Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 7-декабры № 254
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарынын маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобонун 27-пунктунун онунчу абзацына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгы жана Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2023-жылдын 28-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгы жана Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө жобонун долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизсин.
3. Жумушчу топ зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын адистерин ишке тартууга жана зарыл болгон материалдарды суроого укуктуу.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгына жүктөлсүн.
5. Жумушчу топтун ишин материалдык-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
|
А.У.Жапаров |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгы жана Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун
курамы
Малдыбаева Салиман Жанузаковна | - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Шаршеев Азамат Нуралиевич | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Молдобаева Жазгуль Эриковна | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бапшармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти; |
Омурбеков Медербек Омурбекович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти; |
Абышев Урмат Талантович | - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгынын эксперти; |
Аманова Жазгүл Абдыкадыровна | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландоо башкармалыгъгаын билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы; |
Жанчаров Чингизбек Ырызалиевич | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын экономика жана пландаштыруу бөлүмүнүн референти; |
Исираилова Айнура Толобаевна | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн башкы адиси; |
Оморова Махабат Таштандиевна | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык маселелер, мамлекеттик башкаруу, укук коргоо жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар башкармалыгынын социалдык маселелер чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башкы адиси. |