Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын РЕГЛАМЕНТИ
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 59, 2023-жылдын 15-майындагы № 150, 2023-жылдын 6-июнундагы № 165,
2023-жылдын 13-сентябрындагы № 211,
2024-жылдын 29-мартындагы № 84, 2024-жылдын 29-мартындагы № 85,
2025-жылдын 9-апрелиндеги № 78,
2026-жылдын 16-июлундагы № 142 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламентине (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Регламенти) ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) актыларынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы) чечимдеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын (мындан ары - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары) чечимдеринин долбоорлорун даярдоо жана киргизүү тартибине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) актыларынын долбоорлорун Министрлер Кабинетинин жыйналышына киргизүү үчүн даярдоого, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына (мындан ары - Президенттин Администрациясы) келип түшкөн документтерди кароого карата негизги талаптарды карайт.
Ушул Регламент менен жөнгө салынбаган маселелер Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенти менен аныкталат.
Президенттин Администрациясына жиберилүүчү документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык таризделет.
Документте төмөнкүлөр коюлушу керек: датасы, чыгыш номери, тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө отчетту (маалыматты) же суроо-талапка жоопту жөнөтүүдө - тапшырманын чыгыш номерине шилтеме.
Жогоруда аталган Типтүү нускаманын талаптарына шайкеш келбеген документтер Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясынын (мындан ары - канцелярия) тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан кароосуз кайтарып берилет.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларынын долбоорлору, ошондой эле башка документтер Президенттин Администрациясынын кароосуна Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан киргизилиши мүмкүн. Биринчи жетекчилер жок болгон учурда актылардын долбоорлору алардын милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан киргизилиши мүмкүн. Актылардын долбоорлорун башка жактар тарабынан киргизүүгө жол берилбейт, алар киргизилген учурда кароосуз кайтарып берилет.
Мамлекеттик органдын ведомстволук, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрү, анын карамагында турган мекемелер, ишканалар Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын дарегине, Президенттин Администрациясына Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын түздөн-түз тапшырмалары менен байланышкан маселелерди кошпогондо жогору турган мамлекеттик орган аркылуу гана кайрылат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын дарегине, Президенттин Администрациясына Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу гана кайрылат, жогоруда аталган адамдардын укукка каршы аракеттерине даттанууларды кошпогондо.
Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын дарегине, Президенттин Администрациясына түздөн-түз кайрыла алат.
Мамлекеттик органдар тарабынан ушул Регламенттин 1-пунктунун талаптарын бузуу менен киргизилген Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын дарегине, Президенттин Администрациясына кайрылуулар канцелярия тарабынан дарек ээсине кароосуз кайтарып берилет же жогору турган мамлекеттик органга жиберилет.
Президенттин Администрациясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, актыларын кабыл алуу боюнча сунуштарды камтыган кайрылуулар тейлөөчү чөйрөлөрүнө ылайык мамлекеттик органдарга жиберилет.
Мамлекеттик органдар кайрылууларды иштеп чыгат, өз компетенциясынын чегинде тиешелүү чечимдерди кабыл алат, зарыл болгон учурда Президенттин Администрациясына актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизет жана кароонун жыйынтыктары жөнүндө арыз ээлерине маалымдайт.
Чечимдердин (актылардын) долбоорлорун мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ыкчам макулдашууга көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүч менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуулары, кийинкиге калтырбай чечүүнү талап кылган учурларды кошпогондо, Президенттин Администрациясы тарабынан каралбайт жана кайтарып берилүүгө тийиш.
ез арада чечим кабыл алууну талап кылган учурларда мамлекеттик органдар чечимдердин долбоорлорун Президенттин Администрациясынын кароосуна дем алыш же жумуш эмес майрам күндөрү киргизе алат.
