Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 51-т тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын башкаруу системасын реструктуризациялоо КОНЦЕПЦИЯСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому (мындан ары - Улуттук энергетикалык холдинг) энергетика тармагынын туруктуу иштөө системасын киргизүүнү жана энергетикалык компанияларды башкаруу түзүмүн вертикалдаштырууну караган Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2015-жылдын 28-апрелиндеги № 1 "Өлкөнүн экономикасынын электр энергетикалык секторунун абалы жана аны андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу" чечимине ылайык түзүлгөн. Аталган чечимди ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улуттук энергетикалык холдингдин өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект катары калыптанышын караган тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алды.
Алсак Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-январындагы № 4 "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун 2016-жылдын 29-январындагы № 36-б чечимине ылайык Улуттук энергетикалык холдинг түзүлгөн. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 18-майындагы № 524-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому менен Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын уставдык капиталына энергетикалык компаниялардын акцияларынын мамлекеттик пакетин киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылуучу менчиктештирүү объекттеринин тизмеги бекитилген.
Улуттук энергетикалык холдингдин активдеринин учурдагы түзүмү
2-глава. Учурдагы абалды талдоо
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын энергетикалык системасынын белгиленген жыйынды кубаттуулугу 3929 МВт, анын ичинде 3067 МВт - гидроэнергетикалык ресурстар, 862 МВт - жылуулук электр станциялары түзөт.
1-таблица. 2014-2020-жж. электр энергиясын иштеп чыгуунун жана керектөөнүн динамикасы
Жыл | Жалпы электр энергиясын иштеп чыгуу, млн. кВтс | Электр энергиясын керектөө, млн. кВтс |
2014 | 14415,0 | 12447,1 |
2015 | 12786,4 | 11178,5 |
2016 | 12843,6 | 11350,3 |
2017 | 15151,4 | 13624,2 |
2018 | 15472,7 | 13934,7 |
2019 | 14878,6 | 13384,5 |
2020 | 15181,6 | 13612,5 |
2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 13612,5 млн. кВтс ички керектөөдө иштелип чыккан жыйынды электр энергиясы 15181,6 млн. кВтс түздү.
Гидроэлектр станцияларындагы (мындан ары - ГЭС) электр энергиясын иштеп чыгуу резервдери кескин мааниге чейин төмөндөсө да, электр энергиясынын ички керектөө көрсөткүчү динамикалык өсүү тенденциясына ээ.
Электр энергиясын иштеп чыгуу Нарын дарыясындагы суунун агымынын өзгөрүшүнө жана Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө абдан көз каранды экендигин белгилеп кетүү маанилүү.
2020-жылы электр энергиясын 13612,5 млрд. кВтс көлөмүндө керектөөнүн иш жүзүндөгү деңгээли жана анын 3% диапазонундагы өсүш динамикасы сакталганда энергетикалык системадагы кубаттуулуктун тартыштыгы 400 МВт же 2 млрд. кВтс түзөт. Узак мөөнөттүү келечекте электр энергиясынын ички тартыштыгынын пайда болуу коркунучу менен суроо-талап жана сунуштун ортосундагы дисбаланс сакталат.
Энергетика тармагында бир топ жылдар бою социалдык багытталган тарифти түзүүгө байланыштуу энергетикалык компаниялар финансылык жылды тартыштык менен аяктап келишкен. Алсак 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча акча каражатынын жалпы тартыштыгы 1,208 млрд. сомду тузду, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча күтүлүүчү тартыштык 3,3 млрд. сомду түзөт.
2021-жылдагы тартыштык Бишкек ш. ЖЭБине отун сатып алуунун кошумча көлөмү, ЖЭБде электр энергиясын иштеп чыгуунун 1 млрд. кВтс көбөйүшү жана чектеш энергетикалык системалардан электр энергиясынын импорту менен шартталган.
2021-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча энергетикалык компаниялардын карыздык милдеттенмелери 135,4 млрд. сомду түздү, анын ичинде 117,36 млрд. сом - чет өлкөлүк кредит, 18,04 млрд. сом - бюджеттик ссуда, карыздык милдеттенмелердин 52% - "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна, ал эми 44% - "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна, 4% - бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияларга (мындан ары - БЭК) туура келет.
