Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
БУЙРУК
2022-жылдын 24-февралы № 154
"Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 159 КПҮ токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин курамы 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
А.У. Жапаров |
2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти, Кеңештин төрагасынын орун басары.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
"Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги (KADI)" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директорунун орун басары;
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
"РСК Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
"Керемет Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
"Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары (Кеңештин төрагасынын чечими боюнча);
Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Кызыл-Кыя шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Баткен шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Сүлүктү шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
жарандык коомдун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча, Кеңештин төрагасынын чечими боюнча);
көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча, Кеңештин төрагасынын чечими боюнча).