Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 6-марты № 94-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-мартындагы № 94-т тескемеси менен жактырылган |
2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 2000 жаңы жумуш ордун түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында жеңил жана коммерциялык техниканы чогултуу өндүрүшүн уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу болуп саналат.
Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жана коммерциялык техниканы өндүрүү боюнча заводду куруу боюнча инвестициялык долбоорду төмөнкүдөй үч этапта ишке ашыруу пландалууда:
1-этап - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 500 жаңы жумуш ордун түзүү менен 10000 даанага чейинки автомобилди SKD (ири түйүндүү чогултуу) методу боюнча өндүрүштү уюштуруу;
2-этап - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 1000 жаңы жумуш ордун түзүү менен 20000 даана автомобилдин өндүрүшү башталгандан кийин 4-5 жылга автокомпоненттерди өндүрүү;
3-этап - SKD методу боюнча бардыгы 30000 даана автомобиль өндүрүлгөндөн кийин 6-жылы CKD (майда түйүндүү чогултуу) методу боюнча өндүрүштү уюштуруу.
Үчүнчү этаптан баштап жана кийин ушул Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 2000 жаңы жумуш ордун түзүү менен Кыргыз Республикасынын резидент өндүрүүчүлөрү, ошондой эле өзүнүн продукциясынын тиешелүү сертификаты бар башка өндүрүүчүлөр транспорт каражаттарын өндүрүү үчүн комплекттөөчүлөрдү жабдуучулар болуп калат.
Кол коюлганга чейин Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети менен 2023-жылдын 18-январындагы чыгыш № 6-186и/23, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен 2023-жылдын 23-январындагы чыгыш № 6-275и/23, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен 2023-жылдын 23-январындагы чыгыш № 6-284и/23 менен макулдашылды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 18-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык же башка кесепеттерге алып келбейт.
Макулдашуудан келип чыгуучу милдеттенмелерди аткаруу үчүн жооптуу орган Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги болуп саналат.