Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 9-октябрындагы № 521 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 22-ноябры № 613
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жобонун 3-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 4-мартындагы № 116 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага | А.У. Жапаров |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы
Жапаров Акылбек Усенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кеңештин төрагасы; |
Байсалов Эдиль Жолдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары; |
Баетов Батыркул Исаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын коомдук башталышта кеңешчиси, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кеңештин катчысы. |
Кеңештин мүчөлөрү: | ||
Купешев Болотбек Душекович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Амангельдиев Данияр Джолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; |
Джуматаев Мурат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор; |
Тыналиева Бакыт Карыбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы, медицина илимдеринин доктору, профессор; |
Камчыбеков Толобек Кадыралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын коомдук башталышта кеңешчиси, экономика илимдеринин доктору, профессор; |
Исанов Алмаз Насирдинович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; |
Ажымалиев Тимурлан Максатбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Керимбаева Рахат Топчубаевна | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору; |
Абдуматов Кубанычбек Абдуматович | - | И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин инженердик-экономикалык факультетинин деканы (макулдашуу боюнча); |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Т. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Мамасаидов Мухамеджан Ташалиевич | - | Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин алдындагы “Табигый Таш” илимий-изилдөө борборунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Усупбаев Акылбек Чолпонкулович | - | Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын урология жана андрология кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Бийбосунов Болотбек Ильясович | - | И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин колдонмо информатика кафедрасынын башчысы, физика - математика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Адиева Айнура Абдужалаловна | - | Кыргызстан эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Батыралиев Талантбек Абдулаевич | - | Америка кардиологдорунун коллегиясынын анык мүчөсү, Россия табият таануу академиясынын мүчө - корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Галбаев Жалалидин Токтобаевич | - | И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин энергетика факультетинин деканы, техника илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Сооронбаев Талантбек Маратбекович | - | Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун пульмонология жана аллергология бөлүмчөсүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Бебезов Бахадыр Хакимович | - | Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия-Славян университетинин хирургия кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Джолдошева Тамара Юлдашевна | - | М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинин магистратура жогорку мектебинин директору, экономика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Савин Виктор Евгеньевич | - | X.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин экономика жана финансы факультетинин деканы, экономика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Асизбаев Рустам Эмилжанович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессорунун милдетин аткаруучу, экономика илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Тойчуев Рахманбек Маматкадырович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тоо физиологиясы жана медицина институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Садыров Октябрин Алымбекович | - | "Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис", ЖЧКнын президенти, техника илимдеринин кандидаты, профессор (макулдашуу боюнча); |
Малюкова Наталья Николаевна | - | Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия-Славян университетинин билим берүүдөгү жана илимдеги инновациялар башкармалыгынын начальниги, геология-минералогия илимдеринин кандидаты, профессор (макулдашуу боюнча). |