Загрузка документа…
| ||
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 271-т тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинде жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын жана автотранспорт каражаттарынын менчик ээлерине келтирилген зыянды компенсациялоонун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип 2022-жылдын 14-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинде жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын, автотранспорт каражаттарынын менчик ээлерине келтирилген зыянды компенсациялоонун механизмин аныктайт.
2. Айыл чарба жаныбарларынын, автотранспорт каражаттарынын жабыр тарткан менчик ээлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында компенсациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 Жарлыгы менен түзүлгөн Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын (мындан ары - Мамлекеттик комиссия) чечимине ылайык жүргүзүлөт.
2. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр
3. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
айыл чарба жаныбарлары - продукцияны жана чийки затты же башка материалдык байлыктарды алуу үчүн багылган, ошондой эле транспорттук жана жумушчу (тартуу, жүк артуу) функцияларын аткаруучу жаныбарлар;
автомобилдик транспорт каражаты (мындан ары - автотранспорт каражаты) - автомобилдик транспорттун кыймылдуу курамынын бирдиги, анын ичинде автобустар, жеңил жана жүк ташуучу автомобилдер, автомобилдик чиркегичтер, сүйрөгүчтөрдүн жарым чиркегичтери ошондой эле адистештирилген автомобилдер (жүктөрдүн белгилүү бир түрлөрүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган) жана атайын автомобилдер (ар кандай, көбүнчө транспорттук эмес жумуштарды аткаруу үчүн арналган);
жабыр тарткан менчик ээлеринин тизмеси - Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы № 54 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамына ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан түзүлгөн туруктуу иштеген Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын (мындан ары - Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар) чечими менен ырасталган жана Мамлекеттик комиссиянын чечими менен жактырылган 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун кесепетинде материалдык зыян тарткан, Баткен облусунда жашаган жарандардын тизмеси.
3. Зыяндын өлчөмүн баалоо
4. Жабыр тарткан менчик ээлерине келтирилген зыян Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар тарабынан аныкталат.
5. Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштөөчү комиссиялардын курамына мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын (КРП Баткен облусундагы ЫУӨ), жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчилери, Жарандык коргонуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустук, райондук кызматтарынын начальниктери, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын жетекчилери кирет.
6. Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын ишин - КРП Баткен облусундагы ЫУӨ, райондук деңгээлде - жергиликтүү мамлекеттик администрация, шаардын аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы координациялайт.
7. Жарандык коргонуу боюнча туруктуу иштөөчү комиссиялар тарабынан зыянды баалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 597 токтому менен бекитилген Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибине ылайык жүргүзүлөт.
4. Жабыр тарткан менчик ээлеринин тизмесин аныктоо
8. Айыл чарба жаныбарларынын, автотранспорт каражаттарынын жабыр тарткан менчик ээлерине келтирилген зыяндын тизмесин аныктоо жана өлчөмүн ырастоо Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар тарабынан камсыз кылынат.
9. Жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын, автотранспорт каражаттарынын зыян тарткан менчик ээлеринин тизмеси жабыр тарткан жарандын (же компенсация алуу укугуна нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катта көрсөтүлгөн анын өкүлүнүн) фамилиясын, атын жана атасынын атын, паспортунун номерин же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын көчүрмөсүндөгү маалыматтарды (жашаган жерин көрсөтүү менен), Кыргыз Республикасынын акча бирдигинде көрсөтүлгөн зыяндын өлчөмүн камтыйт.
10. Компенсация алууга айыл чарба жаныбарларынын жабыр тарткан менчик ээлеринин тизмесине ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде айыл чарба жаныбарларынын ээлери киргизилет.
11. Айыл чарба жаныбарларына менчик укугу жөнүндө маалыматтар ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү болгон Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын мүчөлөрү тарабынан ырасталат:
- Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын негизинде (бар болгондо);
- эгерде айыл чарба жаныбары Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталбаса -жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагындагы айыл чарба жаныбарларынын менчик ээлерин тейлеген ветеринардык врачтын маалыматтарынын негизинде.
12. Компенсация алууга автотранспорт каражаттарынын жабыр тарткан менчик ээлеринин тизмесине Жарандык коргонуу боюнча комиссия аныктаган автотранспорт каражаттарынын жабыр тарткан ээлери киргизилет.
13. Автотранспорт каражатына менчик укугу жабыр тарткан менчик ээси тарабынан Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын кароосуна берген, автотранспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документтери менен ырасталат.
14. Бул Тартиптин 13-пунктунда каралган каттоо документтерине төмөнкүлөр кирет:
- автотранспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк;
- техникалык паспорт;
- транспорт каражатынын паспорту.
15. Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын курамына кирген автотранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү Жарандык коргонуу боюнча комиссияга жабыр тарткан менчик ээсинин автотранспорт каражаттары каттоодон өткөндүгүн ырастоочу маалыматтарды берет.
16. Менчик ээси жарандын инсандыгын ырастоочу документти (паспортту) жоготкон учурда компенсация төлөө жөнүндө арыз жоголгон документ калыбына келтирилгенден кийин кабыл алынат.
17. Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар зыянды баалоо актыларынын негизинде жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын, автотранспорт каражаттарынын зыян тарткан менчик ээлеринин тизмесин аныктайт жана КРП Баткен облусундагы ЫУӨгө берет.
18. КРП Баткен облусундагы ЫУӨ жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын, автотранспорт каражаттарынын зыян тарткан менчик ээлеринин жалпы тизмесин Мамлекеттик комиссиянын кароосуна киргизет.
19. Компенсация төлөө каралган жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын, автотранспорт каражаттарынын зыян тарткан менчик ээлеринин тизмеси болуп Мамлекеттик комиссиянын чечими менен жактырылган 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун кесепетинде материалдык зыян тарткан менчик ээлеринин тизмеси саналат.
5. Компенсацияны төлөө булактары жана тартиби
20. Жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын, автотранспорт каражаттарынын менчик ээлерине зыяндын ордун толтуруу боюнча компенсация төлөөнүн булактары болуп республикалык бюджеттин жана атайын эсептин каражаттары саналат.
21. Жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын, автотранспорт каражаттарынын менчик ээлерине зыяндын ордун толтуруу боюнча компенсация төлөө республикалык, жергиликтүү бюджеттен бюджеттен жана атайын эсептин каражаттарынан улуттук валютада жүзөгө ашырылат.
22. Жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын, автотранспорт каражаттарынын менчик ээлерине зыяндын ордун толтуруу боюнча компенсация төлөө Мамлекеттик комиссиянын чечими менен бекитилген жабыр тарткан менчик ээлеринин тизмесине ылайык Мамлекеттик комиссиянын чечими менен жактырылган өлчөмдө жүргүзүлөт.
23. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын жана автотранспорт каражаттарынын ээлерине зыяндын ордун толтуруу үчүн КРП Баткен облусундагы ЫУӨ каражаттарды берет.
24. Жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын, автотранспорт каражаттарынын менчик ээлеринин ар бирине компенсация төлөө КРП Баткен облусундагы ЫУӨнүн чечимдерине ылайык Баткен облусунун казыналыгынын региондук бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.
25. Зыянды компенсациялоону алуу үчүн жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын, автотранспорт каражаттарынын менчик ээлери КРП Баткен облусундагы ЫУӨнүн аппаратына төмөнкү документтерди берет:
1) компенсация төлөө жөнүндө арыз;
2) жарандын инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорт) же жабыр тарткан менчик ээсинин кызыкчылыктарын коргоо укугун ырастаган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн документ (ишеним кат);
3) банктык эсептин реквизиттери.
26. Менчик ээсине зыяндын ордун толтуруу КРП Баткен облусундагы ЫУӨгө менчик ээсинин арызында көрсөтүлгөн банктык эсептин номерине которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
27. Зыяндын орду толтурулгандан кийин КРП Баткен облусундагы ЫУӨнүн аппараты Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнө жабырлануучунун фамилиясын, атын, атасынын атын, орду толтурулган зыяндын өлчөмүн жана датасын, төлөм документинин номерин көрсөтүү менен келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маалымат берет.
6. Каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик
28. КРП Баткен облусундагы ЫУӨ:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат;
2) төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- Жарандык коргонуу боюнча комиссия тарабынан аныкталган мүлктүн (айыл чарба жаныбарларынын жана автотранспорт каражаттарынын) жабыр тарткан менчик ээлеринин тизмесин жана келтирилген зыяндын өлчөмүн Мамлекеттик комиссиянын кароосуна киргизүүнү;
- ушул Тартипке ылайык Мамлекеттик комиссиянын чечими менен бекитилген мүлктүн (айыл чарба жаныбарларынын жана автотранспорт каражаттарынын) жабыр тарткан менчик ээлерине келтирилген зыяндын ордун толтурууну (компенсациялоону) жүзөгө ашырууну;
- зыяндын ордун толтуруу жана жабыр тарткан менчик ээлерине жардам көрсөтүү үчүн каралган каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө Мамлекеттик комиссияга отчёт берүүнү;
- айыл чарба жаныбарларынын, автотранспорт каражаттарынын жабыр тарткан менчик ээлерине зыяндын ордун толтурууну Баткен облусунун казыналыгынын региондук бөлүмдөрү аркылуу жүзөгө ашырылышын контролдоону.