Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы ПЖ № 134 Жарлыгына ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64, 2022-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 127, 2022-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 189, 2023 жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 90, 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34, 2023-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 90, 2023-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ № 244, 2023-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 330, 2023-жылдын 8-декабрындагы ПЖ № 336, 2024-жылдын 26-январындагы ПЖ № 8, 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93, 2026-жылдын 4-мартындагы № 103, 2026-жылдын 15-июнундагы № 210 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы (мындан ары - Президенттин Администрациясы) Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген, Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) ишин, ошондой эле ыйгарым укуктарын Президент аныктоочу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын (мындан ары - Мамлекеттик катчы) жана Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн (мындан ары - Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл) ишин камсыз кылган мамлекеттик орган болуп эсептелет.
2. Президенттин Администрациясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Президенттин Администрациясы юридикалык жактын статусуна ээ, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, казыналык системада алыш-бериш жана башка эсептери болот.
2. Президенттин Администрациясынын негизги милдеттери жана функциялары
4. Президенттин Администрациясы Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин маалыматтык-талдоочулук, укуктук, протоколдук, уюштуруучулук, документтик жана башка жагынан камсыз кылат.
5. Президенттин Администрациясынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Президенттин ишин камсыз кылуу:
- элдик бийликтин үстөмдүгү чөйрөсүндө;
- Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктарынын, эркиндиктеринин кепили катары;
- мамлекеттик бийликтин биримди жана уланмалуулугу, мамлекеттик органдардын макулдашылган иштөөсү жана өз ара аракеттенүүсү, алардын элдин алдындагы жоопкерчилиги чөйрөсүндө;
- мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу жана сот бутактары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү чөйрөсүндө;
- Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө;
- Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүү, экономика, финансы жана социалдык чөйрөдөгү процесстерге чара көрүү маселелеринде;
- мамлекеттик башкаруу саясаты жана кадрдык саясат чөйрөсүндө;
- ички жана тышкы саясат чөйрөсүндө;
- маалымат чөйрөсүндө;
- мамлекеттик өнүктүрүү, диний жана этностор аралык саясат чөйрөсүндө;
2) Президенттин аткаруу бийлигинин ишин жетектөөсүн камсыз кылуу;
3) Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ишин камсыз кылуу;
4) Мамлекеттик катчынын ишин камсыз кылуу;
5) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин камсыз кылуу;
6) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди камсыз кылуу.
6. Президенттин Администрациясы Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Элдик Курултай менен өз ара аракеттенүүсү боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн:
- Элдик Курултайды чакыруу зарыл болгон учурда Президент үчүн сунуштарды жана материалдарды даярдайт;
- мамлекетти жана коомду өнүктүрүүнүн, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин маанилүү маселелери, анын ичинде улуттук маданияттын, тилдин, конфессиялар аралык жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө маселелери, башка коомдук маанилүү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынышы мүмкүн болгон Элдик Курултайдын жыйналыштарына материалдарды даярдоого катышат;
- Элдик Курултайдын жыйналыштарында жана чогулуштарында Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сөз сүйлөөсүн уюштурат жана материалдарын даярдайт;
- аткаруу бийлигинин органдарынын кызмат адамдарынын ээлеген кызматына ылайыксыздыгы жөнүндө Элдик Курултайдын сунуштарын Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүүнү камсыз кылат.
7. Президенттин Администрациясы ички саясаттын негизги багыттары боюнча төмөнкүлөргө катышат:
- коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин, Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулбастыгын камсыз кылуу боюнча Президент аныктаган саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;
- өлкөнүн эгемендигин, улуттук коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, мамлекеттик бийликтин биримдигин жана уланмалуулугун, бардык мамлекеттик органдардын макулдашылган иштөөсүн жана өз ара аракеттенүүсүн, алардын элдин алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылуу боюнча Президенттин саясатын ишке ашыруу боюнча зарыл чаралардын комплексин иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга;
- өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган документтерди, ошондой эле аны ишке ашыруу, экономикалык, социалдык, саясий жана маданий чөйрөлөрдө реформаларды жана бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнүн механизмдерин жана тактикасын өркүндөтүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгууга;
- коомдук ынтымактын жана саясий туруктуулуктун конституциялык принциптерин ишке ашырууга;
- Президенттин элге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш), Элдик Курултайга өлкөдөгү абал, мамлекеттин ички жана тышкы саясаттагы негизги багыттары жөнүндө ар жылдык кайрылуулары жана анын сүйлөөчү сөздөрү үчүн материалдарды даярдоого;
- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Жогорку Кеңештеги жана башка иш-чаралардагы сүйлөөчү сөздөрүн жана материалдарын даярдоого;
- Президенттин конституциялык ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн башка материалдарды даярдоого.