Кызматкерлерди дем алыш же жумуш эмес майрам күндөрүндө ишке тартуу тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын айрым жерлеринде киргизилген өзгөчө жана/же согуштук абалды камсыз кылуу менен байланышкан маселелер, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, , Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын же Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тапшырмалары менен аныкталган маселелер кийинкиге калтырбай чечүүнү талап кылган учурлар болуп саналат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78, 2025-жылдын 16-июлундагы № 142 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
2. Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө (мындан ары - түзүмдүк бөлүмдөр) кабыл алынган чечимдердин жана тапшырмалардын өз убагында аткарылышын камсыздоо, материалдардын сапаттуу даярдалышы, ошондой эле документтердин эсепке алынышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик алардын жетекчилерине жүктөлөт.
3. Министрлер Кабинетинин регламентинин, ушул Регламенттин жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинин талаптарынын сакталышын контролдоо канцелярия, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалык, компетенциясына ылайык башка түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Президенттин актыларынын долбоорлорун даярдоо жана киргизүү тартибине карата негизги талаптар
4. Президенттин Администрациясына киргизүүнүн алдында мамлекеттик органдар тарабынан даярдалган Президенттин фондунун финансылык каражаттарын пайдалануу менен байланышкан маселелер боюнча актыларды кошпогондо, Президенттин актыларынын долбоорлору төмөнкүлөр менен милдеттүү тартипте макулдашылууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги - мамлекеттин кирешелерин кыскартууну же чыгашаларын көбөйтүүнү караган маселелер боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги - ишкердик субъекттердин ишин жөнгө салууга багытталган маселелер боюнча;
- башка мамлекеттик органдар жана уюмдар, эгерде долбоорлордо алардын компетенциясына тиешелүү ченемдер камтылса.
Президенттин актыларынын долбоорлорун мамлекеттик органдарда макулдашуу алар келип түшкөн күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш:
- жарлыктардын долбоорлору - 6 иш күн;
- тескемелердин долбоорлору - 3 иш күн.
Президенттин актыларынын долбоорлору макулдашууга мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилүүгө тийиш. Эгерде актты шашылыш кабыл алуу зарыл болсо, актынын долбоорун министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Макулдашууга жиберилген актылардын долбоорлорунун тексттери мамлекеттик органдын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам, ошондой эле юридикалык кызматтын жетекчиси тарабынан аты-жөнүн, инициалдарын жана датасын көрсөтүү менен парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш. Актылардын долбоорлорунун тексттери 14 өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифти менен 1 интервал аркылуу басылышы керек.
Мында бир коштомо кат менен макулдашууга бир гана актынын долбоору берилиши мүмкүн.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин тапшырмалары боюнча Президенттин актысын шашылыш кабыл алуу зарыл болгон учурда актынын долбоору мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан сурамжылоо барагына виза коюу жолу менен макулдашылышы мүмкүн.
Президенттин же Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин тапшырмаларына ылайык иштелип чыккан чечимдердин долбоорлорун кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин каржылоо булактарынын жоктугу жөнүндө берилген сын пикирлери эске алынбаган Президенттин актыларынын долбоорлору кароого жатпайт.
Маселени мамлекеттик органдын локалдык актысы менен чечүү зарылдыгы көрсөтүлгөн Юстиция министрлигинин корутундусу алынганда, Президенттин актысынын долбоору Президенттин Администрациясы тарабынан каралууга тийиш эмес.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
5. Президенттин актысынын долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашуучу мамлекеттик орган демилгечиге позицияны чагылдыруу менен, мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси кол койгон долбоорду макулдашуу жөнүндө катты берет. Эгерде ченемдик укуктук актыларда макулдашуучу орган тарабынан корутунду берүү каралса, ага мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси кол коюуга тийиш жана катка тиркелет. Биринчи жетекчилер жок болгон учурда каттарга (корутундуларга) алардын милдеттерин аткаруучу адамдар кол коёт.
Макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Президенттин актысынын долбоорунун демилгечиси келип түшкөн сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен долбоорду жеткире иштеп чыгууга же аларды эске албоого, же болбосо долбоорду андан ары жылдырууну токтото турууга укуктуу. Эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалыматтар жана алардын эске алынбагандыгынын себептеринин негиздемеси мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган долбоор боюнча жыйынды таблицада чагылдырылат.
Сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу жана эске албоо үчүн жоопкерчилик документти Президенттин Администрациясына киргизген мамлекеттик органдын жетекчисине жүктөлөт.
Эгерде иштеп чыгуучу орган менен министрликтердин ортосунда консенсуска жетишилбесе, иштеп чыгуучу орган актынын долбоорун демилгелөөнү колдоо өтүнүчү менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарына же Министрлер Кабинетинин Төрагасына кайрылууга укуктуу. Мында коштомо катта долбоорду кабыл алуу зарылдыгы жана мамлекеттик органдардын жүйөлөрү менен макул эместигинин себептери жөнүндө маалымат чагылдырылат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
6. Президенттин Администрациясына киргизилүүчү Президенттин актыларынын долбоорлоруна милдеттүү түрдө төмөнкү документтердин пакети тиркелет (кагаз жана электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу электрондук түрдө):
- долбоорду киргизген мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам кол койгон Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын наамына коштомо каттын түп нускасы. Мында бир коштомо кат менен бир актынын долбоору киргизилет;
- долбоорду киргизген мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам кол койгон долбоордун (аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, атайын наамдарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу менен байланышкан кадр маселелери боюнча актылардын долбоорлорун кошпогондо) маалымкат-негиздемеси, анда төмөнкүлөр камтылат:
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 "Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамада көрсөтүлгөн маалыматтар;
коомдук талкуулоо үчүн жарыяланган күнү, эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалыматтар, алардын эске алынбагандыгынын себептеринин негиздемеси;
финансы-экономикалык эсептөөлөр;
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоонун (мындан ары - ЖТТ) негизинде даярдалган аналитикалык кат;
- жүргүзүлгөн ЖТТнын Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын ЖТТ методикасына ылайык шайкештиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин корутундусу;
- салыштырма таблица (актыга өзгөртүүлөр киргизилген учурда, анын ичинде мурда колдонуудагы акт жаңы редакцияда баяндалганда/кабыл алынганда);
- долбоорду макулдашуу жөнүндө мамлекеттик органдардын каттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик органдардын корутундулары;
- мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам кол койгон мамлекеттик же расмий тилдерде топтомо таблица, анда эске алынган жана эске алынбаган бардык сын пикирлер жана сунуштар көрсөтүлөт, алар эске алынбагандыгынын себептери негизделет, ошондой эле долбоор сын пикирлерсиз жана сунуштарсыз макулдашылгандыгы белгиленет.
Президенттин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер Президенттин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, анын ичинде электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу берилет. Президенттин актысынын долбоору жана негиздеме-маалымкат бирдей аталышта болуп, А4 форматындагы ак кагазда, 14 өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифти менен бир саптык интервал аркылуу, биринчи саптын абзацында 1,25 см чегинүү менен таризделет. Актынын долбоорунун жогорку тилкеси бланктын чек арасы менен белгиленет. Актынын долбоору эки же андан көп баракта таризделгенде экинчи жана андан кийинки барактардын жогорку тилкеси 2 см, сол жана оң тилкелери 3 см, төмөнкү тилкеси - 2 см болот.
Актылардын долбоорлорунун тексттери, анын ичинде тиркемелери кагаз түрүндө жана электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам, ошондой эле юридикалык кызматтын жетекчиси тарабынан аты-жөнүн, инициалдарын жана датасын көрсөтүү менен ар бир барагына парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш. Эгерде актынын долбоорунун текстинин көлөмү машинкада басылган он барактан ашса, документтин арткы бетине иштеп чыгуучу органдын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн мөөрүн басууга жол берилет.
