Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 29-майы № 279-т
Жарандардын саламаттыгын сактоо жана Бишкек шаарында атмосфералык абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, аба чөйрөсүнүн булгануу себептерин жана булактарын аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 16 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын булгануу проблемалары боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- бир айлык мөөнөттө булгануунун негизги булактарын аныктоо менен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын булгануу проблемаларына комплекстүү баалоо жүргүзсүн жана аба чөйрөсүнүн булгануу проблемаларын чечүүнүн эл аралык тажрыйбасын изилдесин;
- иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча конкреттүү сунуштамаларды жана сунуштарды берсин;
- зарыл болгон учурда эксперттерди жана мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тиешелүү адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга, коюлган милдеттерди чечүү үчүн эксперттик (жумушчу) топторду түзүүгө укук берилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы № 286-т тескемеси;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-январындагы № 29-т тескемеси.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жана ишке тартылган мамлекеттик органдарга жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
Тиркеме
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын булгануу проблемалары боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Бишкек шаарынын вице-мэри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
"Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын өкүлү (макулдашуу боюнча).