8. Мыйзамдуулук, адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндөгү Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- укуктук саясат, укук коргоо, сот жана башка мамлекеттик органдардын ишиндеги мыйзамдуулукту камсыз кылуу, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жаатындагы документтерди иштеп чыгуу боюнча ишти уюштуруу жана ушул багыттардагы ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- мыйзамдуулукту бекемдөө маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
- соттук системаны реформалоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
- коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана ушул багыттагы ишти жакшыртуу;
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты реформалоо жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- коррупцияны профилактикалоо боюнча чараларды көрүү, мамлекеттик кызмат орундарын, мамлекеттик кызматтын кызмат орундарын жана менчигинде мамлекеттин үлүшү бар уюмдарда, фонддордо жана башка уюмдарда жетектөөчү кызмат орундарын ээлөөгө талапкер болгон жарандар берген кирешелер, чыгашалар жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер жөнүндө маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун текшерүүнү, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо маселелери боюнча, ошондой эле жарандык жана ырайым кылуу маселелери боюнча материалдарды даярдоо;
- Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ишин камсыз кылуу, анын ичинде Жогорку Кеңеш кабыл алган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана мыйзам долбоорлорун, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларынын долбоорлорун экспертизалоону жүргүзүү;
- Президенттин, Министрлер Кабинетинин прокуратура органдарына карата конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жана алардын өз ара аракеттенүүсү боюнча ишин камсыз кылуу.
9. Мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу жана сот бутактары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- Жогорку Кеңештеги мыйзам чыгаруу процессинин абалы жана аларда каралуучу маселелер жөнүндө Президентти жана Министрлер Кабинетинин Төрагасын үзгүлтүксүз маалымдап туруу, мыйзам долбоорлору боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин позициясын түшүндүрүү;
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин тапшырмаларына ылайык алардын Жогорку Кеңештеги, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы (мындан ары - Конституциялык сот) өкүлчүлүгүнүн функцияларын жүргүзүү;
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Конституциялык сотко кайрылууларынын долбоорлорун даярдоо;
- Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде Жогорку Кеңешке киргизүүсү үчүн мыйзам долбоорлорун даярдоону уюштуруу;
- Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбоорлоруна түзөтүүлөрдү даярдоону уюштуруу;
- Президенттин кол коюусуна киргизилүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын экспертизалоону жүргүзүү;
- Президент кол койгон мыйзамдарды жарыялоо же болбосо мыйзамдарды анын каршы пикири менен кайтаруу;
- Президенттин төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу:
Жогорку Кеңешке шайлоону дайындоо же Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө чечимди кабыл алуу;
зарыл болгон учурларда каралууга жаткан маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналыштарын чакыруу;
- Президент тарабынан киргизилген талапкерлерди шайлоо, дайындоо, бошотуу жана макулдук берүү үчүн сунуштоо;
- судьяларды шайлоо, дайындоо, бошотуу, алардын ыйгарым укуктарын токтото туруу, кызматынан четтетүү, ротациялоо маселелери боюнча Президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу;
- сот органдарында конкреттүү иштер боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарына өкүлчүлүктү жүзөгө ашыруу;
- сот системасын реформалоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун институттары менен Президенттин өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо;
- жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана аларды таратуу маселелери боюнча Президенттин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу;
- жергиликтүү жамааттардын потенциалын күчөтүү жана жарандык коомдун институттарын өнүктүрүү боюнча сунуштарды андан ары иштеп чыгуу менен алардын ролуна жана ишмердигине талдоо жүргүзүү.
