Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН
ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 8-декабры № 791
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-декабрындагы № 754 "Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 10-июнундагы № 405 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын КУРАМЫ
Туманов Алмазбек Жаныбаевич | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин директору, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы; |
кызматы боюнча | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин директорунун орун басары, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү: | ||
кызматы боюнча | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин геология башкармалыгынын начальниги; |
кызматы боюнча | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин жер казынасын иштетүү башкармалыгынын начальниги; |
кызматы боюнча | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо башкармалыгынын начальниги; |
Асанбаев Талант Ишенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары - башкы геолог; |
Акимбеков Анатолий Нурматович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Кметь Юрий Павлович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Кожонов Алмаз Кыргызбаевич | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Назаралиев Болот Апышевич | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Сарымсаков Ашымбек Абдыкадырович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Субанов Бузурман Кадырбекович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Чубко Олег Любомирович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Базаркулова Нураим Асанкуловна | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин геология башкармалыгынын башкы адиси, Мамлекеттик комиссиянын катчысы. |
Эскертүү.
Мамлекеттик комиссиянын катчысы жок учурда анын ыйгарым укуктары Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын чечиминин негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка кызматкерине убактылуу жүктөлөт.
|
|