Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 17-майы № 256-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. Бишкек шаарында 2021-жылдын 28-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Азия-Тынч океан регионунда вакциналарга жеткиликтүүлүк механизминин алкагында COVID-19га каршы вакцинациялоону колдоо") жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга ("Азия-Тынч океан регионунда вакциналарга жеткиликтүүлүк механизминин алкагында COVID-19га каршы вакцинациялоону колдоо") Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-майындагы № 256-т тескемеси менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2021-жылдын 28-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Азия-Тынч океан регионунда вакциналарга жеткиликтүүлүк механизминин алкагында COVID-19га каршы вакцинациялоону колдоо") жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга ("Азия-Тынч океан регионунда вакциналарга жеткиликтүүлүк механизминин алкагында COVID-19га каршы вакцинациялоону колдоо") Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2021-жылдын 28-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Азия-Тынч океан регионунда вакциналарга жеткиликтүүлүк механизминин алкагында COVID-19га каршы вакцинациялоону колдоо") жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга ("Азия-Тынч океан регионунда вакциналарга жеткиликтүүлүк механизминин алкагында COVID-19га каршы вакцинациялоону колдоо") макулдашуулардын (мындан ары - Макулдашуулар) максаты болуп COVID-19дун жайылышын алдын алууга, ошондой эле калктын алгылыктуу топторун вакцинациялоого багытталган "Азия-Тынч океан регионунда вакциналарга жеткиликтүүлүк механизминин алкагында COVID-19га каршы вакцинациялоону колдоо" долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкынан 12500000 (он эки миллион беш жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү кредитти жана 12500000 (он эки миллион беш жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү грантты алуу болуп саналат.
12500000 (он эки миллион беш жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү кредит Кыргыз Республикасына Азия өнүктүрүү банкынын стандарттык шарттарында кадимки капиталдык ресурстардан жеңилдетилген шарттарда, негизги карыздын суммасынан 16 жылга төлөө мөөнөтү жана жеңилдетилген мезгил ичинде кредиттик эсептен алынган жылдык кредиттин суммасынан жылдык 1% жана андан кийинки мезгилде жылдык 1,5% пайыздык ставка менен берилет.
Грант Кыргыз Республикасына 12500000 (он эки миллион беш жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндө Азия өнүктүрүү банкынын стандарттык шарттарында берилет жана мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Макулдашууларга Кыргыз Республикасынын финансы министри Бишкек ш. 2021-жылдын 28-декабрында кол койгон.
Долбоорлор кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: 2021-жылдын 14-декабрында № 6-4369и/21 Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети, 2021-жылдын 15-декабрында № 6-4391и/21 Бюджет жана финансы боюнча комитети, 2021-жылдын 21-декабрында № 6-4443и/21 Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-декабрындагы № 342-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашуулар жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашууларды ишке ашыруу кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Макулдашуудан келип чыгуучу милдеттенмелерди аткаруу үчүн жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саналат.