10. Кыргыз Республикасын өнүктүрүү маселелеринде Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу, экономикадагы, финансы жана социалдык чөйрөдөгү процесстерге чара көрүү максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалдын өнүгүү процесстерине мониторинг жүргүзүү, талдоо жана болжолдоо жана келечектүү багыттар боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик ресурстарды башкарууну уюштуруу жана координациялоо;
- жагымдуу бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты түзүү жана илгерилетүү;
- өлкөнү инновациялык өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана координациялоо;
- республиканы экономикалык жана аймактык өнүктүрүү сценарийлерин жана болжолдорун даярдоо;
- өлкөнүн экономикасындагы башкаруучулук процесстерге талдоо жүргүзүү;
- дүйнөдө жана региондо экономикалык кырдаалга талдоо жүргүзүү жана потенциалдуу тобокелдиктерди жана коркунучтарды баалоо жана аларды минималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- ички саясаттын негизги багыттарын аныктоочу документтерди, анын ичинде аларды ишке ашыруу боюнча документтерди иштеп чыгуу же бул маселелер боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
- ички саясаттын негизги багыттарын аныктоочу документтерге, анын ичинде аларды ишке ашыруу боюнча документтерге мониторинг жүргүзүү, баа берүү жана аларды түзөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- аймактык өнүктүрүү жана башкаруу, анын ичинде аймактык жана региондук өнүктүрүү, өлкөнүн аймагында инфраструктураны модернизациялоо жана жайгаштыруу системасын пландоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу системасын түзүү жана өркүндөтүү;
- региондорду өнүктүрүү жана аймактарды башкаруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, талдоо жана баа берүү;
- Кыргыз Республикасын өнүктүрүү саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
- Президент тарабынан түзүлгөн коомдук институттардын ишин камсыз кылуу.
11. Министрлер Кабинетине карата Президенттин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын түзүмүн өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- аткаруу бийлигинин ишине жетекчиликти жүзөгө ашыруу боюнча Президенттин ишин камсыз кылуу, Президент үчүн Министрлер Кабинетине жана ага баш ийген органдарга тапшырмаларды даярдоо, Президенттин тапшырмаларын аткаргандыгы жөнүндө материалдарды жана маалыматты суроо, Министрлер Кабинетинин жана ага баш ийген органдардын актыларын жокко чыгаруу жөнүндө, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- Президентке анын төрагалыгы астында Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунуштарды киргизүү, күн тартибин түзүү, тийиштүү материалдарды даярдоо;
- Министрлер Кабинетинин, анын ичинде Президенттин төрагалыгы астында өткөн жыйналыштарда иштелип чыккан Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун макулдашуу;
- Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлоруна, анын ичинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Жогорку Кеңешке киргизүүчү мыйзамдардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүнү жана макулдашууну камсыз кылуу;
- Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын оперативдүү жана башка кеңешмелерин өткөрүүнү уюштуруу, чакырылган адамдардын катышуусун камсыз кылуу, жыйналыштарды жана кеңешмелерди протоколдоштуруу, алардын жыйынтыгы боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоо.
12. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга карата жана региондук саясат чөйрөсүндө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүүнү уюштуруу жана аны белгиленген тартипте өткөрүүнү камсыз кылуу;
- региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө мониторинг жана талдоо жүргүзүү жана региондордогу абал жөнүндө Президентке маалымат берүү;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин калк менен отчеттук жолугушууларды өткөрүүсүнө контролдук кылуу;
- Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына төмөнкүлөр жөнүндө сунуштарды киргизүү:
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишин өркүндөтүү жөнүндө;
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын актыларынын колдонулушун жокко чыгаруу же болбосо толук же жарым-жартылай токтотуу жөнүндө;
региондук өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери боюнча;
жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси боюнча.
