КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 197 (Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу) тескемеси
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 274 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 11-марты № 197
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-декабрындагы № 754 "Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 11-октябрындагы № 444 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын КУРАМЫ
Калилов Руслан Кадырович | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин директору, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы; |
Убышалиев Данияр Мыктыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин директорунун орун басары, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү: | ||
кызмат орду боюнча | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин геология башкармалыгынын начальниги; |
кызмат орду боюнча | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин жер казынасын иштетүү башкармалыгынын начальниги; |
кызмат орду боюнча | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин жер казынасын лицензиялоо башкармалыгынын начальниги; |
кызмат орду боюнча | - | "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын директору (макулдашуу боюнча); |
Асанбаев Талант Ишенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары - башкы геологу; |
Такенов Нургазы Такенович | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын маалымат, аналитика жана изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; |
Акимбеков Анатолий Нурматович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Горшков Антон Алексеевич | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Кметь Юрий Павлович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Кожонов Алмаз | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Сапаралиев Илияс Суюндукович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Сарымсаков Ашымбек Абдыкадырович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Чубко Олег Любомирович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Базаркулова Нураим Асанкуловна | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин геология башкармалыгынын башкы адиси, Мамлекеттик комиссиянын катчысы. |
Эскертүү.
Мамлекеттик комиссиянын катчысы жок учурда анын ыйгарым укуктары Комиссиянын төрагасынын чечиминин негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка кызматкерине убактылуу жүктөлөт.