Энергетикалык активдерди оңдоого, техникалык жактан тейлөөгө, модернизациялоого жана реконструкциялоого энергетика тармагындагы каржылоонун системалуу түрдөгү жетишсиздигинен улам негизги каражаттар жылдан-жылга техникалык жактан эскирүүдө.
Алсак азыркы учурда энергетикалык жабдуулардын жыйынды эскириши 70% түзөт, анын ичинде генерация боюнча - 70% ашык, 110-500 кВ тармактар боюнча - 60%, БЭК боюнча - 55%, жылуулук тармактары боюнча - 83%.
1-сүрөт. БЭКтин активдеринин техникалык абалы
БЭК боюнча азыркы учурда 35/10 (6) кВ 22 көмөкчү чордондун техникалык абалы канааттандырарлык эмес, 10 (6) - 0,4 кВ электр тармактарынын 15213,5 км реконструкциялоону жана модернизациялоону талап кылат. Ошондой эле 3843 бирдик трансформатордук көмөкчү чордон алмаштырууну талап кылат.
3-глава. Башкаруунун учурдагы түзүмүнүн негизги кемчиликтери, реформанын өбөлгөлөрү жана алардын максаттары
Энергетика тармагында реформаларды өткөрүүнүн негизги максаты болуп тармактын туруктуу ишин, аны финансылык жактан жакшыртуу, жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун бекемдөө максатында чыгымдарды жана бизнес процесстерди оптималдаштыруу жолу менен Улуттук энергетикалык холдингдин туунду коомдорунун ички ресурстарын локалдаштыруу саналат.
Мындан тышкары реформанын алкагында төмөнкүдөй көйгөйлөрдү чечүү үчүн чаралар көрүлөт:
- электр энергиясынын ички керектөөсүнүн өсүшүнүн жогорку темптери менен шартталган генерациялоочу кубаттуулуктардын тартыштыгы;
- энергетикалык компанияларды каржылоонун тартыштыгы;
- энергетикалык жабдууларды өз убагында оңдоо, модернизациялоо жана реконструкциялоо;
- энергетикалык компаниялардын ашыкча карыздык жүгү;
- чечим кабыл алууда маселелердин саясатташуусу, бул корпоративдик башкарууну өнүктүрүү жана натыйжалуу кадрдык саясатты ишке ашыруу жолу менен экономикалык натыйжалуулукка караганда саясий максатка ылайыктуулуктун басымдуулугуна алып келет;
- бизнес процесстерди автоматташтыруунун төмөн деңгээли.
Жогоруда аталган көйгөйлөр реформа жүргүзүү үчүн бир канча багыттарды камтыган объективдүү өбөлгөлөрдү түзөт, анын ичинде Улуттук энергетикалык холдингдин туунду коомдорун ирилештирүү аркылуу кайра уюштуруу башкаларга карата негиз түзүүчү болуп саналат.
Кайра уюштуруу негизги үч багытта жүзөгө ашырылат:
1) бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияларды бириктирүү ("Түндүк электр" ААК, "Чыгыш электр" ААК, "Ош электр" ААК жана "Жалалабатэлектр" ААК);
2) энергетикалык компанияларды бириктирүү ("Электр станциялар" ААК жана "Бишкекжылуулуктармагы" ААК);
3) электр энергиясын сатуу функциясын бөлүү менен "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын жана бириккен БЭКтин активдерин бириктирүү.
Реструктуризациялоодон кийинки башкаруунун түзүмү
Мындан тышкары төмөнкү милдеттерди чечүү үчүн болгон ресурстарды жумшоо каралууда:
- стратегиялык пландоо жана натыйжалуу корпоративдик башкаруу;
- натыйжалуу жүйөлөө аркылyy сапаттуу менеджмент;
- энергетика тармагын санариптештирүү;
- административдик башкаруу функцияларын бириктирүү аркылуу энергетика тармагынын сарптоолорун оптималдаштыруу жана унификацияланган сатып алуулар;
- сарамжалдуу пландоо жана бюджеттик контролдоо;
- энергетикалык компаниялардын стандарттарын жана жол-жоболорун унификациялаштыруу.
4-глава. Реформалардын негизги аспекттери
1-§. Улуттук энергетикалык холдингдин туунду коомдорун кайра уюштуруу
"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун базасында "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомун кошуу жолу менен Улуттук энергетикалык холдингдин туунду коомдорун кайра уюштуруунун алкагында тиешелүү энергетикалык компания түзүлөт.
