Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 30-августу № 454-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 20-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы № 454-т тескемеси менен жактырылган |
2022-жылдын 20-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2022-жылдын 20-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу (мындан ары - Макулдашуу) аталган Макулдашууну ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалган.
Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү маанилүү фактор болуп эки мамлекеттин ортосунда түз аба катнашынын болушу эсептелет.
Азербайжан Республикасы менен аба катнашы жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууну даярдоо жана кол коюу жөнүндө чечимдин негизине эң оболу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана учуулардын географиясын кеңейтүү кызыкчылыктары негиз болгон. Көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана почтаны ташуу үчүн үзгүлтүксүз учууларды аткаруу үчүн укуктук камсыздоо шарттарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Мамлекеттин экономикалык өнүктүрүү милдеттеринин артыкчылыгына жараша Макулдашууну ратификациялоо негиздүү, пайдалуу жана зарыл болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында Макулдашуунун тексти ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 253-т тескемеси менен жактырылган жана 2022-жылдын 19-20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Азербайжан Республикасына расмий сапарынын алкагында кол коюлган.
Мындан тышкары, Макулдашуунун тексти ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча, Бюджет жана финансы боюнча комитеттери тарабынан жактырылган.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашууну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификациялоо жөнүндө сунуш ратификациялоо жөнүндө мыйзамдын формасында киргизилет.
Макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен финансылык чыгымдарга, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.