Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2022-жылдын 1-ноябры № 588-т
2022-жылдын 9-ноябрынан тартып 14-ноябрына чейин Бишкек шаарында чоңдор арасында самбо боюнча дүйнө чемпионатын сапаттуу жана өз убагында уюштуруу жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине жана "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык:
1. Чоңдор арасында самбо боюнча дүйнө чемпионатына (мындан ары - Дүйнө чемпионаты) даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Уюштуруу комитеттеринин ишин уюштуруучулук-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 2022-жылга каралган каражаттардын чегинде Дүйнө чемпионатын өткөрүүгө финансылык каражаттарды өз убагында бөлүүнү карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнө чемпионатынын катышуучуларын медициналык тейлөөнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Дүйнө чемпионаты өтүүчү жана анын катышуучулары жашаган жерлерде коомдук тартипти сактоону жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдын ала жөнөтүлгөн расмий өтүнүч каттарынын негизинде чет өлкөлүк жарандарга - Дүйнө чемпионатынын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтому менен бекитилген Жобого ылайык консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды албастан визалык колдоону жана Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөгө көмөк көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн компетенциясынын чегинде Дүйнө чемпионатынын катышуучуларынын, расмий адамдарынын жана ардактуу меймандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрсүн, чет өлкөлүк жарандардын - Дүйнө чемпионатынын катышуучуларынын тиешелүү документтерин макулдашуу боюнча чечимдерди ыкчам тартипте кабыл алсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүдө аларга көмөк көрсөтсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруучулук жана даярдоо чараларын көрсүн.
9. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына Дүйнө чемпионатына даярдык көрүүнүн, өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдырууну жана көрсөтүүнү камсыз кылуу;
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна "Манас-2" аэропортунун расмий делегация залы аркылуу акысыз негизде ардактуу конокторду - делегаттарды тосуп алууну уюштурууга көмөк көрсөтүү;
- Бишкек шаарынын мэриясына шаардын көчөлөрүн Дүйнө чемпионатынын тийиштүү символикалары бар жарнамалык такталар менен жасалгалоого көмөк көрсөтүү;
- Чүй электр тармактары ишканасына Дүйнө чемпионаты өтүүчү жерлерди үзгүлтүксүз электр менен камсыз кылуу.
10. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Чоңдор арасында самбо боюнча дүйнө чемпионатына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри - уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директору;
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Чүй электр тармактары ишканасынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын самбо федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).