Загрузка документа…
| ||
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 154 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 159 КПҮ токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын (мындан ары - Баткен облусун өнүктүрүү программасы жана Жол картасы) аткаруу максатында иштелип чыкты.
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Баткен облусун өнүктүрүү программасын жана Жол картасын ишке ашырууга багытталган бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу максатында кызыкдар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган иш-аракеттерин жүргүзүүнү камсыз кылган коомдук-консультативдик, ведомстволор аралык координациялык орган болуп саналат.
3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзам актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, тескемелерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кеңеш өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар, коммерциялык эмес жана Баткен облусун өнүктүрүү кызыкчылыгын билдирген башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө жүзөгө ашырат.
2. Кеңештин функциялары
5. Кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкердик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, ошондой эле Баткен облусун өнүктүрүүгө байланышкан мыйзамдардын долбоорлоруна, максаттуу программаларга коомдук экспертиза жүргүзүү;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн Баткен облусун өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышууга тартуу;
3) жарандардын укуктарын ишке ашырууга тийиштүү маселелерди талкуулоого мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, коомдук бирикмелердин жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу;
4) өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо, Баткен облусун мейкиндик өнүктүрүүдө башкаруунун инновациялык ыкмаларын жайылтуу, Баткен облусун өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу маселелеринде Баткен облусунун мамлекеттик бийлигинин аткаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу;
5) долбоорлорду ишке киргизүү жана аяктоо (токтотуу) жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
6) Баткен облусун өнүктүрүү программасына жана Жол картасына киргизилген долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;
7) облусту экономикалык өнүктүрүү программасына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, ошондой эле анын ишке аткарылышын контролдоо;
8) Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук максаттарына, Баткен облусуна тиешелүү улуттук долбоорлордун жана программалардын максаттарына жана максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүүгө мониторинг жүргүзүү, ошондой эле Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн башка көрсөткүчтөрүнүн маанилерине мониторинг жүргүзүү;
9) долбоордук иштин катышуучуларын мотивациялоо системасынын инструменттерин колдонуу жөнүндө чечимдерди белгиленген тартипте кабыл алуу.
3. Кеңештин укуктары
6. Кеңеш ага берилген ыйгарым укуктардын чектеринде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кеңешке жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды Баткен облусунун мамлекеттик бийлигинин аткаруу органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан белгиленген тартипте суроого;
2) Баткен облусун өнүктүрүү программасында жана Жол картасында каралган иш-чараларды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын өкүлдөрүн Кеңештин жыйналыштарына чакырууга жана өзүнүн жыйналыштарында угууга;
3) Кеңештин ишине (макулдашуу боюнча) кызыкдар органдардын, илимий-изилдөө, билим берүү жана башка уюмдардын, ошондой эле коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн тартууга;
4) Баткен облусун өнүктүрүү программасын жана Жол картасын ишке ашыруунун катышуучуларына тапшырмаларды жана сунуштамаларды берүүгө;
5) Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү багыттары боюнча чечимдерди кабыл алган коллегиалдуу органдардын жыйналыштарында региондук деңгээлде мамлекеттик башкаруунун артыкчылыктарын, максаттарын жана милдеттерин аныктоо менен байланышкан маселелерди кароону демилгелөөгө;
6) биргелешкен жана кеңейтилген жыйналыштарды өткөрүүнү демилгелөөгө.
4. Кеңештин ишин уюштуруу
7. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет:
Кеңештин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүмү (мындан ары - жумушчу орган) саналат.
Кеңештин иштөө формасы болуп жыйналыш саналат. Кеңештин жыйналыштары зарылчылыкка жараша өткөрүлөт. Кеңештин жыйналыштары онлайн форматында да өткөрүлүшү мүмкүн.
Кеңештин жыйналышы, эгерде ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышса, ыйгарым укуктуу болуп саналат. Кеңештин мүчөлөрү зарылчылыкка жараша жыйналышка онлайн форматта катыша алышат.
Кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз катышат. Жыйналышка катышуу мүмкүн болбогон учурда Кеңештин мүчөсү алдын ала (жыйналыш өткөрүлгөнгө чейин 2 жумуш күндөн кечиктирбестен) бул туурасында төрагага же жумушчу органга жазуу жүзүндө билдирет.
Жыйналышты Кеңештин төрагасы өткөрөт, ал жок учурда - төрага тарабынан аныкталган анын орун басары өткөрөт.
Кеңештин жыйналышынын күн тартибинин долбоору Кеңештин төрагасы тарабынан түзүлөт жана жумушчу орган тарабынан жыйналыш дайындалган күнгө чейин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен, талкууга коюлган маселелер боюнча материалдарды тиркөө менен Кеңештин мүчөлөрүнө жиберилет.
Өзгөчө учурларда жана жыйналышка катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн каршы пикири жок болсо, Кеңештин мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча жыйналыштын күн тартибине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Региондук деңгээлде мамлекеттик башкаруунун артыкчылыктарын, максаттарын жана милдеттерин аныктоо менен байланышкан маселелер боюнча Кеңештин чечимдери Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашырууну координациялоо боюнча ыкчам штабдын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында аларды кароонун жыйынтыктарын эске алуу менен кабыл алынат.
Зарыл болгон учурда Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү багыттары боюнча чечимдерди кабыл алган Кеңештин жана башка коллегиалдуу органдардын биргелешкен жыйналыштары өткөрүлөт.
Кеңештин чечимдери ачык добуш берүү менен жыйналышка катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү добуш болуп эсептелет.
Кеңештин чечимдери протокол менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары кол коёт.
Айрым учурларда кечиктирилгис маселелер боюнча Кеңештин чечимдери сырттан добуш берүү түрүндө (жазуу жүзүндөгү сурамжылоо жолу менен) кабыл алынышы мүмкүн.