Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 19-июну № 291
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу демилгелеген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 291 тескемеси менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу демилгелеген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу демилгелеген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзам долбоору менен "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21 жана 32-беренесине акчалай төгүмдөрдү жогорулатууну караган төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:
- мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылуучу жарандар үчүн - 500 эсептик көрсөткүчтөн 1500 эсептик көрсөткүчкө;
- үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча альтернативдик кызматка чакырылган жарандар үчүн - 180 эсептик көрсөткүчтөн 500 эсептик көрсөткүчкө;
- диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген каттоодон өткөн диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумушту аткарууга каалоосун билдирген жарандар үчүн - 250 эсептик көрсөткүчтөн 1000 эсептик көрсөткүчкө.
Ошону менен мыйзам долбоору менен каралган акчалай төгүмдөрдү олуттуу жогорулатуу (үч жана төрт эсе) каралууда, эгерде ал кабыл алынса, терс социалдык, экономикалык, укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Белгилей кетсек, азыркы учурда "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21 жана 32-беренелери менен төмөнкүлөр белгиленген:
1) мобилизациялык резервдин жыйындары жарандардын республикалык бюджеттин кирешесине 500 эсептик көрсөткүч суммасында акчалай төгүм төлөөсүн жана узактыгы отуз күндүк аскер жыйындарынан өтүүсүн карайт;
2) альтернативдик кызматты өтөө төмөндөгүлөрдү карайт:
үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча чакырылгандар үчүн - республикалык бюджеттин кирешесине эсептик көрсөткүчтүн 180 өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү;
диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумушту аткарууга каалоосун билдирген жарандар үчүн - кызмат өтөөнүн бүткүл мезгилинде 108 саат узактыктагы коомдук пайдалуу жумушту аткарууну жана республикалык бюджеттин кирешесине эсептик көрсөткүчтүн 250 өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү.
Сунушталган түзөтүүлөрдү көңүлгө алып, ошондой эле республикадагы учурдагы социалдык-экономикалык кырдаалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аскердик жана альтернативдик кызматтардын түрүн өтөө үчүн колдонуудагы акчалай төгүмдөр негизинен өлкөнүн калкынын реалдуу кирешесине ылайык келерин жана практикада аларга өздөрүнүн конституциялык милдеттерин ишке ашырууга мүмкүндүк берерин белгилейт.
Ошону менен бирге сунушталып жаткан түзөтүүлөр жалпысынан коомдук мамилелердин бул жаатында тиешелүү акча каражаттарын которуу аркылуу аскердик жана альтернативдик кызматтардын түрүн өтөөнүн массалуулугу жана жеткиликтүүлүгү сыяктуу көрүнүштөрдү алып салууга мүмкүндүк берген жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу зарылдыгын чагылдырат.
Мында аскердик жана альтернативдик кызматтардын түрүн өтөө үчүн акчалай төгүмдөрдүн өлчөмдөрүн аныктоо маселеси диференциялаштырып толуктап иштеп чыгууга муктаж экендигин белгилей кетүү маанилүү.
Демек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча альтернативдик кызмат өтөө үчүн акчалай төгүмдүн өлчөмүн жогорулатууну караган мыйзам долбоорунун ченемдерин алып салуу жана "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясындагы ченемдерди жетекчиликке алуу сунушталат. Аталган сунуш үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча альтернативдик кызмат өтөөгө укуктуу (диний ишенимдери боюнча альтернативдик кызмат өтөгөндөрдү жана коомдук пайдалуу жумушту аткарууга каалоосун билдиргендердин кошпогондо) жарандардын басымдуу көпчүлүк бөлүгү - социалдык колдоого муктаж жана жогорулатылган төгүмдөрдү төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок аз камсыз болгон жана толук эмес үй-бүлөлөр экендиги менен шартталган.
Ошол эле учурда айыл жеринде жашаган альтернативдик кызматтын кызматчылары негизинен өздөрүнүн жакын туугандарынын пенсиясына жана жөлөкпулуна жашай тургандыгы жана альтернативдик кызмат өтөө үчүн төгүмдөрдү ушул каражаттардын эсебинен төлөшөрү жашыруун эмес. Ошондой эле акча каражаттарын өздөрү иштеп тапкан альтернативдик кызматтын кызматчылары да бар жана алар тапкан каражаттары ата-энесин, бир туугандарын ж.б. камсыздоо үчүн каражат болуп саналат.
Мындан тышкары мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылуучу жарандар, альтернативдик кызмат өтөгөн жана диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумушту аткарууга каалоосун билдирген жарандар үчүн акчалай төгүмдөрдү жогорулатууну караган мыйзам долбоорунун ченемдерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мыйзам долбоору менен сунушталган төгүмдөрдү (азайтуу тарапка) калктын көпчүлүгүнүн төлөө мүмкүндүгүн реалдуу баалоо зарылдыгын эске алуу менен толуктап чыгууну сунуштайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир эле убакта мыйзам долбоору менен "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 5-бөлүгү менен каралган акчалай төгүмдүн өлчөмүн жогорулатуу маселеси жөнгө салынбагандыгын белгилейт, ага ылайык жыйырма беш жашка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга же андан бошотууга ээ болбогон жарандар алгачкы тергөө органдары, тергөөчү, прокурор же сот тарабынан аскердик кызматка чакыруу иш-чараларынан качкандыгы жана мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүнү каалабагандыгы үчүн жорук жөнүндө иши боюнча чечим кабыл алынган учурда республикалык бюджеттин кирешесине 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү сумманы төлөгөндөн кийин экинчи категориядагы запаска киргизилет.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул корутундуда чагылдырылган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгууну зарыл деп эсептейт.