Реформанын бул компоненти эки этап менен жүзөгөә ашырылат, биринчи этабында БЭКтер ("Түндүк электр" ААК, "Чыгыш электр" ААК, "Ош электр" ААК жана "Жалалабатэлектр" ААК) биригет, экинчи этабында "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК менен бириккен бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияны бириктирүү маселеси каралат.
Кайра уюштуруу алгоритми төмөнкүдөй түрдө болот:
1. Улуттук энергетикалык холдингдин туунду коомдорун кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алуу. Бул багытты ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бириктирүү жана акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө тиешелүү макулдашууларды иштеп чыгууну талап кылат.
2. Кайра уюштурулуучу туунду коомдордун активдерин инвентаризациялоо, активдердин түзүмүн жана анын наркын аныктоо.
3. Тиешелүү актыларга кол коюу.
2-§. Ченемдик укуктук база
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык коом уюмдаштыруу же иштеп жаткан юридикалык жакты кайра уюштуруу (кошулуу, бөлүү, бөлүнүп чыгуу, кайра түзүү) жолу менен түзүлүшү мүмкүн.
Аталган Мыйзамдын 12-беренесине ылайык коомду кайра уюштуруу кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүнүп чыгуу жана кайра түзүү түрүндө ишке ашырылышы мүмкүн.
Коомду башка коомго бириктирүү жолу менен кайра уюштурууда алардын биринчиси кошулган коомдун ишин токтотуу жөнүндө жазуу мамлекеттик каттоо органы тарабынан юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген учурдан баштап кайра уюштурулду деп эсептелет.
Коомдорду кайра уюштуруунун натыйжасында жаңыдан пайда болгондорду мамлекеттик каттоо жана кайра уюштурулган коомдордун ишин токтотуу жөнүндө жазууну киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Коомду кайра уюштуруу расмий басылмада бул тууралуу билдирүү жарыялангандан кийин эки айлык мөөнөттөн эрте эмес жүргүзүлөт. Кредиторлор коомду кайра уюштуруу жөнүндө маалымат жарыяланган учурдан тартып эки айдын ичинде коомго мөөнөтүнөн мурда токтотуу же тиешелүү милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө талап коюуга укуктуу, ал эми коом алардын талаптарын канааттандырууга милдеттүү.
Эгерде кайра уюштуруунун натыйжасында кайра уюштурулган коомдун капиталы аталган Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген уставдык капиталдын өлчөмүнөн аз болсо, коом кайра уюштурулбайт.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык бир же бир нече коомдун бардык укуктарын жана милдеттерин башка коомго өткөрүп берүү менен алардын ишин токтотуу боюнча иш-аракеттер бириктирүү деп таанылат.
Коомдорду бириктирүү алардын мүлкүн бириктирүү жана бириктирүүгө тартылган коомдун акцияларын ишин уланткан коомдун акцияларына андан ары алмаштырып, алардын баланстарын консолидациялоо жолу менен ишке ашырылат.
3-§. Артыкчылыктар жана тобокелдиктер
Жүргүзүлүүчү кайра уюштуруунун алкагында төмөнкүдөй артыкчылыктар каралууда:
1) башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу, административдик чыгымдарды кыскартуу жана кабыл алынуучу чечимдердин оперативдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу;
2) корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
3) региондук электр тармактарынын инфратүзүмүн өнүктүрүүнү эске алуу менен ресурстарды энергетикалык компаниялардын ортосунда натыйжалуу кайра бөлүштүрүү;
4) сатып алуу ишин борборлоштуруу, сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын төмөндөтүү;
5) "Түндүк электр" ачык акционердик коомуна киргизилген маалыматтык системаларды (ГМС, Биллинг, ТТжанаО, БЭК смета ж.б.) региондук энергетикалык компанияларга жайылтуу жана кошумча маалыматтык системаларды сатып алууга чыгымдарды кыскартуу;
6) "бирдиктүү терезенин" алкагында керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын стандартташтыруу жана жогорулатуу;
7) кадрларды шаардык бөлүмдөрдөн региондук бөлүмдөргө которуу аркылуу кадрдык потенциалды жогорулатуу.