Президенттин Администрациясынын кароосуна киргизилген чечимдердин долбоорлоруна виза койгон мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле алардын орун басарлары долбоорлордун жоболорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Регламенттин талаптарына шайкештиги үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Эгерде Президенттин Администрациясына мыйзамдарга жана ушул Регламенттин талаптарына шайкеш келбеген чечимдердин долбоорлору киргизилсе, ушул чечимдин долбоорун Президенттин Администрациясына киргизген мамлекеттик органдын жетекчисине (же анын орун басарына) тартиптик мүнөздөгү жаза колдонулушу мүмкүн.
Актылардын долбоорлору боюнча эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар боюнча топтомо таблица мамлекеттик же расмий тилдерде түзүлөт.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
61. Президенттин номенклатурасына кирген кызмат орундарына тиешелүү кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, иш сапарлар, аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, атайын наамдарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча Президенттин актыларынын долбоорлору мамлекеттик органдар менен макулдашылбайт.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
7. Мамлекеттик органдар тарабынан Президенттин Администрациясына киргизилген Президенттин актыларынын долбоорлору милдеттүү түрдө катталууга жана канцеляриянын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүндө ушул Регламенттин талаптарына шайкештигине экспертизадан өтүүгө тийиш.
Актынын долбоору ушул Регламенттин талаптарына шайкеш келген учурда актынын долбоору канцелярия тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, , бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын же ыйгарым укуктарына ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын кароосуна өткөрүп берилет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын же Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тапшырмасы боюнча Президенттин актыларынын долбоорлору канцелярия тарабынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыкка же компетенцияга ылайык тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө алар кабыл алынган күнү өткөрүп берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
8. Президенттин актысынын долбоору ушул главанын талаптарына шайкеш келбеген учурда, канцелярия аны кайтарып берүүнүн себептерин негиздөө менен кайра иштеп чыгууга кайтарат.
Президенттин актысынын долбоорун киргизген мамлекеттик орган Президенттин Администрациясында турган долбоорду концепциясын өзгөртпөстөн иштеп чыгууга же чакыртып алууга укуктуу.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
9. Президенттин актыларынын долбоорлору Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тапшырмалары боюнча же өз демилгеси боюнча түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан ушул Регламенттин талаптарын эске алуу менен даярдалышы жана киргизилиши мүмкүн.
Президентке караштуу комиссиялардын катчылыктары тарабынан киргизилген Президенттин актыларынын долбоорлоруна комиссиялардын жыйналыштарынын тиешелүү протоколдору тиркелет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
10. Президенттин кабыл алынган актыларын чечмелөө (түшүндүрүү) жөнүндө Президенттин актыларынын долбоорлору мазмуну чечмелөөнү (түшүндүрүүнү) талап кылган Президенттин актыларынын долбоорлорун иштеп чыккан мамлекеттик орган тарабынан Президенттин Администрациясына киргизилет, же болбосо компетенцияга ылайык түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан даярдалат.
3. Министрлер Кабинетинин жыйналышына же жетекчиликтин кол коюусуна киргизүү үчүн мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун даярдоонун тартиби
11. Мамлекеттик органдар тарабынан Президенттин Администрациясына киргизилген мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору канцеляриянын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүндө алар келип түшкөн күнү милдеттүү түрдө катталууга тийиш,
Министрлер Кабинетинин жыйналышында кароого пландалган мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин жыйналышы белгиленген мөөнөткө чейин 14 календардык күндөн кечиктирбестен Президенттин Администрациясына киргизилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
12. Президенттин Администрациясына киргизилген мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин регламентинин талаптарынын шайкештигине экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин канцелярия тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кароосуна өткөрүп берилет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмасы боюнча мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору канцелярия тарабынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыкка же компетенцияга ылайык тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө алар кабыл алынган күнү өткөрүп берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
13. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Министрлер Кабинетинин регламентинин 9, 541, 542, 547, 548, 63 , 64-пункттарынын талаптарына шайкеш келбеген учурда, Регламенттин талаптарын сактоо маселелери компетенциясына кирген канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү кайтарып берүүнүн себептерин негиздөө менен аны кароосуз кайтарып берет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
14. Министрлер Кабинетинин жыйналышында кароого пландалган мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоору Министрлер Кабинетинин жыйналышына чакырылган адамдардын тизмеси жана башка баштапкы документтер менен бирге жооптуу түзүмдүк бөлүм тарабынан канцеляриянын компетенциясына жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыздоо маселелери кирген түзүмдүк бөлүмүнө Министрлер Кабинетинин жыйналышына чейин 6 күн мурда берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
15. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн чакыруу телеграммалары (телефонограммалар) дарек ээсине канцеляриянын начальнигинин же анын орун басарынын колу менен жөнөтүлөт. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн Министрлер Кабинетинин жыйналышына келүүсүн Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын компетенциясына жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыздоо маселелери кирген түзүмдүк бөлүмү камсыз кылат.
