Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 20-октябры № 568-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 568-т тескемеси менен жактырылган |
2022-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2022-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Мурда макулдашуулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 6-1793/22 чечими (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 6-5404и/22 каты), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2022-жылдын 20-сентябрындагы № 6-18445/22 чечими (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын 2022-жылдын 20-сентябрындагы № 6-5551и/22 каты) менен жактырылган. Макулдашуулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 500-т тескемеси менен жактырылган.
Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү боюнча Азия өнүктүрүү банкынын программасы соодада, инвестицияда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, чакан жана орто бизнести колдоо жана жумушчу орундарды камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү жолу менен Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган. Программа саясаттын төмөнкү негизги багыттарын же колдонуу чөйрөсүн түзөт: (1) "Соода жана инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк", (2) "Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү", (3) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк", (4) "Тармактар менен байланышкан көндүмдөрдү өнүктүрүү", (5) "Коронавирус инфекциясынан кийин турукташтырууну жана калыбына келтирүүнү камсыз кылуу үчүн туруктуу финансылык жана социалдык коргоону жогорулатуу".
Макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасына кредиттик жана гранттык негизде 50 млн. АКШ долл. өлчөмүндө финансылык жардам берилет (25,0 млн. АКШ долл. - грант жана 25,0 млн. АКШ долл. - кредит).
Финансылык каражаттар республикалык бюджетти колдоо үчүн арналган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык макулдашуулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.