда жана бортто турган убакта экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында бажы алымдардан бошотулууга тийиш.
6) Бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагы аркылуу түз транзит менен бара жаткан жана бул максаттар үчүн бөлүнгөн аэропорттогу секторлордон сыртка чыкпоочу жүргүнчүлөр, багаж жана жүктөр авиациялык коопсуздуктун талаптарына ылайык жүргүзүлүүчү кароодон башка жөнөкөйлөтүлгөн контролдон гана өтүшөт. Көрсөтүлгөн туз транзит менен бара жаткан багаж жана жүктөр салыктардан, алымдардан жана ушул сыяктуу жыйымдардан бошотулат.
7) Бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагынан/аймагына жүргүнчүлөрдүн, багаждын жана жүктөрдүн учуп келүү/учуп чыгуу жол-жоболорун жөнгө салуучу мамлекеттик бийликтери экинчи Макулдашуучу тараптын тийиштүү мамлекеттик бийликтерине жүргүнчүлөр, багаж жана жүктөр жөнүндө маалыматтарды алдын ала үзгүлтүксүз рейстерди аткарган аба кемеси учканга чейин берүүгө тийиш.
9-берене. Авиациялык коопсуздук
1) 1963-жылдын 14-сентябрында Токиодо кол коюлган Аба кемелеринин бортунда жасалуучу кылмыштар жана айрым башка актылар жөнүндө конвенциянын, 1970-жылдын 16-декабрында Гаагада кол коюлган Аба кемелерин мыйзамсыз басып алуу менен күрөшүү жөнүндө конвенциянын, 1971-жылдын 23-сентябрында Монреалда кол коюлган Жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы багытталган мыйзамсыз актылар менен күрөшүү жөнүндө конвенциянын жана 1988-жылдын 24-февралында Монреалда кол коюлган Эл аралык жарандык авиацияны тейлеген аэропорттордогу мыйзамсыз зомбулук актылары менен күрөшүү жөнүндө протоколдун жоболору Макулдашуучу тараптардын экөөнө тең карата колдонулат жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөт.
2) Макулдашуучу тараптар аба кемелерин басып алуунун жана аба кемелеринин, жүргүнчүлөрдүн, экипаж мүчөлөрүнүн, аэропорттордун, аэронавигациялык каражаттардын же жарандык авиациянын башка бардык объекттеринин коопсуздугуна коркунуч жаратуучу жарандык авиациянын ишине мыйзамсыз кийлигишүүнүн башка актыларын алдын алуу боюнча бири-бирине зарыл болгон бардык жардамдарды беришет.
3) Макулдашуучу тараптар Чикаго конвенциясынын 17-тиркемесинде камтылган стандарттарга ылайык иштешет. Макулдашуучу тараптардын ар бири ушул Макулдашуучу тараптын реестринде катталган аба кемелеринин эксплуатанттарынан, негизги иштеген жери же туруктуу жүргөн жери бул Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында болгон аба кемелеринин эксплуатанттарынан, ошондой эле өзүнүн мамлекетинин аймагындагы аэропорттордун эксплуатанттарынан Чикаго конвенциясынын жогоруда аталган тиркемесинин жоболорун сактоону талап кылат. Бул пунктта Чикаго конвенциясынын 17-тиркемесинин стандарттарына шилтеме тийиштүү Макулдашуучу тарап белгилеген жана Чикаго конвенциясында белгиленген тартипте Чикаго конвенциясынын 17-тиркемесинде камтылган стандарттардан айырмачылык катары Чикаго конвенциясында белгиленген тартипте көрсөтүлгөн бардык талаптарды камтыйт. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка аталган айырмачылыктарды көрсөтүү ниети жөнүндө күн мурунтан маалымдайт.
4) Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн мамлекетинин аймагынын чегинде аба кемеси конгонго же жайлаштырылганга чейин жана конуу же жайлаштыруу убактысында аба кемесин, жүргүнчүлөрдү, экипаж мүчөлөрүн, жүктөрдү, анын ичинде кол жүктөрүн жана борт запастарын мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо боюнча тийиштүү чараларды көрөт. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясынан ушул берененин 3) пунктунда камтылган авиациялык коопсуздук боюнча жоболорду сактоону талап кылууга укуктуу. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын конкреттүү коркунучка байланыштуу авиациялык коопсуздуктун атайын чараларын көрүү жөнүндө бардык өтүнүчтөрүн карайт.