Каралуучу маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин жыйналышына катышуу үчүн башка чакырылган адамдардын келүүсүн жооптуу түзүмдүк бөлүм ишке ашырат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
16. Министрлер Кабинетинин жыйналышында маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча канцеляриянын компетенциясына жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыздоо маселелери кирген түзүмдүк бөлүмү тарабынан жооптуу түзүмдүк бөлүм менен биргеликте талкууланган маселенин аталышын, баяндамачылардын жана маселени талкуулоодо чыгып сүйлөгөндөрдүн фамилияларын көрсөтүү, кабыл алынган коллегиалдык чечимди жана төрагалык кылуучунун тапшырмаларын баяндоо менен жыйналыштын протоколу таризделет жана жыйналыштан кийин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен Министрлер Кабинетинин Төрагасына кол коюуга берилет.
Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлору, башка актылардын долбоорлору Министрлер Кабинетинин жыйналышында сунуштарсыз жана сын пикирлерсиз кабыл алынган учурда, жооптуу түзүмдүк бөлүм, эгерде башка мөөнөт белгиленбесе, жыйналыш өткөрүлгөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен актынын долбоорун чыгарууга берет.
Сунуштар жана сын пикирлер айтылган Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорун, жыйналышта каралган башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жеткире иштеп чыгуу зарыл болгон учурда Министрлер Кабинети министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмаларды берет. Долбоорду жеткире иштеп чыгуу жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына кол коюуга киргизүү, эгерде башка мөөнөт белгиленбесе, жыйналыш аяктагандан кийин 5 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
17. Министрлер Кабинетинин жыйналышында Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) киргизүү пландалган мыйзамдын долбоорун кароодо Министрлер Кабинетинин актысын (токтомун, тескемесин) кабыл алуу талап кылынбайт. Каралган мыйзамдын долбоору боюнча Министрлер Кабинетинин позициясы жыйналыштын протоколунда чагылдырылат. Министрлер Кабинетинин жыйналышында эл аралык келишимдерди ратификациялоо, денонсациялоо же аларга кошулуу жөнүндө мыйзамдын долбоору каралган учурда эл аралык келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши жөнүндө жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу финансы-экономикалык жана башка кесепеттери тууралуу Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу жөнүндө Министрлер Кабинетинин тескемеси кабыл алынат.
Мыйзамдын долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча жооптуу түзүмдүк бөлүм ушул Регламенттин 16-пунктунда белгиленген мөөнөттө мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү жана мыйзамдын долбоору боюнча расмий өкүлдү дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасынын атына коштомо катты Президентке же Министрлер Кабинетинин Төрагасына кол коюуга берет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелерин даярдоонун тартиби
(Главанын аталышы КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
18. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын чечимдери ал тарабынан жеке төмөнкүдөй формада кабыл алынат:
- "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинде, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемеси;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо, Президенттин башка актыларында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемеси.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо, Президенттин жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин башка актыларында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемеси;
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
19. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин долбоорлору (мындан ары - тескемелердин долбоорлору), ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн тескемелердин долбоорлорун кошпогондо, түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тапшырмасы боюнча же өз демилгеси боюнча мамлекеттик тилде даярдалат.
