Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 13-январы № 5-т
2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Долбоор |
2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,
эки мамлекеттин жарандарынын өз ара барып-келүүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында,
2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 4 жана 13-статьяларын жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Макулдашууга төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Макулдашуунун № 1 жана № 2 тиркемелери ушул Протоколдун № 1 жана № 2 тиркемелери менен алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Макулдашуунун 16-статьясында каралган тартипте күчүнө кирет жана анын колдонулушу Макулдашуу менен бир убакта токтотулат.
202__-жылдын "___"-_________ Бишкек шаарында ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
| 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун № 1 тиркемеси |
Өзбекстан Республикасынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтеринин ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын дипломаттык паспорту.
2. Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту.
3. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта)*.
4. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту.
5. Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүк.
Эскертүү:
(*) ушул тизмектин 3-пунктунда баяндалган документ Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына чыгууда жана Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына кирүүдө колдонулат.
|
| 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун № 2 тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн Өзбекстан Республикасынын жарандарынын документтеринин ТИЗМЕГИ
1. Өзбекстан Республикасынын биометрикалык дипломатиялык паспорту.
2. Өзбекстан Республикасынын жаранынын чет өлкөгө чыгуу үчүн биометрикалык паспорту.
3. Өзбекстан Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашаган жеринин статусу бар жарандар үчүн Өзбекстан Республикасынын жаранынын биометрикалык паспорту (2030-жылдын 31-декабрына чейин).
4. Өзбекстан Республикасынын жаранынын идентификациялык ID-картасы*.
5. Өзбекстан Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүк.
Эскертүү:
(*) ушул тизмектин 4-пунктунда баяндалган документ Өзбекстан Республикасынын жарандары тарабынан Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына чыгууда жана Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына кирүүдө колдонулат