Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 13-июну № 333-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. 2022-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга" өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Аталган Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 333-т тескемеси менен жактырылган |
2022-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга" өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2022-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга" өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы протокол (мындан ары - Протокол) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Аскер жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү (мындан ары - КР КК) жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм тарабынан "Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга" өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Бул Меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү өлкөнүн коопсуздугунун маанилүү аспекттерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө мүмкүндүк берет, алардын негизгилери болуп төмөнкүлөр саналат:
- КР КК кампаларын куруу жана реконструкциялоо жолу менен жеңил ок атуучу куралдын запастарын жана кадимки ок-дарылардын запастарын сактоо менен байланышкан тобокелдиктерди жана чакырыктарды азайтуу;
- "самин" ракета отунунун кооптуу калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу жана аны чет өлкөдө утилдештирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин иш-чараларын аяктоо, бул өз кезегинде өзгөчө экологиялык мааниге ээ;
- жеңил ок атуучу куралды, кадимки ок-дарылардын запастарын жана жарылуучу заттарды Мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз алып өтүү жана Кыргыз Республикасынын аймагына жайылтуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча чараларды өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын потенциалын кеңейтүү.
Жогоруда аталган багыттарды ишке ашыруу үчүн кийин автоматтык түрдө беш жылга (5 жыл) узартуу жана аны Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын линиясы боюнча келечектүү багыттар менен толуктоо аркылуу Меморандумду 2027-жылдын 31-декабрына чейин узартуу мүмкүндүгү каралууда.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Протоколдун долбоору ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинин чечими (2022-жылдын 29-сентябрындагы № 6-19375/22) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 599-т тескемеси менен жактырылган.
Жогоруда көрсөтүлгөн Протоколду кыргыз тарапка тиешелүү бөлүгүндө ишке ашыруу коргоо ведомствосунун Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга республикалык бюджетинде каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат жана кошумча финансылык каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт.
Аталган Протоколду ратификациялоо финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоо үчүн киргизилет.