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган мыйзам долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин долбоорлору мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 85, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
20. Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол койгон мамлекеттик жана расмий тилдеги негиздеме-маалымкат тескеменин долбооруна тиркелет, анда долбоорду иштеп чыгуунун негизи баяндалат, өзгөртүүлөр киргизилген учурда - колдонуудагы жана сунушталган редакциялардын салыштырма таблицасы тиркелет.
Ушул Регламенттин 19-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн тескемелердин долбоорлоруна маалымкат-негиздеме мамлекеттик жана расмий тилдерде тиркелет.
Кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, иш сапарлар, класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча тескемелердин долбоорлоруна негиздеме-маалымкат талап кылынбайт.
Тескеменин долбоору А4 форматындагы ак кагазда, 14 өлчөмүндөгү Times New Roman шрифти менен бир саптык интервал аркылуу, биринчи саптын абзацында 1,25 см чегинүү менен таризделет. Тескеменин долбоорунун жогорку тилкеси бланктын чек арасы менен белгиленет. Тескеменин долбоорун эки же андан көп баракта тариздегенде экинчи жана андан кийинки барактардын жогорку тилкеси 2 см, оң жана сол тилкелери 3 см, төмөнкү тилкеси - 2 см болот.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 15-майындагы № 150, 2024-жылдын 29-мартындагы № 85 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
21. Тескемелердин долбоорлору боюнча мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосун жүргүзүү талап кылынбайт.
22. Министрлер Кабинетинин Төрагасы жок болгон учурда:
- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары же Төраганын милдетин аткаруучу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кол коёт;
- Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерине жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде Администрациянын Жетекчисинин орун басары же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кол коёт.
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин өткөрүп берилген ыйгарым укуктарынын чегинде Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерине Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тиешелүү ыйгарым укуктары берилген Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тиешелүү орун басары кол коюуга укуктуу.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
5. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелерин чечмелөө (түшүндүрүү) тартиби
(Главанын аталышы КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
23. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин мазмунун чечмелөө (түшүндүрүү) тиешелүү түрдө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын колу коюлган циркулярдык кат (түшүндүрүү) түрүндө жүзөгө ашырылат.
Циркулярдык каттын (түшүндүрмөнүн) долбоорун компетенцияга ылайык түзүмдүк бөлүмдөр даярдайт.
Циркулярдык каттын (түшүндүрмөнүн) тексти Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгында укуктук экспертизадан өтүүгө тийиш.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
6. Президенттин Администрациясынын Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүү тартиби
24. Президенттин Администрациясына келип түшкөн Жогорку Кеңештин токтомдору, протоколдук тапшырмалары, комитеттеринин чечимдери жана депутаттарынын суроо-талаптары канцелярия тарабынан келип түшкөн күнү катталат жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө берилет.
Жарандардын кайрылуулары, ар түрдүү темалар боюнча маселелер (Жогорку Кеңештин Регламенти ж.б.) же болбосо эки же андан ашык түзүмдүк бөлүмгө тиешелүү маселелер Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө иштеп чыгуу үчүн жиберилет.
Жогорку Кеңешке жооптордун көчүрмөлөрү Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө дагы жиберилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
25. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен маселени кароо жана Жогорку Кеңешке жоопту жиберүү жөнүндө тапшырманы даярдоону камсыз кылат.
Министрлер Кабинетине бир нече мамлекеттик органдардын компетенциясына тиешелүү тапшырмалар болгон Жогорку Кеңештин токтомдору, протоколдук тапшырмалары, комитеттеринин чечимдери жана депутаттарынын. суроо-талаптары боюнча маалыматтарды чогултууну жана Жогорку Кеңешке жөнөтүүнү "жооптуу" деген сөз менен белгиленген же болбосо тапшырмада биринчи аныкталган мамлекеттик орган ишке ашырат. Мындай тапшырмалар боюнча аткаруу мөөнөтү маалыматты жалпылоо үчүн зарыл болгон убакытты эске алуу менен көрсөтүлөт.
Жогорку Кеңешке жооптун көчүрмөсү мамлекеттик органдар тарабынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө милдеттүү түрдө жөнөтүлөт.
26. Жогорку Кеңешке маалыматты жиберүү Жогорку Кеңештин токтому, протоколдук тапшырмасы, комитетинин чечими жана депутатынын суроо-талабы Президенттин Администрациясына келип түшкөн датадан тартып 30 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен ишке ашырылат.
Зарыл болгон учурда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы мамлекеттик органдарга аткаруунун мөөнөтү жакындагандыгы жөнүндө эскертүү жөнөтөт.
27. Жогорку Кеңештин токтомдору, протоколдук тапшырмалары, депутаттарынын суроо-талаптары жарым-жартылай аткарылган же көрсөтүлгөн мөөнөткө аткарылбаган учурда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Министрлер Кабинетинин Жетекчисине же бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык Министрлер Кабинетинин Жетекчисинин орун басарына орто аралык маалыматты же болбосо андан ары Жогорку Кеңешке жиберүү үчүн бул документтердин аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч менен кат даярдайт.
Жогоруда аталган документтерде берилген тапшырмалардын бири ыкчам тартипте аткарылган учурда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү маалыматты даярдоону жана Жогорку Кеңешке белгиленген тартипте жиберүүнү камсыз кылат.
28. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин ар жылдык отчетун талкуулоодо Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сын пикирлер, Жогорку Кеңештен келип түшкөн Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн маалыматы канцелярия тарабынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жиберилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
29. Тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырманы Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү даярдайт.
Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин ар жылдык отчетун талкуулоодо Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сын пикирлер, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн маалыматы боюнча жалпыланган маалыматты даярдоону Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү камсыз кылат.
30. Жогорку Кеңешке жиберилүүчү маалыматтын мазмуну үчүн жоопкерчиликти Жогорку Кеңешке жоопту даярдоо тапшырылган тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери тартат.
31. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына жана мыйзамдарына кол коюуга Президентке жөнөтүү жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасынын каттары канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан катталат жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгына аларга мамлекеттик жана расмий тилдерде тиркелген мыйзамдар менен өткөрүлүп берилет.
Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Президенттин Администрациясына келип түшкөн Жогорку Кеңештин токтомдоруна, протоколдук тапшырмаларына, комитеттердин чечимдерине, депутаттардын суроо-талаптарына жана жарандардын кайрылууларына туруктуу негизде талдоо жүргүзүп жана мезгил сайын Президентти, Министрлер Кабинетинин Төрагасын маалымдап турат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
7. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары өткөрүүчү кеңешмелердин, жыйналыштардын протоколдорун даярдоо тартиби
(Главанын аталышы КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
32. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары" деген сөздөр менен толукталсын Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери өткөрүүчү кеңешмелердин, жыйналыштардын протоколдору, ошондой эле Министрлер Кабинетине караштуу консультациялык-кеңешүүчү органдардын жыйналыштарынын протоколдору кеңешмелерди, жыйналыштарды уюштурган тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан таризделет жана электрондук документ жүгүртүү системасы же канцелярия аркылуу аткаруучуларга жиберилет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасында болгон аппараттык кеңешмелердин протоколдору канцеляриянын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан даярдалат.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмалары боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын катышуусу менен өтүүчү кеңешмелерге маселелерди даярдоо министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, башка мамлекеттик органдарга тапшырылышы мүмкүн. Мындай учурда мамлекеттик органдар кеңешменин протоколунун долбоору менен материалдарды Президенттин Администрациясына берет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
33. Протоколго кеңешмени даярдаган түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси виза койгондон кийин кеңешмени өткөргөн адам кол коёт.
Протоколдорго кеңешмени даярдаган түзүмдүк бөлүм тарабынан анын индекси боюнча номер коюлат.