5) Аба кемесин басып алуу же аба кемелеринин, жүргүнчүлөрдүн, экипаж мүчөлөрүнүн, аэропорттордун, аэронавигациялык каражаттардын же жарандык авиация объекттеринин башка бардык объекттеринин коопсуздугуна коркунуч жаратуучу жарандык авиациянын ишине мыйзамсыз кийлигишүүнүн башка актысы болгондо, Макулдашуучу тараптар байланышты камсыз кылуу жана мындай актыларды же минималдуу тобокелдик менен мындай актылардын келип чыгуу коркунучтарына бөгөт коюу боюнча тийиштүү ыкчам жана коопсуз чараларды көрүү менен бири-бирине жардам беришет.
10-берене. Учуулардын коопсуздугу
1) Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын учууларынын коопсуздугу, аба кемелерин эксплуатациялоо жана аба кемелеринин экипаждарынын мүчөлөрүн квалификациялоо жаатындагы бардык талаптары тууралуу консультацияларды жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу. Мындай консультациялар консультацияларга суроо-талапты алган күндөн тартып 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.
2) Эгерде бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын Эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан белгиленген минималдуу стандарттарды сактабагандыгын же талаптагыдай деңгээлде сактабагандыгын аныктаса, анда бул Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка бул тууралуу маалымдайт жана көрсөтүлгөн минималдуу стандарттарды сактоо үчүн зарыл болгон чараларды сунуш кылат, ал эми экинчи Макулдашуучу тарап муну менен тийиштүү түзөтүүчү чараларды көрөт. Экинчи Макулдашуучу тараптын 15 (он беш) күндүн же Макулдашуучу тараптар макулдашуусу мүмкүн болгондон узак мөөнөттүн ичинде көрсөтүлгөн түзөтүүчү чараларды көрбөгөндүгү ушул Макулдашуунун 5-беренесин колдонуу үчүн негиз болот.
3) Чикаго конвенциясынын 33-беренесинде айтылган милдеттенмелерге карабастан, экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына эл аралык аба ташууларын ишке ашыруу үчүн дайындалган авиакомпания эксплуатациялаган же биринчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясынын атынан ижара шарты менен эксплуатацияланган бардык аба кемелери экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында болуп, экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлик органдарынын аба кемесинин бортунда жана аба кемесинин айланасында аба кемесинин жана анын экипажынын документтеринин аныктыгын, ошондой эле аба кемесинин жана анын жабдууларынын айкын абалын негизсиз кармоого алып келбөө шарты менен текшерүү үчүн кароонун (мындан ары - "перрон инспекциясы") предмети болушу мүмкүн.
4) Эгерде перрон инспекциясынын же ушундай инспекциялардын серияларынын учурунда биринчи Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясынын аба кемесинин, анын эксплуатациясынын же ушул аба кемесинин экипажынын мүчөлөрүнүн квалификациясы минималдуу стандарттарга дал келбегендигин же анын учуу жарамдуулугу Эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан белгиленген минималдуу стандарттарга ылайык келбегендигин аныктаса, анда бул Макулдашуучу тарап Чикаго конвенциясынын 33-беренесине ылайык аба кемесине же ошол аба кемесинин экипажынын мүчөлөрүнө берилген же анык деп таанылган сертификаттардын же лицензиялардын талаптары Эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан көрсөтүлгөн минималдуу стандарттарга дал келбейт деп эсептөөгө укуктуу.
5) Эгерде биринчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясынын же анын атынан эксплуатацияланган аба кемесинин перронуна ушул берененин 3) пунктуна ылайык инспекция жүргүзүү максатында кирүү бул дайындалган авиакомпаниянын өкүлү тарабынан четке кагылган учурда экинчи Макулдашуучу тарап ушул берененин 4) пунктунда көрсөтүлгөн олуттуу коркунучтар бар деп эсептөөгө укуктуу.
6) Эгерде экинчи Макулдашуучу тараптын аба кемесинин перрон инспекциясынын же ушундай инспекциялардын серияларынын жыйынтыгында же мындай инспекцияларды жүргүзүүдөн баш тартуунун натыйжасында экинчи Макулдашуучу тарап мындай аба кемеси, анын эксплуатациясы же анын экипажы менен байланышкан учуулардын коопсуздугун жаратуучу кандайдыр бир бузууларды же жетишпестиктерди аныктаса, анда бул Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясынын эксплуатациялык уруксаттарын токтоосуз токтотууга же өзгөртүүгө укуктуу.
