Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 21-декабры № 677
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык:
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 318 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкери, Байкоочу кеңештин жооптуу катчысы;
Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Өндүрүшчүлөрдүн жана Ишкерлердин Кыргыз бирлиги" юридикалык жактардын бирикмесинин вице-президенти (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана. ооруктагы эмгекчилердин республикалык кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Л.М.Фомова атындагы Калкты социалдык жактан коргоочу коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).