Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 26-октябры № 570
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 30-майындагы N 116 тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында ишти уюштурууну өркүндөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларынын долбоорлору кирүүгө чектөө грифи бар ("КПҮ", "Жашыруун" ж.б.) актылардын долбоорлорун кошпогондо, ушул тескеменин 1-пунктунда бекитилген Регламентте белгиленген талаптарга ылайык электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына электрондук форматта киргизилет жана кабыл алынат деп белгиленсин.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 30-майындагы N 116 тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери ушул Регламентти жетекчиликке жана кынтыксыз аткарууга алсын.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
А.У. Жапаров |