Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-марты № 138-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мальдив Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 138-т тескемеси менен бекитилген |
2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мальдив Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мальдив Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын жана Мальдив Республикасынын дипломаттык, кызматтык жана расмий, ошондой эле жалпы жарандык паспортторунун ээси болгон жарандар макулдашуу тараптарынын мамлекеттеринин аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана убактылуу болуу үчүн 30 (отуз) күнгө чейинки мөөнөткө визалык талаптардан бошотуу каралган.
Ошентип, паспорттордун бардык түрлөрүнүн ээлери болгон Кыргыз Республикасынын жана Мальдив Республикасынын жарандары эки мамлекеттин аймагына 30 (отуз) күнгө чейинки мөөнөткө визалык талаптарсыз кире алышат.
Макулдашууну ратификациялоо ишкердиктин мобилдүүлүктү өнүктүрүү жана эки мамлекеттин ортосундагы туристтик агымдын өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен 2022-жылдын 19-сентябрында макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 501 тескемеси менен жактырылган.