13. Тышкы саясат жана эл аралык кызматташуу чөйрөсүндө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- дүйнөлүк өнүгүү процесстерине, ошондой эле эл аралык мамилелердин актуалдуу көйгөйлөрүнө мониторинг жүргүзүү, талдоо жана болжолдоо, тышкы саясий багытты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү коргоону камсыз кылуу, ошондой эле эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- эл аралык-укуктук актылардын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын эл аралык долбоорлорун түзүү, токтото туруу жана токтотуу маселелери боюнча чечимдерди даярдоого катышуу;
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын кызмат адамдары, ошондой эле чет мамлекеттердин саясий жана коомдук ишмерлери менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусунда иш-сапарларды жана тышкы саясий иш-чараларды пландоо жана өткөрүү, анын ичинде аларды мазмундуу жана протоколдук-уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
- бирдиктүү тышкы саясатты жүргүзүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин контролдоону жана координациялоону жүзөгө ашыруу.
14. Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер чөйрөсүндө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштердин сапатына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
- мамлекеттик башкаруу саясатынын негизги багыттарын иштеп чыгууга катышуу жана ишке ашырылышын жалпы координациялоо, коомдук-саясий, социалдык-экономикалык процесстер жөнүндө талдоо материалдарын даярдоо;
- мамлекеттик органдардын макулдашылган ишин жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, анын орун басарларынын региондорго жумушчу барууларын уюштуруу;
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин карамагындагы мамлекеттик органдарды инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- кадр маселелери боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматты реформалоо жана өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясаты ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча мамлекеттик органдардын жана башка мамлекеттик уюмдардын ишин координациялоо;
- мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, ардак наамдарды, жогорку аскердик, атайын наамдарды, атайын класстык чендерди, квалификациялык класстарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу боюнча Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштарды киргизүү;
- кадр маселелери боюнча сунуштарды киргизүү, кызматка дайындоодо жана бошотууда, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын номенклатурасына кирген кызмат адамдарынын мамлекеттик кызмат өтөөсү менен байланышкан башка маселелерди чечүүдө материалдарды тариздөө, ошондой эле алардын өздүк иштерин жүргүзүү.
15. Маалымат чөйрөсүндө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик маалыматтык саясатты түзүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык башкарууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга көмөк көрсөтүү;
- Президент жүргүзгөн ички жана тышкы саясатты түшүндүрүү, анын ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууну камсыз кылуу;
- Президент кол койгон мыйзамдарды жана анын актыларын жарыялоону камсыз кылуу;
- өлкөдө жана чет өлкөдө социалдык-экономикалык жана саясий процесстер жөнүндө маалыматты чогултуу, иштетүү жана талдоо жүргүзүү, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишине тиешелүү актуалдуу темаларга өз убагында чара көрүүнү камсыз кылуу.
16. Жарандык өнүктүрүү, диний жана этностор аралык саясат чөйрөсүндө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- этностор, этностор аралык мамилелер, дин жана жарандык коомду өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу;
- этностор аралык жана конфессиялар аралык мамилелер маселелери боюнча жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
- мамлекеттик жаштар саясаты, билим берүү, илим, саламаттык сактоо, тарых, маданият, тил саясаты жана спорт багыттарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- элдин биримдигин консолидациялоо жана сактоо боюнча ишти уюштуруу.
17. Коргоо жөндөмдүүлүгү, улуттук коопсуздук жана укук тартиби чөйрөсүндө Президенттин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) Башкы колбашчысынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча Президенттин ишин камсыз кылуу;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын ишине мониторинг жүргүзүү жана бул багыттагы ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын ишин координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашыруу;
- өзгөчө же согуштук абал киргизүү маселелери, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, конституциялык түзүлүштү жана коомдук тартипти сактоо боюнча мыйзамдар менен каралган башка чаралар боюнча Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы катары Президенттин кабыл алуусу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин камсыз кылуу;
- коомдук укук тартибин, коомдук коопсуздукту, конституциялык түзүлүштү, коомдук тартипти коргоону, кылмыштуулукка каршы күрөштү, коррупцияны алдын алууну камсыз кылган укук коргоо органдарынын ишин координациялоо.
