Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2023-жылдын 23-майы № 271-т
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинде жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын жана автотранспорт каражаттарынын менчик ээлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинде жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын жана автотранспорт каражаттарынын менчик ээлерине келтирилген зыянды компенсациялоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |