КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 340-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы N 356-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 24-декабры № 340-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 356-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пункту "Экономика'' деген сөздөн кийин "жана коммерция" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 5-пунктундагы "Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) аталган буйруктун 1-тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) аталган буйрук менен бекитилген Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүгүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин ишинин регламентинде:
- 4-пунктундагы ''Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пунктундагы "Экономика министри" деген сөздөр "айыл чарба министринин орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
| Төрага | А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "1-тиркеме |
Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүгүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча Байкоочу кенештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары, Байкоочу кенештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кенештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Ош шаарынын вице-мэри.".