18. Айрым функцияларды аткаруу боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы:
- Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирген маселелер боюнча жана Президентин жана Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жумушчу комиссиялардын, топтордун, консультативдик кеңештердин жана комиссиялардын ишин координациялайт;
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин документ жагынан камсыз кылуу, анын ичинде талаптагыдай документ жүгүртүү, иш кагаздарын жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу жана мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жолу менен ишке ашырат;
- мыйзамдарды кодификациялоону жана системалаштырууну жүргүзөт;
- Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдеринин жоболорун расмий түшүндүрүү жөнүндө чечимдердин долбоорлорун даярдоону камсыз кылат;
- кол коюлган мыйзамдарды, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларын каттоону жүргүзөт, аларды жарыялоону, таратууну жана сактоону камсыз кылат;
- Президенттин актыларынын жана тапшырмаларынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларынын жана тапшырмаларынын сапаттуу аткарылышына контролдукту камсыз кылат;
- Президентке кол коюуга келип түшкөн мыйзамдарды, Президенттин актыларынын долбоорлорун, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларын, жыйналыштардын жана кеңешмелердин протоколдорун, Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына кол коюуга киргизилүүчү каттарды жана башка документтерди лингвистикалык экспертизалоону камсыз кылат;
- жарандарды кабыл алууну уюштурат, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Президентке, Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, анын орун басарларына жана Президенттин Администрациясына даректелген кайрылууларын кароону жүргүзөт, бул кайрылуулар боюнча тапшырмалардын аткарылышын контролдойт;
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин коомдук кабылдамаларынын ишин камсыз кылат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
19. Ушул Жобонун жогоруда көрсөтүлгөн пункттары менен каралбаган маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын аткаруу бийлик органдарынын аткаруусун координациялоо, мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
- Министрлер Кабинетинин Регламентинин талаптарынын аткарылышын контролдоону жүргүзүү;
- (абзац КР Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- эл аралык делегациялардын жана уюмдардын, коомдук жана диний уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алууну уюштуруу;
- ЕврАзЭБде Министрлер Кабинетинин атынан иш алып баруу;
- мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, делимитация жана чек ара аймактарын өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана мониторинг, талдоо жүргүзүү;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлгөн коррупцияга каршы чараларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
- аткаруу бийлик органдарынын түзүмдөрүнүн ишин өркүндөтүү жана оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- электрондук документ жүгүртүү жана "электрондук Министрлер Кабинетин" иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча аткаруу бийлик органдарынын ишине бирдиктүү координацияны жүргүзүү;
- Министрлер Кабинетинин иш кагаздарын жүргүзүүнү, ошондой эле жашырындуулук режимин сактоону жана мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу башка маалыматтарды коргоону уюштуруу.
(КР Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
20. Мамлекеттик катчысынын ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы:
- анын маданият, тарбия берүү, этностор аралык жана конфессиялар аралык маселелер боюнча жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
- мамлекеттик жаштар саясаты, билим берүү, илим, саламаттык сактоо, тарых, маданият, тил саясаты жана спорт багыттарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды киргизет;
- иш кагаздарын жүргүзүүнү, документтерди сактоону жана архивдештирүүнү, жумушчу топторду түзүүнү жана алардын катышуусун жүзөгө ашырат, анын тапшырмаларынын аткарылышын контролдойт жана иши менен байланышкан башка функцияларды аткарат.
21. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы:
- балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча анын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
- балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды киргизет;
- иш кагаздарын жүргүзүүнү, документтерди сактоону жана архивдештирүүнү, жумушчу топторду түзүүнү жана алардын катышуусун жүзөгө ашырат, тапшырмалардын аткарылышын контролдойт жана анын иши менен байланышкан башка функцияларды аткарат.
22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана (же) Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан аныкталган башка функцияларды аткарат.
