Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 4-октябры № 220
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам, адвокатура жана медиация маселелери боюнча эксперттик жумушчу тобу (мындан ары -эксперттик жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Эксперттик жумушчу топтун жыйналыштары зарылдыгына жараша анын жетекчисинин чечими боюнча, бирок жылына төрттөн кем эмес жолу өткөрүлөт.
3. Эксперттик жумушчу топ:
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам, адвокатура жана медиация маселелерин жөнго салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболорунун колдонулушуна туруктуу негизде талдоо жүргүзсүн, аталган чөйрөлөрдү, ошондой эле адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун башка соттон тышкаркы жана сотко чейинки методдорун, формаларын жана ыкмаларын өнүктүрүүгө багытталган чечимдердин долбоорлорун иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кенештин кароосуна жыл сайын тиешелүү сунуштарды киргизсин.
4. Эксперттик жумушчу топко мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте өзүнүн ишине тартууга укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
| А.У. Жапаров |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам, адвокатура жана медиация маселелери боюнча эксперттик жумушчу тобунун
курамы
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары, эксперттик жумушчу топтун жетекчиси.
Эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Санариптик онуктуруу министрлигинин өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекетгик агенттиктин өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун өкүлү;
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу Адвокаттарды окутуу борборунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын медиаторлорунун республикалык коомдоштугу" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Борбор-Азиялык Альтернативалык талаш чечүү борбору" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча).
Эскертүү: прокуратурадан, министрликтерден, комитеттен жана агенттиктен өкүлдөр болуп түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинен төмөн эмес кызмат ордун ээлеген кызматчылар аныкталууга тийиш.