7) Ушул берененин 2) жана 6) пункттарында айтылган кайсы болбосун Макулдашуучу тараптардын ар бир аракети мындай аракетти кабыл алуу үчүн болгон негиздин жок болоору менен дароо токтотулат.
11-берене. Мыйзамдарды жана эрежелерди колдонуу
1) Биринчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин эл аралык аба ташууларда аракеттенген аба кемелеринин анын аймагына келүүсүн жана аймагынан чыгуусун жөнгө салуучу же мындай аба кемесинин көрсөтүлгөн аймакта болгон убактысында учууларды жүргүзүүгө катышы бар мыйзамдары жана эрежелери экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясына карата колдонулат.
2) Биринчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин кирүүгө, чыгууга, эмиграцияга жана иммиграцияга, бажы жана карантиндик чараларга жана саламаттыкты көзөмөлдөө боюнча чараларга таандык жол-жоболор сыяктуу жүргүнчүлөрдүн, экипаждын, жүктөрдүн же почталардын келүү, болуу же анын аймагынан чыгуусун жөнгө салуучу мыйзамдары жана эрежелери жүргүнчүлөргө, экипажга, экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясынын аба кемелеринин бортторунда ташылуучу жүккө жана почтага карата алар аталган аймакта болуу учурунда колдонулат.
12-берене. Статистикалык маалыматтарды берүү
Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийлик органдары экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлик органдарына алардын өтүнүчү боюнча макулдашылган маршрут боюнча ташуулардын көлөмүн аныктоо, ошондой эле учуу пункттарын аныктоо жана макулдашылган маршруттарды дайындоо үчүн зарыл болушу мүмкүн болгон тийиштүү статистикалык маалыматтарды беришет.
13-берене. Салык салуу жана пайданы которуу
1) Макулдашуучу тараптардын ар биринин дайындалган авиакомпаниялары тарабынан макулдашылган ташууларды ишке ашыруунун натыйжасында экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында алынган кирешелери жана пайдалары салыктардан, алымдардан жана башка ушул сыяктуу жыйымдардан бошотулат.
2) Макулдашуучу тараптардын ар биринин мамлекеттеринин дайындалган авиакомпаниялары экинчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы өздөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн сатуудан алган ашыкча акча каражаттарын өздөрүнүн мамлекеттеринин же каалаган башка мамлекеттердин аймактарына эркин которуу укугуна ээ.
3) Мындай которуулар алмаштыруу курсу боюнча эркин алмашылуучу валютада жүргүзүлөт жана банктардын белгиленген жыйымдарын жана жол-жоболорун кошпогондо, кандайдыр бир жыйымдарга, чектөөлөргө, салык салууларга жана кийинкиге калтырууларга дуушар болбойт.
4) Эгерде биринчи Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясына карата бул Макулдашуучу тараптын аймагындагы өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн сатуудан алынган ашыкча акча каражаттарын которуу боюнча чектөөлөрдү киргизсе, экинчи Макулдашуучу тарап бул Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясына карата ушундай эле чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу.
5) Эгерде Макулдашуучу тараптардын ортосунда кирешелерге же мүлккө кош салык салбоо тууралуу макулдашуу бар болсо, анда мындай макулдашуунун шарттары артыкчылыкка ээ.
14-берене. Дайындалган авиакомпаниялардын өкүлчүлүктөрү жана кызмат көрсөтүүнү сатуу
1) Биринчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясы экинчи Макулдашуучу тараптын кирүү, жашоо жана эмгек ишмердигин жүргүзүү мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына өзүнүн кызматтарын көрсөтүү үчүн зарыл болгон жеке коммерциялык, техникалык, эксплуатациялык жана башка персоналдарын алып кирүүгө жана аларды күтүүгө укуктуу.
2) Макулдашуучу тараптардын ар биринин мамлекеттеринин дайындалган авиакомпаниялары экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында ошол экинчи Макулдашуучу тараптын улуттук валютасында же эгерде ошол экинчи Макулдашуучу тараптын мыйзамдарында тыюу салынбаса, башка эркин алмашылуучу валюталарда жеке ташуу документтерине өз алдынча же агенттер аркылуу авиаташууларды сатып алууну ишке ашырууга укуктуу. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясынын сатууга болгон укугун жана каалаган жактын мындай ташууларды сатып алууга болгон укугун чектөөдөн карманат.
15-берене. Керектөө баалары
1) Макулдашуучу тараптардын эч бири экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясы үчүн керектөө бааларын ушундай эле эл аралык аба ташууларын ишке ашыруучу өзүнүн дайындалган авиакомпаниялары үчүн колдонгон баалардан жогору аныктабайт жана аныктоого жол бербейт.
2) Керектөө бааларын өзгөртүү зарыл болгон учурларда ар бир Макулдашуучу тараптын керектөө бааларын аныктоочу компетенттүү органдары экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниялары же дайындалган авиакомпанияларынын өкүлдөрү менен тиешелүү консультацияларды жүргүзөт жана мындай өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпанияларына сунуш кылынган өзгөртүүлөр менен таанышуу жана өз сунуштарын киргизүү мүмкүндүгүн берет. Ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлик органдары алардын көрсөтүлгөн компетенттүү органдарынын, ошондой эле дайындалган авиакомпаниялары бири-бири менен керектөө баалары жөнүндө тиешелүү маалымат алмашуусу үчүн көмөк көрсөтөт.
16-берене. Учуулардын ырааттамасы
1) Ар бир Макулдашуучу тараптын мамлекеттеринин дайындалган авиакомпаниялары экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлик органдарына учууларды аткаруу башталганга чейин кеминде 45 (кырк беш) күндүн ичинде учуулардын ырааттамасын (учуулардын тиешелүү жайкы жана кышкы мезгилдерине) бекитүүгө беришет. Учуулардын ырааттамасы учуу пунктун, аралык конуу пунктун (пункттарын), дайындалган пунктун, учуу жана болуу убактысын, учуулардын жыштыгын жана пайдаланылуучу аба кемелеринин типтерин камтыйт. Тийиштүү Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлик органдары учуулардын ырааттамасы берилген күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде учуулардын сунушталган ырааттамасын бекитүү же бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө өзүнүн чечимин чыгарат.
2) Өздөрүнүн учууларынын ырааттамасына бардык өзгөртүүлөр же толуктоолор Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин дайындалган авиакомпанияларынын ар бирине экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлик органдарына бекитүүгө берилет. Учуулардын ырааттамасына ар бир мындай өзгөртүү жана/же толуктоо тийиштүү Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлик органдары тарабынан токтоосуз каралат.
17-берене. Консультациялар
Ар бир Макулдашуучу тарап ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү, чечмелөө же колдонуу боюнча консультацияларды каалаган убакта талап кылууга укуктуу. Мындай консультациялар эгерде Макулдашуучу тараптардын ортосунда башкача макулдашылбаса, Макулдашуучу тараптын кимиси болбосун экинчи Макулдашуучу тараптан аларды жүргүзүү тууралуу суроо-талапты алган күндөн тартып 60 (алтымыш) күндүн ичинде башталат.
18-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
1) Макулдашуучу тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланышкан бардык талаш-тартыштар келип чыккан учурда Макулдашуучу тараптар алгач мындай талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө аракет кылышат.
2) Эгерде Макулдашуучу тараптар талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр аркылуу чече алышпаса, мындай талаш-тартыштар Макулдашуучу тараптардын экөөнүн тең келишүүсү боюнча кайсы болбосун компетенттүү жакка же органга чечүү үчүн берилет. Эгерде Макулдашуучу тараптар мындай макулдашууга келе алышпаса, талаш-тартыш Макулдашуучу тараптардын биринин өтүнүчү боюнча үч арбитрден туруп, алардын экөөсү ар бир Макулдашуучу тараптан бирден дайындалган, үчүнчүсүн ушул эки арбитр тарабынан дайындалган арбитраждык сотко чечүү үчүн берилет. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптан дипломатиялык каналдар боюнча талаш- тартышты чечүү үчүн арбитраждык сотко берүү жөнүндө өтүнүчү менен билдирүүсүн алган күндөн тартып 60 (алтымыш) күндүн ичинде өзүнүн арбитрин дайындайт, ал эми үчүнчү арбитр кийинки 60 (алтымыш) күндүн ичинде дайындалат. Эгерде Макулдашуучу тараптардын бири көрсөтүлгөн мезгилде арбитрди дайындоого жөндөмсүз болсо, анда Эл аралык жарандык авиация уюмунун Кеңешинин Президенти Макулдашуучу тараптардын кимисинин болбосун өтүнүчү боюнча арбитрди же тиешелүү түрдө арбитрлерди дайындайт. Үчүнчү арбитр кандай болгон учурда да үчүнчү Мамлекеттин жараны болуп саналат жана мындай арбитраждык соттун төрагасы катары иштейт. Мындай арбитраждык сот көпчүлүк добуш менен өз чечимдерин кабыл алат. Талаш-тартыштарды кароонун бардык башка жол-жоболорун арбитраждык сот өзү аныктайт.