3. Президенттин Администрациясынын укуктары
23. Президенттин Администрациясы төмөнкү укуктарга ээ:
1) тапшырма берүүгө:
министрликтерге жана башка аткаруу бийлик органдарына;
атайын статусу бар мамлекеттик органдарга;
сот адилеттигин жүргүзүүнүн, жазыктык куугунтуктоонун, алгачкы текшерүүнүн, алдын ала тергөөнүн, изин суутпай издөө ишинин функцияларын жүргүзүү менен байланышпаган маселелер боюнча сот жана укук коргоо органдарына;
соттук өз алдынча башкаруу жана судьялардын кызмат орундарына талапкерлерди тандоо менен байланышпаган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине;
2) мамлекеттик органдардан жана кызмат адамдарынан зарыл маалыматты, документтерди жана башка материалдарды суроого жана алууга;
3) тиешелүү мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын ишин координациялоого жана контролдоого, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын актыларынын жана тапшырмаларынын аткарылышына, анын ичинде Министрлер Кабинетинин, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, алардын жетекчилигинин актыларынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, Президенттин, Министрлер Кабинетинин актыларына ылайыктыгына текшерүүлөрдү уюштурууга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин актыларын жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын аткаруунун жүрүшүндө табылган бузууларды жана кемчиликтерди жоюуну талап кылууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын бузууларды, аларды сактабоонун, Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана анын орун басарлары тапшырмаларын аткарбоонун фактыларын жоюу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга;
6) тиешелүү кызмат адамдарынан оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү угууга жана талап кылууга;
7) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана анын орун басарларына Президенттин Администрациясы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө дайыма баяндама берип турууга;
8) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кайрылууларын кароого жиберүүгө;
9) Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды, топторду, консультативдик кеңештерди жана комиссияларды белгиленген тартипте түзүүгө;
10) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын тапшырмалары боюнча, ошондой эле өз демилгеси менен белгиленген тартипте кызматтык иликтөөлөрдү уюштурат жана жүргүзөт, алардын жыйынтыгы боюнча Президенттин чечимдерин жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдерин жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине карата тартиптик таасир этүү чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
11) мамлекеттик кызмат орундарын уюштуруу жана алар жөнүндө жоболорду бекитүү боюнча Президентке сунуш киргизет;
12) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын тапшырмалары боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси аныктаган тартипте өз демилгеси боюнча консультанттарды жана/же эксперттерди контракттык негизде тартууга.
Президенттин Администрациясы өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64, 2023-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ № 244 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
4. Президенттин Администрациясынын жетекчилиги жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү
24. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын Жетекчиси болуп саналат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Президенттин түздөн-түз жетекчилиги алдында иштейт, ушул Жободо белгиленген компетенциясынын чегинде Президенттин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча аткаруучулук, контролдоо жана тескөөчү функцияларды аткарат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
25. (КР Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
26. Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары болот, ал Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоого жооптуу болгон Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин кызмат ордун айкалыштырат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жок болгон мезгилде жана анын тапшырмасы боюнча анын милдеттерин Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары аткарат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары бир убакта жок болгон учурда Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин милдеттерин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары аткарат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
27. Президенттин Администрациясынын Жетекчиси:
- Президенттин Администрациясын жалпы жетектөөнү жүзөгө ашырат;
- Президенттин Администрациясынын милдеттерин жана функцияларын чечүү максатында мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары менен өз ара аракеттенет;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, буга Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы дайындаган кызмат адамдары кирбейт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлерин кесиптик кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана стажировкасын уюштурууну камсыз кылат;
- айрым маселелерди изилдөө үчүн коомдук башталышта кеңешчилерди жана эксперттерди дайындайт (Президенттин Администрациясынын штаттык санынан тышкары);
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын колдонот;
- Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирген маселелер боюнча аткарууга милдеттүү тескемелерди чыгарат;
- Президент тарабынан дайындалуучу Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө Президентке сунуш киргизет;
- белгиленген тартипте жумушчу комиссияларды, топторду түзөт;
- Президенттин Администрациясынын чыгымдар сметасынын чегинде финансы каражаттарын башкарат;
- Президент тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын катчылыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы жөнүндө жана Кырдаалдык борбор жөнүндө жоболордон тышкары, ушул Жобого ылайык Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Президенттин Администрациясынын өкүлчүлүктөрү үчүн, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгын кошпогондо, соттордо доогер жана жоопкер катары ишеним каттарга кол коёт;
- контракт боюнча консультанттарды жана/же эксперттерди тандоо жана тартуу жөнүндө жобону бекитет;
- ушул Жободо каралган ыйгарым укуктарга кошумча катары Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына ыйгарым укуктарды берет, ага өзүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн өткөрүп берет;
- Президенттин Администрациясынын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат, анын ичинде өзүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн берүүгө укуктуу.
