Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы N 28-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 25-январы № 26-т
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун жана "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун өз убагында даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 81-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2023-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберсин.
2. Бюджеттин ресурстарынын администраторлору 2023-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө 2023-2025-жылдарга кирешелер боюнча такталган болжолду жана 2026-2028-жылдарга болжолду тиешелүү эсептөөлөрү жана негиздемелери, ошондой эле кирешелер боюнча тобокелдиктерди чагылдыруу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2023-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берсин:
1) мамлекеттик менчикти менчиктештирүү, акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер, мамлекеттик ишканалардын пайдасы боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттер бөлүгүндө түшүүлөрдүн 2023-2025-жылдарга такталган болжолун жана 2026-2028-жылдарга болжолун, ошондой эле мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижарасы үчүн акылардын түшүү болжолун;
2) 2023-2028-жылдар учүн мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун фискалдык тобокелдиктери боюнча кеңири маалыматты.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө 2023-2028-жылдар үчүн жана 2023-жылдын 25-июлуна чейинки мөөнөттө 2023-2026-жылдар үчүн тейлеген багыттарына ылайык фискалдык тобокелдиктер боюнча кеңири маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2023-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө 2022-жыл үчүн кирешелер жана чыгымдар боюнча бюджеттин аткарылышын, консолидацияланган бюджетти түзүү үчүн 2023-2025-жылдарга бекитилген маалыматтарды, ошондой эле 2026-2028-жылдарга финансылык ресурстардын жана чыгымдардын болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
6. 2024-2028-жылдарга бюджеттик чыгымдардын сектордук стратегияларын (мындан ары - БЧСС) берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Ушул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн жана 2024-2028-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбооруна БЧСС берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
1) 2023-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө:
- БЧСС долбоорун коомдук угууларды жүргүзүү убактысы жана орду тууралуу билдирүү менен ведомстволук расмий веб-сайтка жарыяласын;
- кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен сектордук стратегияларды коомдук талкуулоону өткөрсүн;
2) 2023-жылдын 5-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 токтому менен бекитилген Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускамага ылайык тиешелүү багыттар боюнча 2024-2028-жылдарга БЧСС долбоору боюнча документтердин топтомун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
8. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берсин:
1) 2023-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө 2022-жылдын бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча 2023-2025-жылдарга сметаларга өзгөртүүлөрдү жана ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөрүүлөрдү эске алуу менен 2026-2028-жылдарга пландалган чыгымдарды, тиешелүү эсептөөлөр жана негиздемелери менен атайын эсептерде топтолгон каражаттар боюнча болжолду;
2) 2023-жылдын 25-июлуна чейинки мөөнөттө 2024-2026-жылдарга бюджеттик каражаттар боюнча жеткирилген контролдук цифраларга ылайык:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен сунуштамаларга жана сметалардын формаларына ылайык программалык негиздеги зарыл эсептөөлөр жана негиздемелери менен мамлекеттик тармактык өнүктүрүү программаларына негизделген 2024-2026-жылдарга атайын эсептерде топтолгон каражаттар боюнча бюджеттик каражаттардын чыгымдарынын жыйынды сметаларынын жана кирешелер менен чыгашалардын сметаларынын долбоорлорун;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 токтому менен бекитилген Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускамага ылайык 2023-2025-жылдарга программалык негизде бюджеттердин долбоорлорун.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) 2023-жылдын 25-апрелине чейинки мөөнөттө ресурстар боюнча болжолго ылайык 2024-2028-жылдарга бюджеттик каражаттар боюнча контролдук цифралардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жеткирсин;
2) 2023-жылдын 10-майына чейинки мөөнөттө министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен контролдук цифралар боюнча пикир келишпестиктерди алып салуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрсүн;
3) 2023-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө 2024-2028-жылдарга министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор үчүн чыгымдар боюнча жалпы контролдук цифраларды камтыган 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинде кароого берсин;
4) 2023-жылдын 15-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары менен контролдук цифралар боюнча пикир келишпестиктерди кароонун жыйынтыктары боюнча чечимдин долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешине берсин;
5) 2023-жылдын 10-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин чечими менен жактырылган контролдук цифраларды министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына жеткирсин;
6) 2023-жылдын 5-сентябрына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрсүн;
7) 2023-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна берсин;
8) 2023-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна берсин.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 35-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
11. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |