Загрузка документа…
ПОСТАНОВЛЕНИЕ КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2022-жылдын 14-июну № 320-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. Бишкек шаарында 2022-жылдын 13-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "COVID-19 кесепеттерине шашылыш чара көрүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 320-т тескемеси менен жактырылды |
Бишкек шаарында 2022-жылдын 13-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "COVID-19 кесепеттерине шашылыш чара көрүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Саламаттык сактоо системасында начар материалдык-техникалык жабдуу, саламаттык сактоо уюмдарынын эскирген инфратүзүмү, технологиялардын чектелген жеткиликтүүлүгү калкты комплекстүү, сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыз кылууга мүмкүндүк бербейт. Ошондой эле тез жардам машиналарынын зарыл болгон медициналык шаймандар менен жетишсиз жабдылышы байкалууда.
Ушуга байланыштуу айыл аймактарынын жана алыскы райондордун жашоочулары үчүн медициналык тез жардам кызматынын жеткиликтүүлүгү боюнча көйгөйлөр бар. Бул өзгөчө кырдаалдарда тез чара көрүү кызматтарын жана негизги системаларды ылдам жана натыйжалуу калыбына келтирүүгө тоскоолдуктарды жаратып келет.
Республикада коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны кескин көбөйгөндө жана бул инфекция күчөгөндө, COVID-19 менен ооруган бейтаптарга өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн керектүү шаймандары менен медициналык тез жардам машиналары жана санитардык кызмат машиналарын абдан жетишсиз болгону байкалды.
Бишкек шаарында 2022-жылдын 13-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "COVID-19 кесепеттерине шашылыш чара көрүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) алкагында республиканын 40 районунда саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык тез жардам бөлүмдөрү (үй-бүлөлүк медицина борборлору) медициналык тез жардам унаалары менен камсыз болот, өлкөнүн калкына өз убагында квалификациялуу баштапкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн жабдылат. 40 райондун, 5 облустук маанидеги шаардын, ошондой эле республикалык маанидеги 2 шаардын коомдук саламаттык сактоо кызматтарынын бөлүмдөрү (ооруларды профилактикалоо жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору жана үй-бүлөлүк медицина борборлору) жугуштуу оорунун жайылып кетишине каршы иш-чараларды жана баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн санитардык транспорт менен камсыз болушат. Санитардык транспорт жана тез жардам машиналары ооруларды профилактикалоо жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна өткөрүлүп берилет.
Макулдашууга Кыргыз Республикасынын финансы министри тарабынан Бишкек шаарында 2022-жылдын 13-апрелинде кол коюлган.
Макулдашуунун долбооруна кол коюуга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети 2021-жылдын 23-сентябрындагы № 6-3550 и/21 менен, Бюджет жана финансы боюнча комитети 2021-жылдын 5-октябрындагы № 6-3622 и/21 менен, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 6-13352/21 менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-ноябрындагы № 271-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашууну ишке ашыруу кандайдыр бир экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терc кесепеттерге алып келбейт, коомдук угууларды өткөрүүнү талап кылбайт.
Макулдашууну ишке ашыруу менен байланыштуу кыргыз тараптын бардык финансылык чыгымдары тиешелүү жылга саламаттык сактоо секторунун бекитилген бюджетинин чегинде жүзөгө ашырылат.
Бул Макулдашуудан келип чыккан милдеттенмелерди аткарууга жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саналат.