Протоколдун кол коюлган нускасы жана анын материалдары кеңешмени даярдаган түзүмдүк бөлүмдүн иштерине топтолот.
8. Аткарууну контролдоо боюнча негизги жоболор
34. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдорунда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларында камтылган тапшырмалар, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмалары контролго алынууга тийиш.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемесинин редакциясына ылайык)
35. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, башка мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар тарабынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдорунда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында камтылган тапшырмалардын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин жана тапшырмаларынын аткарылышын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы контролдойт.
Президенттин Администрациясына тапшырмаларды аткаруу жөнүндө маалыматтын, жооптордун келип түшүү датасы болуп канцелярия аларды каттаган дата эсептелет.
Жарандардын кайрылууларын өз убагында кароону контролдоо жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмгө жүктөлөт.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
36. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы:
- аткаруучу болуп саналган министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына аткаруу мөөнөтү 2-5 күндөн кийин бүтө турган контролдогу документтер жөнүндө эскертмелерди жана кабарлоолорду тиешелүү түрдө жума сайын жиберип турат;
- контролдогу документтерди аткаруучу болуп саналган министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, административдик ведомстволордон, аткаруу бийлигинин башка органдарынан, түзүмдүк бөлүмдөрдөн зарыл болгон маалыматтарды сурайт;
- аткарылбаган жана мөөнөтү өтүп кеткен документтердин саны жөнүндө жыйынды маалыматты жума сайын даярдайт жана аткаруучулар боюнча топтолгон мындай документтердин мазмуну жөнүндө кеңири маалымкаттарды тиркөө менен Министрлер Кабинетинин Төрагасына берет;
- Президенттин Администрациясында, министрликтерде, мамлекеттик комитетте, административдик ведомстволордо, аткаруу бийлигинин башка органдарында, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аткаруу тартибинин абалы жөнүндө квартал сайын отчет даярдайт жана берет.
Аткаруучулар контролдогу документтерди системалуу түрдө мөөнөтүндө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
9. Документтерди, жарандардын каттарын (кайрылууларын) кайтаруунун тартиби
37. Министрлер Кабинетинин Регламентинде жана ушул Регламентте белгиленген талаптарды бузуу менен даярдалган жана киргизилген ченемдик укуктук актылардын (актылардын) долбоорлору башкармалыктардын жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин колу менен демилгечиге кайтарылат.
38. Республикалык бюджет бекитилгенден кийин келип түшкөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын кайрылууларын жана каттарын кошкондо, бюджеттик каражаттарды кошумча бөлүп берүү, анын ичинен республикалык бюджетте каржылоо каралбаган иш-чараларды өткөрүү жөнүндө өтүнүчтөр менен, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирбеген маселелер боюнча кайрылуулар жана каттар Президенттин Администрациясы тарабынан каралбайт жана башкармалыктын начальниктери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан түздөн-түз дарек ээлерине кайтарылууга тийиш.
39. Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Президенттин же Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирбеген маселелер боюнча Президенттин Администрациясына же Министрлер Кабинетине киргизилген каттар жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүм тарабынан түздөн-түз дарек ээсине кайтарылууга тийиш.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84 тескемесинин редакциясына ылайык)
40. Жарандар тарабынан Президенттин Администрациясына киргизилген төмөнкү кайрылуулар каралбайт же кайтарылууга тийиш:
- кайрылуунун тексти окулбаса;
- соттук чечимди даттануунун тартибин түшүндүрүү менен бул соттук чечимге даттанылган кайрылуу;
- кат жүзүндөгү кайрылууларда фамилиясы, аты жана атасынын аты жана почта дареги көрсөтүлбөсө;
- жаңы жүйөлөр же жаңы ачылган жагдайлар келтирилбестен кайталап кайрылуулар, эгер алар боюнча текшерүүлөрдүн толук материалдары болсо жана жарандарга жооп берилсе.
41. (КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 84 тескемесине ылайык күчүн жоготту)