(КР Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64, 2023-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ № 244, 2023-жылдын 8-декабрындагы ПЖ № 336, 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
271. Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары:
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмаларын аткаруу боюнча Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүн координациялоону жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
- Президенттин Администрациясынын түзүмүн жана штаттык санын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жок мезгилде жана анын тапшырмасы боюнча анын милдеттерин аткарат;
- Президенттин Администрациясынын баш ийгендигине карабастан түзүмдүк бөлүмдөрүнө, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген компетенциянын чегинде тапшырмаларды берет;
- белгиленген компетенциясынын чегинде Президенттин Администрациясына жүктөлгөн маселелерди чечүү үчүн комиссияларды жана жумушчу топторду түзөт;
- Президенттин жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча Президенттин Администрациясынын ишинин айрым кадрдык, уюштуруучулук жана башка маселелерин, Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан ага берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат, тиешелүү тескемелерди чыгарат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
272. Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирген абдан маанилүү маселелерди коллегиалдуу кароо үчүн Президенттин Администрациясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясы (мындан ары - коллегия) түзүлөт.
Кызмат орду боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп Президенттин Администрациясынын Жетекчиси (коллегиянын төрагасы), Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары жана Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери саналат.
Коллегия жөнүндө жобону жана анын курамын Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекитет.
(КР Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
28. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кенешинин катчысын кошпогондо, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери, Президенттин Администрациясынын башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, Президенттин атайын өкүлдөрү жана Президенттин басма сөз-катчысы Президент тарабынан дайындалат.
Башкармалыктардын начальниктеринин орун басарлары башкармалыктын начальнигинин Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары менен макулдашылган сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Башкармалыктын начальнигинин орун басары кызмат ордун айкалыштырган бөлүм башчыларды кошпогондо, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдүн (бөлүм, борбор, сектор, катчылык) жетекчилери башкармалыктын начальнигинин Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары менен макулдашылган сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалат.
Өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана башкармалыктардын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарлары жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн башка кызматкерлери тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары менен макулдашылган сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64, 2022-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 127, 2023-жылдын 8-декабрындагы ПЖ № 336, 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93, 2026-жылдын 4-мартындагы № 103, 2026-жылдын 15-июнундагы № 210 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
29. Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси бөлүмдү жетектейт жана Президенттин Администрациясынын кызмат адамдары, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары менен мамилелерде анын атынан иш жүргүзөт.
30. Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси төмөнкү укуктарга ээ:
- мамлекеттик жана башка органдар, кызмат адамдар менен Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн карамагында болгон маселелер боюнча кызматтык кат алышууга;
- белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин, Министрлер Кабинетинин, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына катышууга;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн карамагында болгон маселелер боюнча маалыматын угууга;
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле башка уюмдардын өкүлдөрүн тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелерди чечүүгө катышууга тартууга;
- ушул Жободо жана тиешелүү түзүмдүк бөлүм жөнүндө жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
5. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын кеңешчилери жана жардамчылары
(Главанын аталышы КР Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
31. Президенттин кеңешчилери жана жардамчылары Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилери жана жардамчылары Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын жардамчысы, спичрайтерлер Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилери жана жардамчылары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын жардамчысы (мындан ары - кеңешчилер жана жардамчылар), спичрайтерлер ушул Жободо, башка актыларда жана Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмаларында, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тапшырмаларында белгиленген компетенцияга ылайык иштейт.
(КР Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
32. Айрым маселелерди изилдөө үчүн Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан коомдук башталышта кеңешчилер жана жардамчылар дайындалат (Президенттин Администрациясынын штаттык санынан тышкары).
33. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кеңешчилеринин негизги милдеттери болуп тейлеген багыттары боюнча өлкөдөгү жана чет өлкөдөгү абал жөнүндө талдоо жүргүзүү жана Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына маалымат берүү, алардын ишинин ар түрдүү багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана берүү, алардын тапшырмалары боюнча чет элдик кызмат адамдары менен сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү эсептелет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилеринин милдеттери Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан аныкталат.
Жардамчылардын негизги милдеттери болуп Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына конкреттүү багыттар боюнча алардын өз ишин жүргүзүүсүнө жардам жана көмөк көрсөтүү эсептелет.
Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы алардын алдында турган биринчи кезектеги жана маанилүү милдеттерге жараша кеңешчилерге жана жардамчыларга ушул Жободо каралгандардан айырмалуу башка милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүктөй алышат. Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын штаттык санынын чегинде кеңешчилердин жана жардамчылардын санын жана ишинин багытын аныктайт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64, 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
34. Кеңешчилер жана жардамчылар өз компетенциясынын чегинде:
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин, Президенттин Администрациясынын катышуусу менен иш-чараларды уюштурууга катышат;
- Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларын, тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын талаптагыдай аткаруусун контролдоо боюнча ишке катышат;
- Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ошондой эле башка органдар менен өз ара аракеттенет жана зарылдыгына жараша белгиленген тартипте алардын кызматкерлерин кеңешчилердин жана жардамчылардын карамагында болгон маселелерди чечүүгө тартат;
- Президентти, Министрлер Кабинетин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарын өлкөнү жана анын региондорун өнүктүрүүнүн ар түрдүү багыттары боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жана талдоонун негизинде зарыл маалыматтык-талдоочулук жана маалымдама материалдары менен тиешелүү түрдө камсыз кылат, тиешелүү сунуштарды жана сунуштамаларды киргизет;
- Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын дарегине багытталган кат-кабарды, кызматтык документтерди жана жарандардын кайрылууларын карайт, жарандарды кабыл алат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64, 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
35. Тиешелүү кеңешчилер жана жардамчылар арасында милдеттерди бөлүштүрүү Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан бекитилет.
(КР Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Башка жоболор
36. Президенттин Администрациясынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелет. Президенттин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны Президент тарабынан аныкталат.
Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Президент тарабынан белгиленет.
Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жетекчилик кызмат ордуна дайындоодо жетекчилик кызмат ордунда иштеген стажын эсептөө үчүн төмөнкү кызмат орундарында иштеген мезгилдери жетекчилик кызмат орду катары эсептелет:
- Президенттин Администрациясынын (анын ичинде мурдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн аппараттарынын) түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик инспектору, башкы эксперти, инспектору, эксперти;
- Президенттин кеңешчиси, Президенттин жардамчысы (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы түзүлгөн учурдан тартып кызмат орундарына дайындалган адамдар үчүн гана).
(КР Президентинин 2023-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 330 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
361. Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине (Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарын, Президенттин кеңешчилерин жана жардамчыларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын кеңешчилерин жана жардамчыларын кошпогондо) төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
- жогорку билими;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган көлөмдө мамлекеттик тилди билүүсү.
Президенттин Администрациясынын тышкы саясат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлерине Бириккен Улуттар Уюмунун расмий тилдеринин бирин (орус тилине кошумча) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде билүү жана/же протоколдук кызматтагы иш тажрыйбасы жөнүндө кошумча квалификациялык талаптар коюлат.
Бириккен Улуттар Уюмунун расмий тилдеринин бирин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон билүү деңгээли орточо деңгээлден төмөн болбошу керек.
Тилди билүүсүн ырастоо катары жалпы таанылган сертификаттар (TOEFL, IELTS жана башкалар), тилди билүү деңгээлин белгилөө менен окуу курстарын ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө сертификаттар, окутуу тиешелүү тилде жүргүзүлгөн жогорку окуу жайларын аяктагандыгы жөнүндө дипломдор кабыл алынат.
Кызматтык зарылчылык болгон учурда Президент жана Президенттин Администрациясынын Жетекчиси ушул пунктта белгиленген квалификациялык талаптарды эске албастан, иштин башка чөйрөлөрүндө олуттуу көрсөткүчтөргө жетишкен адамдарды Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин кызмат орундарына дайындоого укуктуу.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын кеңешчилерине жана жардамчыларына квалификациялык талаптар "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.
(КР Президентинин 2024-жылдын 26-январындагы ПЖ № 8, 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
37. Президенттин Администрациясынын ишин финансылык, материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуу Президенттин Иш башкармасы тарабынан жүргүзүлөт.
38. Президенттин Администрациясын кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.