3) Макулдашуучу тараптар ушул берененин 2) пунктуна ылайык кабыл алынган бардык чечимдерге баш ийишет.
4) Эгерде Макулдашуучу тараптардын кайсы бири ушул берененин 2) пунктуна ылайык кабыл алынган чечимди сактабаган учурда экинчи Макулдашуучу тарап аталган чечимди сактабаган Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындалган авиакомпаниясына берилген бардык укуктарды же уруксаттарды чектөөгө, токтотуп турууга же жокко чыгарууга укуктуу.
5) Ар бир Макулдашуучу тарап чыгымдарды өзүнө алат жана өзүнүн арбитрине зарыл болгон сыйакыларды төлөп берет. Үчүнчү арбитрге, ошондой эле сот ишине байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү жана чыгымдарды төлөө Макулдашуучу тараптардын ортосунда бирдей бөлүштүрүлөт.
19-берене. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Ушул Макулдашууга киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор Макулдашуучу тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган бул тууралуу тийиштүү протоколго кол коюу жолу менен киргизилет.
20-берене. Макулдашууну каттоо
Ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин жана ага киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор Эл аралык жарандык авиация уюмунда катталат.
21-берене. Көп тараптуу конвенциялар
Эки Макулдашуучу тарапка карата жалпы көп тараптуу конвенция күчүнө кирген учурда ушундай конвенциянын жоболору артыкчылыкка ээ болот.
22-берене. Күчүнө кириши, колдонулуу мөөнөтү жана токтотуу
Ушул Макулдашуу дипломатиялык каналдар аркылуу Макулдашуучу тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ар бир Макулдашуучу тарап дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө каалаган убакта жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу. Мындай билдирүү жөнүндө ошол эле убакта Эл аралык жарандык авиация уюмуна да билдирилет. Мындай учурда ушул Макулдашуу эгерде көрсөтүлгөн билдирүү бул мөөнөт бүткөнгө чейин Макулдашуучу тараптардын эки жактуу макулдугу боюнча кайра чакыртып алынбаса, экинчи Макулдашуучу тарап мындай билдирүүнү алган күндөн 12 (он эки) ай өткөндөн кийин өзүнүн колдонулушун токтотот. Экинчи Макулдашуучу тараптын аталган билдирүүнү алгандыгы жөнүндө ырастама жок болгон учурда, Эл аралык жарандык авиация уюму билдирүүнү алган күндөн 14 (он төрт) күндөн кийин билдирүүнү алды деп эсептелет.
Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө кол коюлат.
20__-жылдын "___" ___________ _____________ шаарында, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер аутенттүү болуп саналат. Ушул Макулдашуунун жоболору ар түрдүү чечмеленген учурларда орус тилиндеги текст пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
______________________________________ |
| ______________________________________ |
|
| Тиркеме |
Макулдашылган маршруттар
1. Кыргыз Республикасынын дайындалган авиакомпаниясы (авиакомпаниялары) тарабынан тейленүүчү макулдашылган маршруттар.
Кыргыз Республикасындагы пункттар | Аралык пункттар | Азербайжан Республикасындагы пункттар | Азербайжан Республикасынын чегинен тышкары пункттар |
Бардык пункттар | Бардык пункттар | Бардык пункттар | Бардык пункттар |
1.2. Учуулар Кыргыз Республикасында башталган же бүткөн шартта макулдашылган каттамдын бардык участокторундагы аралык пункттарда конуусуз аткарылат.
2. Азербайжан Республикасынын дайындалган авиакомпаниясы (авиакомпаниялары) тарабынан тейленүүчү макулдашылган маршруттар.
Азербайжан Республикасындагы пункттар | Аралык пункттар | Кыргыз Республикасындагы пункттар | Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары пункттар |
Бардык пункттар | Бардык пункттар | Бардык пункттар | Бардык пункттар |
2.1. Учуулар Азербайжан Республикасында башталган же бүткөн шартта макулдашылган маршруттун бардык участокторундагы аралык пункттарда конуусуз аткарылат.