Тобокелдиктер:
1. Саясий - ушул Концепциядан келип чыгуучу тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл албоо.
2. Финансылык - сунушталуучу кайра уюштурууну колдобоодон улам милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда төлөө талабын койгон финансылык институттардын жана өнөктөш банктардын колдоосунун жоктугу.
4-§. Реформаларды жүргүзүүдөн алынган натыйжа
Энергетика тармагында реформаларды жүргүзүүдөн алынган натыйжаны эки негизги бөлүккө бөлүүгө болот:
1) сапаттык - өзүнө менеджментти жана башкаруучулукту, оперативдүүлүктү, компетенцияларды алмашуу жана компетенциялардын жалпы деңгээлин жогорулатуу боюнча пайданы камтыйт;
2) сандык - компаниянын чыгымдарын кыскартууга алып келүүчү бардык жакшыртуулар.
2, 3-таблицаларда ушул Концепцияны ишке ашыруунун натыйжасында күтүлүүчү сапаттык жана сандык пайда көрсөтүлгөн.
2-таблица. Сапаттык пайда
Бизнес драйверлер (долбоордук чечим компаниянын финансылык же операциялык ишине көрсөтүүчү натыйжаны, ошондой эле бизнесте пайда алып келүү көз карашынан алганда өлчөнүүчү жакшыртууларды аныктайт): 1) сапат - мыкты натыйжалар; 2) тездик - ылдамыраак; 3) көлөм - көбүрөөк; 4) чыгымдар - арзаныраак | Пайданын түрлөрү (пайданы баалоо, эсептөө, мониторинг жана пайда алуу ыкмаларын аныктайт): 1) түз финансылык; 2) кыйыр финансылык; 3) сапаттык | Стратегиялык факторлор (компаниянын пайдасы менен стратегиялык көрсөткүчтөрдүн ортосундагы байланышты белгилейт, ошондой эле пайданын стратегиялык максаттарга жетүүгө жана бизнестин маселелерин чечүүгө тийгизген таасирин көрсөтөт): 1) административдик-башкаруу функцияларын кыскартуунун эсебинен чыгымдарды азайтуу; 2) TMЗ сатып алууга жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чыгымдарды кыскартуу; 3) акча каражаттарынын агымын оптималдаштыруу; 4) операциялык натыйжалуулук |
3-таблица. Сандык пайда
№ | Багыт | Жылдык сумма (млн. сом) |
1 | Административдик-башкаруу чыгымдарын кыскартуу | 105,5 |
2 | Бириккен сатып алуулар | 300,0 |
3 | Акча каражаттарынын агымын оптималдаштыруу (казыналык) | 50,0 |
4 | Электр энергиясын сатуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу | 150,0 |
5 | Өндүрүштүк процесстерди жана бюджеттөөнү автоматташтыруу | 100,0 |
6 | Санариптешүүгө (тейлөөгө) чыгымдар | 100,0 |
7 | Капиталдык салымдарды жана компаниялардын ортосунда активдердин кыймылын сарамжалдуу бөлүштүрүүдөн жана бириктирүүдөн натыйжа | 200 |
8 | Жыйынтык: | 1005,5 |
Энергетика тармагында жүргүзүлгөн реформалардан күтүлүүчү натыйжа дээрлик 1005,5 млн. сомду түзөт, алар энергетиканы андан ары келечектүү өнүктүрүүгө, жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүүгө жана карыздык милдеттенмелерди жоюуга багытталат.
Кыскартуулардын тизмеси:
МВт | - | мегаватт |
кВтс | - | киловатт-саат |
кВ | - | киловольт |
ЖЭБ | - | жылуулук электр борбору |
ГМС | - | географиялык маалыматтык система |
ТТжО | - | техникалык тейлөө жана оңдоо |
ТМЗ | - | товардык-материалдык запас |
РЭТ | - | райондук электр тармагы |
БЭК | - | бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар |
ААК | - | ачык акционердик коом |
УЭХК | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК |
КЭЭБ | - | "Кыргыз энергетикалык эсеп борбору" ААК |
КУЭТ | - | "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК |
ЧГЭС | - | "Чакан ГЭС" ААК |
ЭС | - | "Электр станциялар" ААК |
БЖТ | - | "Бишкекжылуулуктармагы" ААК |